Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:12

Абактан качкан Эдил Абдырахманов кармалды


Чүйдөгү №50 абактын кызматкерлерин өлтүрүп, качып кеткендердин бири Эдил Абдырахманов Бишкектин четиндеги Ала-Тоо айылындагы коктуда колго түштү.

Күч кызматкерлери анын бутка атып, жарадар кылган соң кармалган. Абдырахманов кармалган учурда анын жанынан “Ислам мамлекети” террордук тобунукуна окшош кара байрак табылды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов “Азаттыкка” билдиргендей, анын колунда тапанча болгон.

29 жаштагы Эдил Абдырахманов Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылынын тургуну. Кылмыш-жаза кодексинин Адам өлтүрүү, уюшкан кылмыштуулук, террорчулук беренелери менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Кыргызстанда тыюу салынган “Жайшүл Махди” экстремисттик уюмунун мүчөсү.

12-октябрда Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 жаза өтөө мекемесинен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жети жана тергөөдөгү эки адам качып чыккан. Алар үч түрмө кызматкерин - ички кызматтын майору Таалайбек Өмүрзаковду, Туратбек Садыбакасовду жана Фархад Орозбек уулун мыкаачылык менен өлтүрүп, дагы бир кызматкерди чалажан кылып сабап качып кетишкен. Жарадар болгон абактын кызматкери, подполковник Тилек Абылгазиев төрт күндөн кийин эсине келбей жатып көз жумган. Төртөөнүн артында он бала жетим калды.

Абактан качкан тогуз кишинин бешөө бир сааттан кийин кармалган. Колго түшкөн беш кишинин арасынан үчөө абакта каза болду. Алардын өлүмүнө жүрөк оору менен мээге кан уюганы себеп болгону айтылган. Качып кетүүгө үлгүргөн 39 жаштагы Данияр Кадыралиев Дордой-1 конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мүсүралиев 20-октябрда Сокулуктагы ээн сарайда өлтүрүлгөн. Алтынбек Итибаев менен Эдил Абдрахманов издөөдө жүргөн.

Эдил Абдрахманов кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:34 0:00

XS
SM
MD
LG