Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Грузия: криминалды жеңүүнүн формуласы


Тбилисинин четинде 2006-жылдын 27-мартында козголоң чыккан түрмөдөгүлөр туугандарына кол булгалап жатышат
Тбилисинин четинде 2006-жылдын 27-мартында козголоң чыккан түрмөдөгүлөр туугандарына кол булгалап жатышат

“Азаттык” кыргыз түрмөлөрүндөгү козголоңго Грузиянын криминалдык топторго каршы ийгиликтүү согушунун мисалында сереп салат.

Ушул аптанын башында Бишкектеги №1-СИЗОдо башталган тополоң өлкөдөгү башка түрмөлөргө да таасир этти. Бейшембиде жумурияттагы убактылуу кармоочу жай эмес, кадимки түрмөлөрдүн 17нин 13үндө ачкачылык жарыяланды.

Жума күнү Оштогу ачкачылык жарыялаган түрмөгө Акыйкатчы Турсунбек Акун барганда “ачкачылык Бишкектеги түрмөлөрдөгү криминалдык авторитеттердин буйругу менен башталганын” айтты.

Бишкектеги №1 абактагы "өзгөчө" камера. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)
Бишкектеги №1 абактагы "өзгөчө" камера. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Күч органдары мунун баарын өлкөдө “мыйзам менен криминалдын согушу” деп сыпатташса, абактагылардын туугандары менен адам укугун коргоочулар тополоңго түрмөлөрдөгү начар шарт себеп болгонун да кошумчалап жатышат.

Постсоветтик аймактагы көп эле өлкөлөрдө мезгил-мезгили менен бул сыяктуу окуяларды угуп калабыз. Алардын ичинен түрмө нааразылыктары, кылмыштуу дүйнө менен күрөш жаатында Грузиянын тажрыйбасы өзгөчө кызыктуу көрүнөт.

“Кескин бурулуш”

Грузияда 2000-жылдардын башында абал ушундай эле, керек болсо, Кыргызстандагыдан бир нече эсе начар болчу.

Кавказдагы постсоветтик бул республикада соңку жылдары полициядагы, ички иштер органдарындагы масштабдуу, кээде “өтө каардуу реформанын атасы” атыккан министр Вано Мерабишвили интервьюларынын биринде “роза ыңкылабына” чейин кылмыштуу топтор Грузияда жалпы КМШ аймагындагы өлкөлөрдүкүнөн эки эсе көп болгонун айткан.


(Баяндын аудиосун бул жерден угуңуз)

Анан кантип мурдагы Советтер Cоюзунун курамында болуп, аты алыска кеткен криминалдык башкесерлердин ролу өтө чоң болгон бул мамлекетте 10 жылга жетпеген мезгилдин ичинде кылмыштуу топтор жер жуткандай жоголуп кетти?

Ушул жана башка суроолорго “Азаттыктын” грузин кызматынын кабарчысы, аскерий эксперт Коба Ликликадзеге жооп берген:

Коба Ликликадзе
Коба Ликликадзе
“Кылмыш топторунун төбөлдөрү мындан ары укук коргоо органдарынын башчылары менен сүйлөшүү, макулдашуу такыр мүмкүн болбой калганын түшүнгөндөн кийин, Грузиядан качып кете башташты. Анткени бул жакта калуунун кажети жок эле. Буга чейин полиция, күч түзүмдөрү уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшпөй, тетирисинче, достошуп келишкен. Маселен, бир нерсе жоголуп калса, полиция тийиштүү тергөө кызматтарына эмес, криминалдык топторго, авторитеттерге кайрылчу. Дал ушул кызматташуу механизми иштебей калгандан кийин көптөр Орусияга, Украинага, айрымдары Испанияга качып кетишти. Азыр алардын өтө аз сандагы бөлүгү Грузиядагы түрмөлөрдө катуу көзөмөл менен кармалып турушат”.

“Михаил Саакашвили түрмөлөрдөгү козголоңду эч нерсесине карабай, өтө орой басып салууну колдоду. 2006-жылкы окуяда түрмөдөгү тополоңду атайын бөлүктүн аскерлери кирип эле, урганын уруп, атканын атып, токтотуп коюшкан. Кийин грузин Омбудсменинин баяндамасында бир топ адам өлгөнү тууралуу айтылып, тынчсыздануулар болду. Бирок Саакашвили президенттик шайлоодон кийинки сөзүндө жалпы элге кайрылып: “Түрмөлөрдө ким полицияга баш ийбесе, аны эч ойлонбой туруп атууга буйрук берем”, - деген”, - деди “Азаттыктын” грузин кызматынын кабарчысы, аскерий эксперт Коба Ликликадзе.


Грузин полициясынын өңү ушундай
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Өткөн жылдын май айында "Азаттык+" телетобу Грузияга барып, полиция реформасын иликтеген. Анда биздин кабарчылар грузин абактарынын бири менен таанышып чыккан. Телеберүүнү толугу менен бул жерден көрүңүз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG