Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Курман айт улут тандабайт


Ошто борбордук аянтта жана мечиттерде кыргыз-өзбек дебестен аралаш, тизе бүгүп намазга жыгылышты.

Курман айт өзгөчө улут аралык ынтымакка өбөлгө болуп жатканын жергиликтүү тургундар белгилешет.

Бирде эңкейсе, бирде колдорун кулагына ала коюп, намазга жыгылгандар имамдын кыймыл-аракетин кайталап жатышты. Бири калпагын башына кондуруп, башкасы допусун баса кийип намазга жыгылып жаткандардын көптүгүнөн мечиттин ичи жыкжыйма.

Айт намазына жыгылгандардын арасында көп улуттун өкүлдөрү отурат. Тигинде жайнамазга бүкчүйө отурган бала колун жанаштырып, жүзүнө бата тартты. Ал арада мечиттин имамы да Курман айттын мааниси тууралуу айтып отурду:

- Курман айт - улуу күн. Бул күндө урушкандар бирин-бири кечиришип, жаакташкандар болсо жарашыш керек. Курман айтта курмандык чалынып, жакыр менен байдын, карып менен мискиндин ортосунда мухаббатты алып келет. Бүгүн биз бир тарабыбыз кыргыз, бир тарабыбыз өзбек, бир тарабыбыз дагы бир тууган болуп бөлүнбөй, бирге далы теңештирип, бири-бирибизди сүйсөк Алла ыраазы болот. Ким жүрөгүндөгү жакшылыкты бирөөгө кааласа, Алла таала ага өз казынасынан жакшылыкты толтура берет.

Колуна баштык кармаган мечиттин кызматкери элди аралап зекет алып жүрөт. Ага эч кимиси калбай чөнтөгүнөн чыккан тыйындарын салып жатышат.

Курман айт майрамынын жана курмандык чалуунун мааниси жөнүндө бир канча убакыт маселе уккандан кийин мындагылар акырындан сыртка чубай башташты. Тааныганы деле, тааныбаганы деле бири-бирин кучактап, майрамы менен куттуктап жатышты. Эми кечке үй-үйлөрдү кыдырып айттоо расмиси башталат:

"Карапайым калк бирдей чогулуп, кыргызы, өзбеги, татары аралаш отуруп, намазга жыгылып чыктык. Баары жакшы болду. Келгендердин маанайлары да жакшы. Колунан келгендер уй, кой союп атышат. Келбегендер эми үй-үйлөргө кирип, жок дегенде оозу менен болсо да туугандардын, жакындардын абалын, ден соолугун сурап атышат", - дейт шаар тургуну Жумаш Алымкулов.

Аксакалдардын дагы бири Камилжан Токтосунов:

- Азыр үйгө барабыз, тааныш-билиш, досторду Курман айт менен куттуктайбыз. Анан куран окуп, өткөндөрдүн арбагына багыштайбыз. Отуруп алып көк чай ичебиз. Байбичелерге береке бер деп коюп, сүйлөшүп отурабыз да.

Рабат Абдуллахан мечитинде Курман айт намазы дээрлик 400 жылдан бери окулуп келет. Ушунча убакытта мусулмандар ортосунда улут бөлүнүү деген жаман көрүнүштүн болбогонун айтат мечит имамы Каныбек Жусупов:

- Диндеги эң орчундуу маселелердин бири - улут маселеси. Пайгамбарыбыз Мухаммед (С.А.В): «Ким улут маселесин көтөргөн болсо, ал менин үмөтүм эмес» деген. Бул пайгамбарыбыздын өтө катуу хадиси. Мына ошондуктан биздин ата-бабаларыбыз кыргыз, өзбек, дунган, тажик дебей ушул жерде, ушул мечиттерде бир шыптын алдында, бир мунаранын алдында чогуу намаз окуп келген. Бүгүн дагы ушундай жышаандын бири болду. Эми буйруса, мындан ары да ушундай ынтымак болот.

Мечиттер менен кошо борбордук аянтта да миңдеген адамдар тизе бүгүп намазга жыгылышты. Андан кийин өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, мэр Мелис Мырзакматов шаардыктарды куттуктады.

Эртеден кечке жамаат-жамаат чогулуп, шаардыктар ар кайсы жерде курмандыктарды чалышты.

Бир катар уюмдар жана фонддор биргелешип калаа четинде 80дей бодо мал, 20дай кой-эчки жана 1 төө союп, муктаждарга, балдар үйлөрүнө жана социалдык жайларга таркатып берди.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG