Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Акун: Кыздарды балдар бузуп жатпайбы


Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган видеолор тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Соңку кезде Орусияда айрым кыргыз кыз-келиндерди жүрүм-туруму үчүн кордоп-кодулаган видеолор интернетке жарыяланып атат. Муну айрымдар укук бузуу, кылмыш деп аташууда. Ошол кыз-келиндердин укугун коргоо үчүн Акыйкатчы институту кандайдыр бир аракеттерди көрүп жатабы?

Турсунбек Акун: Буга биздин колубуз жетпей жатат, муну мойнубузга алышыбыз керек. Москва алыс, ал жакта атайын кызматкерлерибиз жок. Ошого карабай Кыргызстандын ал жактагы элчилиги, консулдуктар менен бирге бир топ аракеттерди көрүп жатабыз.

Учурда Орусияда коомдук башталышта иш алып барган адамдар бар, аларга табыштадык. Алар да окуя каякта болгонун иликтей башташты. Жакынкы аралыкта бул жактан да кызматкерлерди жиберип, жеринде иликтейли деген үмүтүбүз бар. Бул боюнча биз сөзсүз түрдө өз пикирибизди билдирип, аягына чыгарабыз.

“Азаттык”: Кыздар туура эмес жолдо жүрсө да уруп-согуп эмес, башка жолдо түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө болмок деген пикирлер да айтылып атат.

Турсунбек Акун: Бул жерде үч нерсе бар: биринчиден, бийлик биздин жарандарга, айрыкча кыздарга, жаштарга Кыргызстандын өзүндө шарт түзүп, жумуш орундарын түзүш керек. Жумуш жок болгондон улам чет жакка чыгып жатышат.

Экинчиден, ата-энелер да 20га чыга элек, эч нерсени көрбөгөн, тажрыйбасы жок кыздарын чоң шаарларга, ошол эле Москвага жөнөтөрдөн мурда ойлонуш керек. “Кыздарым жаман ишке барбайбы, бузулуп кетпейби, эмне иш кылат деп” ата-энелер да ойлонуш керек.

Үчүнчүдөн, кыз ал жакка эмнеге барды? Ал кыз оңду-солду иштерди жасаш үчүн эмес, иштеш үчүн барган да. Бул жерде кыздын өзүндө да болуп жатпайбы.

“Азаттык”: Кыздардын жүргөн-турганын оңдоо жигиттердин уруп-сабоосу менен гана чектелеби? Сөзсүз эле коркутуп-кодулап табиялаш керекпи?

Турсунбек Акун: Албетте балдардын уруп-соккону чоң кылмыш деп эсептейм. Бул маселе ушундай жол менен токтобойт, тескерисинче күчөтөт. Түшүндүрүү жолу менен айтыш керек болчу. Ал кыз эмнеге ошондой жолго барды, себебин изилдеш керек. Балким ал деле жыргаганынан барган эместир. Ошол абалга барганга себеп болуп бузган деле кыргыз балдар. Башка улут деген менен ошондой жолго түрткөндөр деле кыргыздардан болуп атат.

“Азаттык”: Ушундай абалга кабылгандардын көбү тартип коргоо органдарына кайрылбайт экен. Акыйкатчы институтуна кайрылгандар барбы?

Турсунбек Акун: Тилекке каршы "жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын, жамантты болбоюн, абийирим ачылбасын" деп эле калып жатат. Ушундай маселелерди ачыкка чыгарыш керек. Кыргызстанда деле кыргыздын кыздары башка улуттун өкүлдөрү менен жүрүп атат. Ата-энеси "кызым иштеп жүрөт" деп ойлошот. Бирок уруп-согуу менен эмес, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, колго алабыз.

XS
SM
MD
LG