Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:36

Кыштын камын "Газпром" көрөбү?


Өкмөт Орусияга ишеним артып, кышка кам көрө элек.
Өкмөт Орусияга ишеним артып, кышка кам көрө элек.

Кыргызстан "январдан тарта газды Орусия алып келет" деп, кышка кам көрүүгө ашыккан жок. Бирок “Кыргызгазды” Орусияга сатуу тууралуу келишим Жогорку Кеңеш менен Думада карала элек.

“Кыргызгаз” ишканасы ал арада ушул жылдын аягына чейин газ менен камсыз кылуу маселесин толук чече элек. Мамлекеттик ишкана Казакстандын “КазТрансгаз” компаниясына 12 миллион доллардан ашуун карызы бар.

Ушул жылы Кыргызстан жана Орусия өкмөтү Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасын толугу менен Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу боюнча келишимге кол коюшкан. Ал парламент колдоосунан өтсө күчүнө кирет. Өкмөт келишимди Жогорку Кеңешке жибергенин өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов билдирди.

- Өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр, талкуулар кызуу жүрдү. 24-сентябрда келишим документтерин Жогорку Кеңешке жибергенбиз. Жакынкы күндөрү каралат деген маалымат бар.

Келишим эки мамлекеттин парламентинде каралбай жатып, “Кыргызгаз” ишканасы жыл башынан бери бул кышка газды “Газпром” алып келет деп билдирип келет. Мындан улам Кыргызстан жаратылыш газын импорттогон Казакстан жана Өзбекстан менен келерки жылга сүйлөшүү жүргүзгөн жок.

Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев маалымат жыйын өткөрүп, бул сезонго газды “Газпром” алып келет деген ишеничин дагы бир жолу тастыктады.

- Ноябрь ичи Жогорку Кеңеш жана Дума келишимди карап чыгып, ратификацияласа, ай соңунда сатуу жана сатып алуу документине кол коюлуп калат деп жатабыз. Анан “Газпром” баарын өткөрүп алып, газды алып келүү милдетин да алат. Ушул маалымат жыйынын берүүгө журналисттер себеп болдуңар. Интернет сайттардын баарында “болбой калышы мүмкүн, келишим ратификацияланбай калса эмне болот?” деген маалыматтар тарады. Баары болот, жакшы болот.

Бирок бир жагынан Кыргызстан газды коңшу мамлекеттерден өзү алып жүргөндө деле жыл сайын акыркы айдын акыркы күндөрү макулдашууга жетишчү.
2012-жылы 2013-жыл үчүн түзүлгөн келишим боюнча Өзбекстандан ушул жылдын аягына чейин газ келет. Ал эми Казакстан менен былтыр түзүлгөн келишимдин мөөнөтү 1-октябрда бүттү. Азыр аны узартуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Кыргызстандын Казакстанга болгон 12 миллион доллар карызын жылдын аягына чейин бөлүп төлөө боюнча график жаңы эле Казакстанга жиберилиптир. Ал төлөнсө, калган эки жарым айга газ алуу мүмкүнчүлүгү күтүлүүдө.

Жогорку Кеңеш баш ийкейт, Думачы?

Орусия менен келишимге кайтып келсек, Дума өлкөсү үчүн экономикалык пайдасы жок деп айтылып жаткан “Кыргызгазды” сатып алууга макул болобу деген маселе да бар. “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Кулмурзаев эки өлкөнүн депутаттары тең колдойт деген ишенимде.

Кулмурзаев: быйыл газ менен “Газпром” камсыздайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:32 0:00

- Эки жылдан бери ушунун үстүндө иштеп жатабыз. Жашырганда эмне, Думада мурдатан тааныштар да бар, алар деле колдоору билинип жатат. Мамлекеттик Думанын төрагасы Сергей Нарышкин келгенде парламенттеги эл аралык мамилелер боюнча комитеттин төрага орун басарын ала келген. Ал дагы комитет ушул газ боюнча келишимди жакында аларын, тез карап бергенге депутаттар даяр экенин айтты. Биздин депутаттар деле бат чечип бергенге кызыкдар.

Өкмөттөр арасындагы келишим алгач Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу сыяктуу тиешелүү комитеттеринде каралып, анан жалпы добушка коюлат. Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев комитетке келишим документтери келип түшө электигин билдирди. Ал келишимдин талкуулоочу тараптары бар дейт.

- Эки тараптуу документте мен түшүнбөгөн бир гана жери бар. Орусия газды кайсы жактан, кайсы куурлар аркылуу тартып келерин так көрсөткөн эмес жана ким тартып келет? Мен Жогорку Кеңеште ушуну талкууга койом. Алар бизге азыр Өзбекстан жана Казакстандан алып жатканга караганда арзаныраак берерин айтып жатат. Кыргызстандагы мунайдын дээрлик баарын “Газпром” берип жатат. Кыргызстан күйүүчү майды Орусиянын өзүнөн да арзан баа менен алат. Ошондуктан бул маселеде корко турган эч нерсе жок, аны саясатка айландыруунун да кажети жок.

Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрага орун басары Замир Бекбоев да газ тармагынын толук сатылуусу Кыргызстанга пайда гана алып келет деген ойдо.

- Ачык айтканда, биздин “Кыргызгаздан” проблемадан башка пайда деле жок. Ал эми Орусия эмнеге кызыгып жатат? Бул жерде маселе саясатта. Алар бул аркылуу Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүнү максат кылат. Кыргызстандын өзүндө эч нерсе жок болсо, сатуу туура чечим. Аны депутаттар деле жакшы түшүнөт. Андыктан колдойбуз. Бул Кумтөргө салыштырмалуу такыр башка маселе.

“Кыргызгазды” сатып алуу Орусия үчүн геополитикалык максат болсо, Кыргызстан көгүлтүр отту үзгүлтүксүз жана арзаныраак алууну күтүп жатат. Өзбекстан миң метр куб газды 290 доллардан, Казакстан 224 доллардан берет. “Кыргызгаз” ишканасы муну дүйнө баасына салыштырганда кыйла кымбат дейт.

Ратификацияланары күтүлүп жаткан келишим боюнча Орусия Кыргызстандын газ тармагына 5 жыл ичинде 20 миллиард рублдай инвестиция салат. “Кыргызгаздын” мурдагы жана документ күчүнө киргенге чейинки, башкача айтканда бардык карыздарын кошо алат. Ишкана “Газпромго” 1 АКШ долларына берилген.

XS
SM
MD
LG