Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

Президент Садыр Жапаров 9-майда Москвадагы парадга катышат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын жана Казакстандын лидерлери менен чогуу Москвадагы парадда. 9-май, 2023-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын жана Казакстандын лидерлери менен чогуу Москвадагы парадда. 9-май, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 8-майда Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мааракелик саммитине жана 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышуу үчүн Орусияга барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө мамлекет башчылары “2025-жылга чейинки Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө” 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча жана “2023-жылга Евразия экономикалык биримдигинин Эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө” баяндамаларды угушат. Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу, анын ичинде бир жагынан ЕАЭБ жана ага мүчө мамлекеттер, экинчи жагынан Вьетнам Социалисттик Республикасынын ортосунда, товарлардын жасалган жерин сертификациялоонун жана верификациялоонун электрондук системасынын алкагында маалыматтарды электрондук алмашуу жөнүндө Протоколдун долбоорун жактыруу пландаштырылууда. Мындан тышкары “Евразия экономикалык биримдигине 10 жыл” медалын уюштуруу планда турат”, – деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылы 9-майда да бир нече президенттердин катарында Москвада аскердик парадга катышып келген.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы майданда курман болгон.

Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаганына 79 жыл толот. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG