Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Сирияга азгырган туруктуу каналдын бети ачылды


Сириядагы борборазиялык жихадчылар
Сириядагы борборазиялык жихадчылар

21 жаштагы Оштун тургуну Стамбул аркылуу Сириядагы согушка 60 кыргыз жаранын өткөргөн деген шек менен сурак берип жатат.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Түркиянын Стамбул шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандан барган жарандарды Сирияга даярдап жөнөткөн атайын топтун курамында иштеген Ош шаарынын тургуну кармалды. Кыргызстандын атайын кызматы бул топтун жарандарды азгыруу усулдары жана Сирияга жөнөтүү схемалары тууралуу сырды ачык жарыялоону туура көргөн жок.

“Жихад борборунун” бир сыры

Өзүнүн чөйрөсүндө “Хамза” деген каймана ат менен белгилүү Мухамедсадыр аттуу 21 жаштагы Кыргызстандын жараны Түркиянын Стамбул шаарынан алынып келинди. Ал башында бир тууган агасынын чакыруусу менен Оштон Cтамбулга соода кылганы барып, ал жакта радикалдык топтун торуна илинген. Мухамедсадырдын Cтамбулда өткөрмө жайда иштегени тууралуу маалымат атайын кызматтарга белгилүү болуп калган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Бул адам Кыргызстандан келгендерди өзүнүн батиринде тосуп алып, андан ары аларды белгиленген аймактарга жеткирип турган экен. Кармалган адамдын айтуусу боюнча ал өзүн тааныган 40 адамды жана тааныбаган 20 адамды Сирияга өткөрүүгө катышкан. Анын бул иши бизге билинип калган соң атасы барып, аны бул жакка алып келди. Ал учурда атайын кызматтын тергөө абагында сурак берүүдө.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Мухамедсадыр Кыргызстандан баргандарды тосуп алып, алардын курсагын тойгузуп, белгилүү бир мөөнөттө Сирияга жакын чектеги Кайнаржы деген аймакка чейин коштоп барып турган. Учурда тергөөгө көрсөтмө берип жаткан Мухамедсадыр өзбекстандык жарандардан турган топтун курамында иш алып барганын айтып берген:

- Мен мына ошол жерге чейин гана алып барып койчумун. Аларды андан ары автобус менен өткөрүп кете турган балдар бар болчу. Алар мына ошол Кайнаржыда күтүп турушчу. Алардын башында өзбекстандык Мухаммад деген киши турат. Мына ошонун балдары адамдарды автобуска салып, андан ары алып кирип кетишчү.

Sputnik.kg маалымат агенттигинин тасмасы
60 адамды Сирияга жөнөткөн жаран сурак берүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:24 0:00

Азгырма жолдун айырмачылыгы

Бул окуя кыргызстандык жарандарды Сирияга азгырган туруктуу каналдын бирөөнө гана байланыштуу. Кыргызстандын атайын кызматы өлкөдө мына ушундай төрт канал бар деп божомолдойт.

Коопсуздук органдарынын ардагери Талантбек Раззаков экстремисттик уюмдардын азгыруу усулдары жана аны менен алектенген атайын топтору тууралуу маалыматтар токсонунчу жылдардын башында эле пайда болгон дейт:

- Буга окшогон туруктуу каналдар мурда деле бар болчу. Алар адамдарды азгырып, өз катарын калыңдатуу үчүн динге болгон кызыгууну пайдаланышкан. Анан алардын башын айлантып, аң-сезимин толук бургандан кийин гана аларга тиешелүү тапшырмаларды берип, ар кандай жалданма иштерге колдоно башташат. Анан эми азыркы мезгилде жаңы маалымат технологиясын колдонуу менен адамдарды радикалдык жолго азгыруу аракети күчөп отурат. Интернет аркылуу жалган насаат айтып, ынандырып отуруп, өздөрүнүн катарына кошуп алууга чейин жетишкен учурлары бар. Мунун алдын албаса арты оор болуп калышы ыктымал.

Диний сабатсыздыктын залакасы

Мухамедсадыр отставкадагы полковниктин уулу. Атасы аны, атайын кызматтан алган маалымат боюнча, Стамбулга барып алып келген. Мухамедсадыр жихад түшүнүгүн мээсине сиңиргени менен буга чейин атайын диний билим алган эмес.

Теолог Самаган Мурзубраимов көйгөйдү жаштар арасында туура багыттагы диний билимдин жетишсиздигинен көрөт:

- Мунун бардыгы диний билимдин тайкылыгынан келип чыгууда. Анан ошондон пайдаланган күчтөрдүн идеологиялык катуу күрөшү жүрүүдө. Эгерде туура диний билим берүү колго алынса, анда жаштары исламдын чыныгы баалуулуктарын түшүнмөк. Ошондо биздин динибиздин мындай радикалдык аракеттерге каршы экени түшүнүктүү болгондо мындай көйгөйлөр чыкпайт эле.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Мухамедсадырды “Халид” деген каймана аты бар башка бир кыргызстандык жаран радикалдык топко кирүү үчүн азгырганы белгилүү болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Мухамедсадыр учурда тергөө менен кызматташып жаткандыктан, анын жаза чарасы жеңилдей турганын убада кылууда.

XS
SM
MD
LG