Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Кызга депутаттардан тыюу


Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева 22 жашка чейинки кыздарды чет өлкөгө чыгарбоону сунуштап жатат.

“Азаттык”: 22 жашка чейинки кыздардын өлкө аймагынан сырткары чыгышына жол бербөө сунушун айтып атасыз. Негизги себептерин түшүндүрүп берсеңиз.

Ыргал Кадыралиева: Бул сунуш жалпы кыргыз элинин, Кыргызстандын келечегине, миграция маселесине байланыштуу айтылды. Азыр мектепти жаңы бүткөн, ал тургай мектеп жашындагы кыздар ата-энелеринин уруксаты менен да, уруксаты жок да жакшы жашоо үмүтү менен чет жакка барып, ар кандай окуяларга туш болууда.

Менин максатым – кыргыз кыздарына чек коюп, алардын укугун басмырлоо эмес. Тескерисинче, алардын келечегине, психикалык, физикалык абалына кам көрүү болуп эсептелет.

Кыргыздардын менталитетинде, каада-салтында кыздарды аздектеп багып, аларды үй-бүлөнү багыш же кара жумушка салыш үчүн эмес, көлөкөдө багуу деген салт бар. Ошондуктан азыр кыздардын укугун, моралдык жактан да коргоо максатында ушул сунушту бердик.

“Азаттык”: Мурда чет өлкөгө кыздарды турмушка бербеш керек деген маселе чыкты эле. Ааламдашуу маалында азыр көз караштар өзгөрүүдө. Адам укугу деген маселе бар да?

Ыргал Кадыралиева: Биздеги мыйзамдын бардыгы жашообуздан, күнүмдүк турмушубуздан көз каранды болуш керек. Биз чек коюп, жамандык каалап жаткан жокпуз. Биз кыргызстандык кыздардын чет жактарда кор болуп жатканын көрүп атабыз.

Жакында маалымат каражаттары кыргыз кызынын кыргыз балдардын колунан кордук көрүп жатканын көрсөттү. Ата-энелер да бул маселеге кайдыгерлик менен эмес, жоопкерчиликтүү кадам жасаш керек. Албетте бардык ата-эне балдарынын жетишкен жашоодо жашашын каалайт. Ата-энелер кыздарын "барып эле иштейт, жакшы акча табат" деп ойлосо керек.

Казакстан, Орусия же дагы башка жакта болобу, кыргыз кыздары көп кыйынчылыкка учурап, кээ биринин билими жок, кара жумуштарда иштеп, укугу бузулуп жүргөнүн көрүп, андан көрө Кыргызстанда ушул нерсеге чек коюп, бир аз жардам берүү маселесин карасак. Ал эми бир топ жаштар билим алып жүрүшөт. Андай шартта аларга чакыруу кагаздары келет.

“Азаттык”: Айрым үй-бүлөлөрдө кыздар мектепти бүтөрү менен эле Казакстан, Орусияга иштеп кеткенге мажбур болушат, башка айласы жок. Макул, мамлекет алардын чет өлкөгө чыгуусуна тыюу салсын. Бирок өзүнүн өлкөсүндө иштеши үчүн жумуш орундарын сунуштайсыздарбы?

Ыргал Кадыралиева: Мен иш орундарын таап берем деп убада бере албайм. Себеби мен да кечээ эле алардын катарында жумушсуз жүргөм, жумуш издеген жаштардын бири болчум. Бирок Кыргызстандын өзүндө туруп эмгек кылып, иштесе болот. Сыртка чыгып кул болуп, кара жумуштарда иштеп жатат. Ата-энебиздин, урук-тууганыбыздын жанында, өз мекенибизде иштегенге болбосун. Мен оюман токуп чыккан маселе эмес.

“Азаттык”: Кыргызстанда иш жок болуп жатпайбы?

Ыргал Кадыралиева: Биз шайлоочулар менен жолугуп келдик. Бул сунуш да көптөгөн ата-энелердин өтүнүчүнөн кийин чыкты.

XS
SM
MD
LG