Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:53

Орусия: "Батукаевден салам”


Кайсы бир топтор кыргыз ишкерлерине “Азизден салам” деген сөз менен айына 300 миң рубль салык төлөшүн талап кыла баштаганы тууралуу сөздөр жүрүүдө.
Кайсы бир топтор кыргыз ишкерлерине “Азизден салам” деген сөз менен айына 300 миң рубль салык төлөшүн талап кыла баштаганы тууралуу сөздөр жүрүүдө.

Орусиядагы кыргыз ишкерлерине Азиз Батукаевдин жан-жөкөрлөрү салык сала баштаганы айтылууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги, Москвадагы элчилик мындай маалымат аларга да жеткенин, бирок расмий арыз түшө электигин айтып, эгер даттануу болсо чара көрүлөрүнө ишендирүүдө.

Арыз күткөн органдар...

Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аттыккан Азиз Батукаев апрель айында Нарындагы абактан сот чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошоп, Орусияга чыгып кеткен эле.

Атын атабоону өтүнгөн Кыргызстандын Москвадагы оперативдүү кызматкери Азиз Батукаевдин атын пайдалаган топ кыргыздарга салык салып, кол салган учурлар болуп жатканын "Азаттыкка" айтып берди:

- Азиз Батукаевдин атын сатышып, кыргыздарды алып чыгып тоноп, урган учурлар болуп жатат. Бирок кыргыздар коркуп, арыз менен кайрылбай жатат. Биз ушул көрүнүштөрдү колдон келишинче токтотуп жатабыз. Мына акыркы жолу, 30-июнда курулуш материалдардын жарманкеси болгон райондо Данияр деген баланы алып чыгышып, уруп өлтүрүп коюшкан. Булардын чоңу “карышкыр” деген каймана аттуу адам.

Буга чейин күч органдарындагы “Азаттыктын” ишенимдүү булактары Орусияда кайсы бир топтор кыргыз ишкерлерине барып, “Азизден салам” деген сөз айтуу менен айына 300 миң рубль салык төлөшүн талап кыла баштаганын маалымдаган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева эл арасында ушундай сөз жүрүп жатканын, бирок расмий түрдө эч ким датын айтып келбегенин билдирди. Анын айтымында, элчи Болот Жунусов өткөн ай этегинде Москвада мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргыз бизнесменине байланыштуу 5-июлда кыргыз диаспоралардын жетекчилери менен жолугушту:

- Элчи ошол жолугушууда ушул маселени көтөрдү. "Эгер билген маалыматыңар болсо бөлүшкүлө", - деп кайрылуу жасады. Бирок андай маалымат бар экени билинген жок. Эч кандай талкуу болгон жок. Москвада Строгино деген курулуш материалдарын саткан базарда иштеген бир кыргыз бизнесменди өлтүрүп кетишиптир. Биздеги маалымат боюнча, аны кыргыздар токойго алып барып өлтүрүшүптүр.

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов да Орусияда Азиз Батукаевдин атынан салык салып жатат деген маалымат аларга да жеткенин, бирок расмий арыз түшө электигин билдирди:

- Ошондой сөздөрдү биз дагы угуп жатабыз. Бирок бир дагы атуулубуз арыз менен кайрыла элек. Эгер арыз болсо сөзсүз түрдө чара көрөбүз. Керек болсо ал жакка атайын топ да жөнөтөбүз. Биздин тийиштүү кызматтар такай Орусияга барып иштеп келип жатат. Керектүү адамдарды, мисалы уюшма кылмыш топтун мүчөлөрүн кармап жатабыз. Эгерде ушундай фактылар боло турган болсо биздин атуулдарыбызга кысымчылык көрсөтүп, акча талап кылып жаткан болсо арыз менен кайрылса сөзсүз чара көрөбүз.

Ушактан чыккан уу-дуубу?

Анткен менен Батукаевдин жан-жөкөрлөрү салык сала баштады деген сөздөрдү ушакка чыгаргандар да бар. Алардын бири “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү, “Руспартнер” ишканасынын башчысы Руслан Эшимов:

- Бул жерде өзүбүздүн эле кыргыздардын арасында жаман, бейбаш топтор чогулуп алып бири-бирин өлтүрүп атканын, уруп атканын угуп, билип эле жатабыз. Бул жерде Азиз Батукаевдин аты деле, жыты деле жок. Кимге салык салса, ошл мага салык салды деп айтса жакшы болот эле. Анан андайы жок эле, салып атыптыр, кылып атыптыр деген ушак сөздөргө ишенгим да келбейт. Анткени салык салса мага деле, менин ишкер дос-тааныштарыма деле салат эле да. Анда угулат эле. Кимге түн ичинде жашынып барып эле салык салып жатканын билбейм.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн капыстан бошотулушу Кыргызстанда чоң саясатка таасир берген окуялардан болду. Азыркы бийликтин каршылаштары Батукаевдин атын бардык жерде колдонуу менен бийликке каршы куралга айлантышканын талдоочулар белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG