Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:39

ИИМге нарындык кадрлар толдубу?


Депутат Каныбек Осмоналиевдин “Айат” гезитиндеги маеги маданият, билим берүү тармагындагы маселелердин айланасында болду.

Жарык көргөн “Азия ньюс” гезити кыргыз милициясынын 90 жылдыгына карата ички иштер министринин 1-орунбасары, генерал Бактыбек Жусубалиевдин “Мен нарындык кадрларды эмес, билимдүү, таза кызматкерлерди өстүрөм” деген аталыштагы интервьюсун тартуулады. Генерал Жусубалиев 90 жыл ичинде кыргыз милийсасы кыйын да, даңктуу да жолду басып өткөнүн, замандын оош-кыйышына, ачык коомдун келишине байланыштуу милициянын ролу өзгөрүп, бедели да түшүп кеткен учурлар болбой койбогонун, бирок акыркы кездери милийсаны колдогондор, ага таянгандар көбөйө баштаганын, 90 жылдыкка карата массалык маалымат каражаттарынын, чыгармачыл адамдардын арасында милиция жөнүндө эң жакшы тасмага, обондуу ырларга, макалаларга, сүрөттөргө көп тараптуу конкурс жарыяланганын, жеңүүчүлөргө сыйлыктар болорун кеп кылды.

Кабарчынын, “Мелис Турганбаев экөөңүздөр келгенден бери Ички иштер министрлигинде көбүнчө нарындык кадрлар өсүп келатат деген кептер бар, буга кандай дейсиз?- деген суроосуна генерал Жусубалиев, Мелис экөө 30 жылдан ашуун убакыттан бери мамлекет үчүн иштеп келатышканын, көптөгөн кылмыштардын бетин ачышканын, “экөө нарындык кадрларды өстүрүп жатат” деген болбогон сөз экенин, мыкты профессионал болсо жерине карабай туруп кызматка аларын, өзү болсо Кыргызстандын 7 облусунда тең иштегенин, ал үчүн бардык милиция кызматкерлери бирдей экендигин айтып жооп берди.

Ушул эле гезитке “Ысык-Көл Аврора” санаторийинин жетекчиси Асхат Акибаевдин “Мамлекеттин мурасы катары “Аврораны” сактап калабыз” деген маеги жарыяланды. Аз күн мурда “Алиби” гезитине анын ишмердигине байланыштуу каралаган материал чыгып кеткенин, бул боюнча жалган маалымат тараткандар менен уктуктук талаада сүйлөшкөнү жатканын, сотко берерин айтуу менен жасалып жаткан иштер тууралуу кенен баяндап берди.

Бүгүндөн баштап эс алууга кеткенин, эми күздө чыга турганын кабарлаган “Айат” гезити депутат Карганбек Самаков Кыргызстандын бир кездеги Суяб, Невакет, Баласагын шаарларын ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине каттатып кайтканын, каттоого алынганга чейин далай иштер аткарылып, эксперт археологдордун, тарыхчылардын көз майы короп, шаар болгонун аныктап, далилдеп чыгуу үчүн эле 700 беттен ашуун материал даярдалганын маалымдады.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкармасынын башчысы Мелис Турганбаевдин өткөн сандагы маегинин корутунду бөлүгү басылды. Генерал биздин өлкөдө саясатчылар сабак ала турган окуялар көп эле болгонун, айрыкча 2010-жылы улуттар арасындагы чырдын отун жаккандар Кыргызстанды Украина сыяктуу экиге бөлүп туруп, кыргыз мамлекетин жок кылууну ойлогонун, бирок кыргыз эли так ошол каргашада акылдуулугу менен даанышмандыгын далилдегенин, эл кекти кечирип, биримдикти сактап калганын, ал эми айрым саясатчылар алысты ойлобой, өз кызыкчылыктарын ойлоп гана жашап калганын, бийликке жетсем баарына жетемин деп эсептээрин, тилекке каршы бул өтө жаңылыш ой экенин билдирди.

Депутат Каныбек Осмоналиев интервьюсун “Маданият тармагы Талиева сыяктуу адамдардан онду алып келип койсо да оңолбойт” деп атап, маданият, анын ичинен театр жөнүндө сөз кылып, театрды ичинен билген, аны түшүнгөн, ага күйгөн адамдарды таап жетекчи кылса болорун, андай адамдар дал ошол театрдын өзүнөн эле табыларын, биз антип чыныгы таланттарды көтөрүүнүн ордуна, драма театрыбы, куурчак театрыбы, опера-балет театрыбы же филармониябы, баарын менеджер дегенге байлап, акча табуунун гана жолуна салып койгонубузду, мындай көрүнүш тилекке каршы бардык тармактарда тамырлап алганын, маселен мектеп билим берчү жай болбойле бизнес борборуна айланып калганын, ал Бишкектеги мектеп директорлорун эң башкы коррупционерлер, эң башкы рэкеттер деп айтаарын, театрлар да ушинтип акча табуунун гана амалына өтүп алышканын, “жулик маданиятчылар” арбыганын, жакын арада Маданият министри болчу адамды фракциялар сунуш кылганды токтотуу жөнүндө сунуш киргизгени жатканын белгилөө менен мектеп проблемаларына да токтолду.

XS
SM
MD
LG