Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:27

Исмаилова: "Беляцкий азаттыкка чыксын!"


“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму Беларус элчилигинин алдында митинг өткөрдү. Уюмдун өкүлдөрү Беларустагы авторитардык кысымга каршылыгын билдирип, 4-августта камалган укук коргоочу Аляс Беляцкийдин камактан чыгарылышын талап кылышты.

Беляцкий Беларустагы тынч демонстрацияларды өкмөт кантип күч менен басып жатканын социалдык сайттар аркылуу байма-бай чагылдырып келген. "Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка" маек курду.

- Аляс Беляцкийди сиздер мыйзамсыз камалды деп чыктыңыздар. Кандай жүйөлөргө таянып айтып жатасыздар?

- Беляцкий аябай белгилүү укук коргоочу, Беларустагы “Весна” укук коргоо борборунун жетекчиси, биздин шеригибиз.

Кыргызстан аябай оор абалда турган кезде Беляцкий биздин өлкөгө эки жолу келип, конституциялык реформага салымын кошуп, июнь коогасында эл аралык инструменттер менен маселени чечкенге аракет жасаган.

Эл аралык укук коргоочуларды коргоо боюнча БУУнун, ЕККУнун жана Европа биримдигинин документтери бар. Биз Лукашенкодон диктатор катары Бакиевге окшоп, азаттыкка, эркиндикке, демократияга умтулган беларус активисттерин, укук коргоочуларын түрмөгө салбай, аларга эркиндик берүүсүн талап кылабыз. Өлкөдө тынч саясий рефрмаларга түрткү берүү керек.

- Аляс Беляцкий Кыргызстанга эки жолу келип, өлкөдө адам укуктарынын корголушуна жана демократиялык жараяндардын алдыга жылышына салым кошуп кеткенин айттыңыз. Конкреттүү кандай мисалдарды келтирет элеңиз?

- Июнь коогалаңында Ошто референдум күнү жардам берген. Бишкекте да болуп Кыргызстандын келечегине жардам берчү инструменттерди көрсөтүп, бейөкмөт уюмдарга кеп кеңешин берген.

- Силер Беларус элчилигинин алдына чыктыңыздар. Элчиликтин өкүлдөрү менен сүйлөшө алдыңыздарбы?

- Элчиликтин алдына жаштар уюмунун жетекчилери, студенттердин уюмдары, "Жарандар коррупцияга каршы" уюмунун өкүлдөрү чыктык.

Биз менен элчинин ыйгарым укуктуу өкүлү Виктор Данчук жолугушту. Биз ага Беляцкийди тез арада камактан чыгаруу керектигин, ага коюлуп жаткан кинелердин бардыгы жалган экенин айттык. Беларус бийлиги укук коргоочуларга жана активисттерге бут тоспош керек.

- Негизи ушундай акциялар, митингдер абалга таасир эте алабы? Мисалы, мындай акциялардын жыйынтыгы кандай болушу мүмкүн?

- Укук коргоочуларга ушундай тоскоолдуктарды жараткан Акаев, Бакиев тарыхта авторитардык лидер катары калышты. Постсоветтик өлкөлөрдө ЕККУнун, БУУнун алкагында келишимдер иштейт. Укук коргоочулардын макамын тепселебей, мыйзамсыз түрмөдө отурган адамдарды боштондукка чыгаруу керек.

- Анда сиздер Беляцкий бошотулмайынча ушундай акцияларды уланта бересиздерби?

- Сөзсүз түрдө көзөмөлдөйбүз. Биз жаш активисттердин шериктештик үнүн дүйнөгө чыгарып, дүйнөдөгү авторитардык режимдердин демократиялык, адам укуктары сакталган нукка бурулушуна аракет кылабыз. Биз буга көзөмөл кылып, дагы чыга беребиз.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG