Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:11

Ынтымактуу Кеңешке айттап барып...


“Азаттыктын” кабарчысы түрктөр жыш отурукташкан айылдардын бирине айттап келди.

Ясынбек Буранов - Кеңеш айылында мартабалуу инсандардын бири. Чүй облусунун Кант шаарына ирегелеш бул жана коңшулаш айылдарда кыргыздар жана дунгандар менен кошо түрк эли жыш отурукташкан. Бул жерди байырдаганына 70 жылга аяк баскан түрктөр таң эрте мечитте чогулуп, намазга жыгылып, азыр баары ынтымакташып, айттап жүрүшүптүр.

Түрктөрдүн басымдуу бөлүгү бул жерде ислам динин тутуп, орозо кармап, намазга жыгылып, айтор тиешелүү салттын баарын карманышат. Айылда майрамдык маанай дароо эле көзгө урунат – тургундар бири-бирин коноктоп, айттап, бардык үйдөн даамдуу тамак-аштын жыты уруп турат.

Ясынбек ата менен жубайы Насия Буранованын төрт баласы, жети небереси бар. Насия апа менен келини жасап койгон бай тасмалды тегеректей чай ичип, кобурашып отурдук.

Репортажды толугу менен бул жерден угуңуз:



- Айылда эки миңден ашык түрк бар. Айыл өзү жакшы, чоң, тынч. Эл бири-бирин түшүнөт, сыйлайт, ынтымакта жашайт. Бул жерде төрөлүп, окуп, жумуш кылдык. Балалуу-чакалуу, неберелүү болдук. Жети неберем, төрт балам бар: эки кыз, эки эркек. Биз бул жерде өсүп, бир туугандай болуп жашап жатабыз.

Чай үстүндө баарлашып жатканда үйгө айылдын молдосу келип калды. Аны ар бир түтүн чыдамсыздык менен күтүп жатат, анткени молдо келип, батасын бергенден кийин гана кой союлат.

Союлган кой жиликтелип болгон соң салтка ылайык кошуналарга, туугандарга жана колунда жокторго таратылат, ал эми териси молдого берилет. Этти кошуналарына атасынын атынан кенже баласы таратат экен.

Мартабалуу Ясынбек ата жана анын үй-бүлөсү менен коштошуп жатып, ушундай айылда болгон ынтымак менен достук бүт Кыргызстанда дайыма болсо экен деп тилеп, Бишкекке бет алдым.

XS
SM
MD
LG