Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:50

Депутаттын Ташиевден көңүлү калганбы?


Жылдыз Жолдошева
Жылдыз Жолдошева

Өкмөт “Мегакомду” сатмай болууда, сиз кандай дейсиз?” деген суроо менен бүгүн жарык көргөн “ПолитКлиника” гезити окурмандарга кайрылды.

Өкмөт башчысы Темир Сариев: “Мегаком” атаандаштыкка туруштук бере албай, чыгымы көп компанияга айланып калышы мүмкүн, өкмөт ошон үчүн сатыкка коюп жатат”,- деп;

Эксперт Бакыт Бакетаев: Бул чечимди эл колдобойт. Жогору жактагы саналуу адамдар компанияны сатуу менен ири ири суммадагы пайдага ээ болууну көздөшүүдө. Сатууга саясий маселе эмес, финасылык кызыкчылыктар түрткү болууда,- деп;

Мурдагы вице-премьер-министр Тынычбек Табалдиев: Өлкөдөгү эң кирешелүү ишкананы жакшы иштетип, иш орундарын түзүп, бюджетке киреше кийирүү жоопкерчилигин алгандан көрө сатып жиберип, чоң акча өөнөп калуу кызыкчылыгы үстөмдүк кылууда, - деп;

Саясатчы Досалы Эсеналиев: - “Мегакомду” саткандын ордуна атайын менеджерлердин тобуна өткөрүп, кирешени 50 процентке көбөйтөсүңөр деп тапшырма койсо акылдуу иш болот эле. Дүйнөдө мындай мисалдар көп, - деп;

“Кыргызконсепт” ишканасынын башчысы Эмил Үмөталиев:- Өкмөттүн кандай логика менен мындай чечимге келгенин так айтуу кыйын. Сатылгандан көрө менчиктештирилсе ылайык болмок. Бул эми Орусияга сатылышы мүмкүн,- деп;

Депутат Өмүрбек Абдырахманов: - Сариев “Мегакомду” сатып, бюджеттин жыртыгын бүтөп, экономика мыкты өнүгүп жатат деп элди алдагысы келүүдө. Сатса банкрот абалда турган башка ишканалар толтура, ал мыкты иштеп, мамлекетке зор пайда алып келип жаткан “Мегакомду” жайына коюш керек болчу,- деп жооп берди.

“Азия ньюс” гезити “Авалон Компани” ишканасынын директору Сергей Шурпанын башкы прокурор Индира Жолдубаевага кайрылуусун, Кетмен-Төбө элинин “Токтогулдуктар электрдин акысын өздүк наркында төлөшүбүз керек” деген талап менен өкмөт башчысы Темир Сариевге кайрылуусун жарыялады. Булардан тышкары “Экстремизмге этият, эстүүлүк менен каршылык көрсөтүү керек” деген макала бар. “Республика” жана “Ата-Журт” партияларынын саясий кеңешинин мүчөсү Нурланбек Шакиевдин маеги “Бүгүнкү бийлик Ташиевди туура эмес соттоткон айыбын моюндап, акыры актап беришти” деп аталса, экс-депутат Рысбек Качкеевдин макаласы “Азыркы Баш мыйзам менен Кыргызстан оңолбойт” деп аталды.

Ушул эле санда журналист Сурат Жылкычиевдин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына 75 жыл толгонун баяндаган макаласы, Ийгилик Болсунбаев аттуу автордун эл жүгүн көтөрүп жүргөн, эл арасындагы карапайым адамдарга, мугалимдерге, баатыр энелерге, ишкерлерге Мухтарбек Өмүракунов атындагы сыйлыктар тапшырылганын баяндаган макаласы бар.

“Жаңы агым” гезити Тынчтык Алтымышевдин “Президенттин амиринен жалтактаган депутаттар”, Мелис Совет уулунун “Президенттин агасы Калыбек Шаршенов карызын качан төлөйт?” , “Эртеби-кечпи жооп берүүчү күн келет” деген, Аскер Сакыбаеванын “Ишеним, өчүп-жанган үмүт” деген макалаларын басты.

Депутат Жылдыз Жолдошева интервьюсун “Бийлик эч качан, эч ким менен соодалашууга барбашы керек” деп атап, Ош окуясын эске салып, эгер мындай каргашалуу окуялар кайталанбасын десек, анда бийлик сепаратисттик күчтөр менен соодалашууга барбашы керектигин, жарандык согушту токтотуп калууга чоң салымын кошкондор Акматбек Келдибеков, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Мелис Мырзакматов болгонун айтты. Жылдызкан Жолдошева андан ары “шайлоого ким менен барасыз?” деген суроого: “Мен азыр Камчыбек Ташиевдин мага карата мамилесинен кийин партияны эмес, партиянын лидерине карап, “кимиси эртең мени сатып кетпейт, кимиси эртең бийликтин камчысын чаап, мени жектебейт, кимисинин жүрөгү таза, намысы, жигиттик касиети бар” деп лидер тандай турган болдум. Азырынча кайсыл партия менен барарым белгисиз” деп жооп берди.

“Балык башынан сасыйт” деген рубрика менен жарыяланган Мелис Совет уулунун макаласы “Элдин бийликке болгон ишеними эмнеге азайды?” деп аталып, бир топ кызыктуу фактыларды ортого салды.

“Асман плюс” гезити сенсациялуу кабар таратты. Ат-Башынын Беш-Белчир жайлоосундагы малчылардын өзүлөрүнүн айтуусунда койлордун этине же башка жагына тийбей, куйругун гана жеп баса берген белгисиз жырткыч пайда болгон, 87 жылдан бери мал багып келаткан Асанкадыр Курманалиев эгер кашкулак болсо койдун толорсук тарамышын кырчып иймегин, карышкыр болсо моюндан же толорсуктан алып, койду жара тартып салмагын, чөө болсо жулмалап, тытып салмагын, ал эми бул шумдуктуу жырткыч кой атайылап туруп бергенсип, этине тийбей, куйрук майын жеп гана кетип калганын, бирок азырынча ал кармала электигин айтып берген.

XS
SM
MD
LG