Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

Иманкулов: Операцияга чейин тургундарды чыгаруу керек эле


Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын антитеррористтик борборунун экс-директору Марат Иманкулов абактан качкан Алтынбек Итибаевди кармоо операциясы жана андагы мүчүлүштүктөр тууралуу "Азаттыкка" маек берди.

“Азаттык”: 23-октябрга караган түнү Бишкекте өткөн атайын операция учурунда түрмөдөн качкан Итибаев менен кошо бир милиция кызматкеринин жана эки жай тургундун өмүрү кыйылды. Социалдык тармактарда бейкүнөө адамдардын өлүмүнө жол бербей коюу мүмкүн беле деген суроо коюлууда. Мүмкүн беле?

Иманкулов: Операцияны баштардан мурда кызматкерлер ошол үйдүн тегерегинин баарын тазалашы керек болчу. Кошуналарды, биринчи кезекте балдарды чыгарып кетүү керек эле. Ошол жерде жай тургундардын каза болуп калышы мага да таңкалычтуу болуп жатат. Бул операция кандайча уюштурулган? Муну атайын адис эмес, жөнөкөй адамдарга деле түшүндүрүүнүн кереги жок.

Террорчулар тууралуу мурдатан бери эле айтып келатабыз. Итибаев автомат менен атышты деп жатышат. Булар жанкечтилер да. Башка кылмышкерлерден айырмаланып, булар менен иш алып баруу өтө кооптуу. Алар менен атайын машыккан адамдар иштеши керек.

“Азаттык”: 12-октябрда окуя болор замат айрымдар мунун атайын уюшулган акция экенин, түрмөдөн качкандар өлкөдөн чыгып кеткенин, аларды колдогон уюмдар активдүү иштеп жатат деген кооптонуу айтты эле. Бирок буга чейин качып жүргөн жеринен өлтүрүлгөндөрдү карасак, биринен бычак, экинчисинен оюнчук тапанча чыгып, өздөрү талаада жашынып жүргөнүн көрдүк. Бул эмнедеден кабар берет? Алардын артында коомчулукту кооптондуруучу күчтөр жок дегендикпи?

Иманкулов: Акыркы жок кылынган Итибаев автомат менен каршылык көрсөткөнү эмнени билдирет? Демек, ошол курал мурда эле бар болчу, аны катып жүрүшкөн. Балким, аны атайын камдап коюшкан. Булардын түрмөдөн качышы да бекеринен эмес. Менимче, Сириядагы согуш, ал жакка 400дөй жараныбыз кеткени, окуялар дагы эле өнүгүп жатканы да түрткү болду.

“Азаттык”: “Жайшүл Махди” уюму Кыргызстан үчүн канчалык кооптуу?

Иманкулов: Бул уюм тууралуу көбүртүп-жабыртып айтуунун кереги жок. Бир кезде алар өзүнчө топ болуп уюшулган. Бирок кийин лидерлеринин баары сот аркылуу жоопко тартылып, айрымдары чет жакка качып кеткен. Аталган уюм азыр ишмердүүлүгүн жүргүзбөйт.

Итибаев жашынган үй. 23-октябрь

XS
SM
MD
LG