Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Түрмө тополоңу боюнча сот башталды


Ушул жылдын башында Бишкектеги №1 тергөө камагында болгон чуулгандуу жаңжал боюнча ишти 10-майда Свердлов райондук соту териштирүүгө киришти.

Ага коомчулуктун өкүлдөрү катыштырылган жок. Ушундан улам адвокаттар менен айыпталуучулардын тарапкерлери сот адилет өтпөйт деп күмөн санашууда.

Тополоңдун артында ким турган?

Тергөө камак жайдагы башаламандыкты ошол эле жайда камалып отурган 11 киши уюштурган деген тыянак чыгарган.

Бишкек шаарындагы №1 СИЗОдогу башаламандык быйыл 16-январда чыкканы маалым. Бул иш Свердлов райондук сотунун көчмө отурумунда каралууда.

Иштин №1 тергөө абагынын имаратында каралып жатышынын себебин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Александр Никсдорф коопсуздукка да байланыштырды:

- 11 адам айыпталууда. Алар тополоң учурунда тергөө абагында болушкан жана аны уюштурду деп шектелип жатышат. Ал эми материалдык чыгымды тополоңдон кийин түзүлгөн атайын комиссия эсептеп чыккан. Ал бир нече миң доллар болгон. Сот жараяны тергөө абагынын имаратында өтүп жатат. Анткени көпчүлүк айыпталуучулар ушул абакта камалып турушат. Аларды ары-бери ташыбай, ушул жерде эле өтүп жатат.

Түрмөдөгүлөр №1 СИЗОдогу "өзгөчө" абакты кайра ачып коюуну талап кылышкан.
Түрмөдөгүлөр №1 СИЗОдогу "өзгөчө" абакты кайра ачып коюуну талап кылышкан.
Бул башаламандыкта тергөө абагында кармалып тургандардын жарымы - экинчи жана үчүнчү кабаттагылар эшиктерин талкалап чыгып, биринчи кабатка чейин түшүп кетүү коркунучу жаралган.

Мындан сырткары, түрмөнүн 4 кызматкери жаракат алганын Жаза аткаруу кызматы маалымдаган. Алардын айтышынча, түрмөдөгү тополоң буга чейин ачык болуп келген камераларды жабууга, ошондой эле кылмыш дүйнөсүнүн бул тергөө абагындагы өкүлү саналган Дамир Сапарбековду башка абакка которууга каршы уюштурулган.

Деген менен ал козголоң башка абактарга да жайылып, Кыргызстан боюнча үч миңдей адам 10 күндөй ооздорун төөнөп, наар албай, ачкачылык жарыялашканы белгилүү. Ал эми камактагылардын жакындары Жогорку Кеңештин алдында митингдерди өткөрүшкөн. Абактагылар кызматынан кыянат пайдаланды деп түрмө жетекчилигин күнөөлөп, ошол кездеги жетекчи Шейшенбек Байзаковду кызматтан кетирүү талабын коюшкан.

Сот жабык өтүүдө

Бүгүнкү сот отурумунда ошол тополоңду уюштуруучу саналган 11 адамга айыбы угузулду. Бирок айыпталуучулардын адвокаттары тергөө иши ачык-айкын эмес, бир жактуу жүрүп жатат дешүүдө. Алардын бири - адвокат Есения Рамазанова:

- Беттештирүү протоколдорун өткөргөндө тергөөчү кызматкерлердин баарын үйрөтүп алып келиптир. Суроо берсем мени карашпай, тергөөчүнү карап сүйлөшүп, жооп бере албай жатышты. Баары үйрөтүлгөн боюнча сүйлөштү. Бирок ар кимиси ар кандай жооп беришип, бири-бирине каршы чыгып жатышты.

Ал эми “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова соттук жараяндын жабык эшик артында өтүп жатканын сынга алды. Ал мындай көрүнүш сот адилеттигинен күмөн санатарын белгилейт.

- Бизди ойлондурганы жана күмөн санатканы соттун тергөө абагында жабык өтүп жатканы болууда. Бул мыйзамдарга каршы келет. Ошондой эле Атамбаевдин реформаларды жасайбыз деген демилгесине да бут тоскон көрүнүш. Сот ачык болушу керек.

Эгерде айыпталуучулардын күнөөсү далилденсе, аларга дагы 5 жылга чейин жаза мөөнөтү чегерилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG