Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Молдокасымов: КТРК бийлик таасиринен толук арыла элек


УТРКнын мурунку жетекчиси, профессор, Кыяс Молдокасымов Коомдук телеканалдын тегерегинде кеп салат.

“Азаттык”: КТРдин коомдук телеканал болуп түзүлгөнүнө 2 жылдай болуп калды. Көрарман, угарман катары кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатасыз?

Кыяс Молдокасымов: Эки жылдан берүү коомдук телерадио берүү деп аталып, ушул багытта иш жүрүп жатат. Айрым жакшы саамалыктар, ийгиликтер жок эмес. Телеберүүнү коомдук мүнөзгө өткөрүп, жалпы эл күткөн, көргөн телеберүүгө айландырыш бул ошол саясий системанын түзүмүнө жараша болот.

Эки жылдан бери Кыргызстандагы саясий система өзүнүн жолун табууга аракет кылып, үй-бүлөлүк эмес, демократиялык жолго өтүүгө, ушул багытта өнүгүүгө аракет жасап жатат. Бирок азырынча саясий система толугу менен Кыргызстанга орной элек.

Коомдук телеканалда да ушул сыяктуу оош-кыйыш болуп, туруктуу мүнөзгө ээ боло элек. Толук түрдө калыптана элек. Ага карабай коомдук каналдагы жакшы саамалык – бул бийликтин кийлишигүүсү мурдагыга караганда бир аз солгундады. Бул жаңы түзүлгөн Байкоочулар кеңешинин, же жаңы жетекчиликтин ийгилиги эмес, эң оболу 2010-жылдагы ыңкылаптагы элдин жеңиши деп мүнөздөсөк болот.

“Азаттык”: Сиз КТРКга бийликтин таасири азайды деп айттыңыз. Айрым медиа эксперттер коомдук каналда жаңылык берүү тартибин сынга алышат. Коомдогу кайнап турган жаңылыкты көрсөтпөй, Ак үй, “көк үйдөгү” расмий иш-чаралардын, жолугушуулардын баарын биринчи бере берет деп айтышат. Мындай дооматтарга негиз барбы?

Кыяс Молдокасымов: Бүгүнкү күндө бийлик таптакыр эле кийлигишпей калды, таптакыр өз алдынчалуулукту берди деген пикирлер көбүрөөк айтылып жатат. Чындыгында биринчи президентти, андан кийин премьер-министрди, андан кийин Жогорку Кеңештин иш-аракеттерин гана берип, ал эми жалпы коомдук мүнөздөгү жаңылыктарга болгону 25-30, кээде андан да аз убакыт калгандыгынын өзү бүгүнкү күндө бийлик кандайдыр бир деңгээлде таасир этип, "бизди сөзсүз түрдө көрсөтөсүңөр, антпесеңер болбойт", - деген өзүнчө бир жагдай түзүлүп жатканын аныктап турат. Ал эми коомдун арасында кайнап жаткан, жалпы элдин көйгөйлүү окуялары көп учурда бийликтин жаңылыгынан артында көмүскөдө калат, же убакыт жетишпей көрсөтүлбөй, чагылдырылбай калып жаткан жагдайларга бардыгыбыз күбө болуп жатабыз. Бул коомдук телеканал толугу менен калыптана электигин мүнөздөйт.

“Азаттык”: КТРК тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзамды кабыл алуу талаш-тартыштар менен коштолгону маалым. Муну КТРКны бийликтеги кайсы бир күчтөр “кол бала” кылгысы келип жатат деп айткандар болду. Сиздин баамыңызда, бул талашып-тартышуунун төркүнү эмнеде?

Кыяс Молдокасымов: Бул мыйзамды кабыл алуу декрет менен жашабай, мыйзамдын жолу менен жашап, мындан ары ушул жол менен өнүгөлү деген максат, тилек болчу. Ошол эле учурда ар кандай пикирлер көбүрөөк айтылып кетти. "Парламент бизге үстөмдүк кылганы жатат, парламент ээлигин орнотуп жатат”, - деген сөздөр болду. Бирок андай деле эмес.

Бүгүнкү күндө эгерде коомдук Байкоочу кеңеш, же болбосо ал жердеги жетекчилик өздөрүнүн мыйзамда жазылган жоболорун бекем сактаса, позицияларын бекем карманса парламент деле эч кандай ээлик кыла албайт. Ошондой эле өкмөт дагы, президент дагы көп кийлигише албайт.

Бүгүн ал жакта мыкты шарт түзүлдү. Бирок ошол мыкты шартты андан ары өнүктүрүп кетүүдө дагы деле болсо бир топ артка кылчактоолор болуп жатат.

“Азаттык”: Азыр КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы мүчөлөрү тандалганы жатат. Тандоодо кандай талап эске алынышы керек?

Кыяс Молдокасымов: Албетте маалымат каражаттары, өзгөчө телеберүү боюнча түшүнүгү болушу керек. Андан кийин мамлекеттүүлүктүн келечеги тууралуу ой жүгүрткөн интеллектуалдык бийик деңгээлдеги адамдар болушу керек. Ошондой эле өзүнүн бекем калыптанган көз карашы бар инсандар кириши керек. Антпесе Байкоочу кеңештин мүчөлөрү ал жерде өзүнүн көз караштарын, сунуштарын сактай албай калышы мүмкүн.
XS
SM
MD
LG