Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Батукаев маселеси “баш ооруга” айланды


Азиз Батукаев Нарын шаарындагы мына ушул абактан боштондукка чыгарылган.
Азиз Батукаев Нарын шаарындагы мына ушул абактан боштондукка чыгарылган.

Оппозиция криматалык атыккан Батукаевдин өлкөдөн чыгарылып кетишин атайын уюштурулган акция катары баалоодо.

Бул боюнча президент менен премьер-министр расмий позициясын билдирише элек. Акыйкатчы Турсунбек Акун Батукаевди тез арада боштондукка чыгарууда бийлик анын өтүнүч катын шылтоо катары пайдаланганын айтып чыкты.

Шектенген оппозиция

“Эл үнү” оппозициялык кыймылы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнүн бири Азиз Батукаевдин бошотулушун атайын уюштурулган коркутуу акциясы катары баалады. Ошондуктан бул маселе 24-апрелге белгиленген оппозициянын курултайында талкууга алына турган болду.

Аталган оппозициялык кыймылдын штаб башчысы Мамбетжунус Абылов Батукаевди мөөнөтүнөн эрте бошотуунун артында бийликтин көмүскө максаты катылган деп эсептейт.

Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурун бошотулушу өткөн аптада парламентте талкууланып, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан окуя болгон эле.

15-апрелде болсо Өзгөн шаарында "Ата Журт" партиясынын камактагы депутаттарынын тарапкерлери Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу митингге чыкты. Митингдин бир катышуучусу Аккул Айдаралиев кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышына нааразы болуп жатышканын “Азаттыкка” билдирди:

- Бийлик Азиз Батукаевди аба майданынан кымбат учакка салып, салтанат менен узатып, элдин кызыкчылыгын көздөгөн үч депутатты ак үйдүн коргонунан ашып түшкөн деген айып менен алты айдан ашуун убакыттан бери кармап отурат. Бул жерде акыйкаттык кайда калды?

Ушул эле күнү Бишкекте “Таза коом”, “Кыргыз эл жаштар кеңеши” сыяктуу бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга катышы бар жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылышты.


Президент менен премьер-министр үн катпайт

Бирок бул боюнча ушул кезге чейин президент Атамбаев менен өкмөт башчысы Сатыбалдиев расмий позицияларын ачык билдирише элек. Премьер-министрдин маалымат катчысы Мелис Эржигитов Батукаевге байланыштуу маселеге өкмөт башчысы көңүл бурбай турганын белгиледи:

- Буга көңүл буруп, ошол Батукаев боюнча комментарий бергидей бул өкмөт башчысынын деңгээлиндеги маселе эмес. Анан калса бул маселе парламентте кеңири талкууланып, ага вице-премьер-министр Шамил Атаханов, баш прокурор Аида Салянова баштаган жогорку кызмат адамдары тиешелүү жоопторун беришкен.

14-апрель күнү айрым сайттарда Батукаевди Нарындагы тергөө абагынан бошотууга барган жогорку кызмат адамдарынын автоунаалары тартылган тасма тарады. Анын арасында Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин автоунаасы абактын ичинен чыгып келе жаткан жеринен тасмага түшүп калган. Буга чейин аталган кызматтын жетекчиси Зарылбек Рысалиев анын кол алдындагылар Батукаевди коштоп жүргөн эмес деп билдирген болчу.

Акыйкатчынын актануусу

Акыйкатчы Турсунбек Акун Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурун бошотууга байланышкан бийлик органдарынын биргелешкен “операциясына” катышы жок экенин билдирди. Ал жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевдин ага карата айткан сөзүн жокко чыгарды. Акыйкатчы мындан үч жыл мурун абакта жаткан башка оорулуу адамдар менен бирге эле Батукаев дарыланууга муктаж экендигин айтып, өтүнүч келтиргенин кошумчалады.

Турсунбек Акун бийлик органдары анын өтүнүч катын өздөрүнүн аракеттерин жаап-жашырышуу үчүн колдонгонун белгиледи:

- Мен парламентте мына ошол бийликтеги адамдардын катарына ошолор менен бир иш кылгандай болуп отуруп калыпмын. Ошон үчүн тыныгуудан кийин чыгып кетип калгамын. Бул жерде Батукаевди ушунчалык тездик менен чыгарып жиберет деп ойлобопмун. Аны Бишкекке алып келип дарылашат го дегем. Бирок аны чагылгандай тездик менен бошотконго караганда бул жерде бирдиктүү иш-аракет болгон окшойт. Мен бир эле Батукаев боюнча эмес, бир топ оорулуу адамдарды абактан бошотуш керек деп өтүнүч келтиргемин. Бирок ошолордун бири да бошотулбай, жалгыз Батукаев бошоп кетип жатпайбы.

Кыргызстандагы абак жайларында ооруга чалдыккан жарандардын саны жүздөп саналат. Турсунбек Акундун айтымында, абак жайларында жалпысынан кургак учук менен жабыркаган 476 адам бар. Анын ичинен өткөн жылы 22 адам кургак учуктун айынан каза болгон. Турсунбек Акун буга чейин абак жайларындагы мына ошол адамдарды учурунда боштондукка чыгаруу боюнча кайрылуу каттарына тиешелүү бийлик органдары көңүл бурбай келгенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG