Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:32

Мушташтардын айы


Бүгүнкү баяндамабыз орус тилдүү “Дело №...” жумалыгы аркылуу болмокчу.

“Дело №...” гезити окурмандарынын эсине өткөн апта ичинде болгон окуяларды салып, 30-март Ош базарындагы соодагерлердин нааразылыгы менен коштолуп, ал митингке айланып, аягы Ак үйдөн барып бүткөнүн, базар маселеси Бишкек шаар бийлигинин иши экендигине карабастан Жогорку Кеңеш кийлигишкенин, ошондуктан мунун артында базар көйгөйүн чечүү эмес, баягы эле саясат жатканын жазды.

Ушул эле күнү Бишкектин Ботаникалык багына курулганы жаткан биологиялык лабораторияны курууга каршы дагы бир митинг өтүп, митингге укук коргоочулар, 12-кичирайон менен Көк Жар айыл тургундары чыкканын, колдоруна: “Кыргыз Фукусиме - 1ге жол жок!”, “Атамбаев менен Бабанов эл душманынан айланбагыла!”, “Канада, бизге мындай жардамыңдын кереги жок!”, “Канада, жолуңа түш!” деген плакаттарды көтөрүп турушканын, бирок мындай нааразылыктарга карабастан биолабораторияны куруу мөөнөтү бекитилгенин кабарлады.

“Дело №” жумалыгындагы Артем Петровдун макаласы “акмактардын күнү” аталган 1-апрель күнүндө Кыргыз парламентиндеги Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Камчыбек Ташиевдин мушташы туурасында баяндаган.

Аталган гезит андан ары жаздын бул күндөрү Кыргызстандын аймагында сөз кыла турган мушташтар арбын болгонун белгилеп, Кемин райондук ичики иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары, майор Нурлан Сатаев кол алдында иштеген үч милийсасын “жанчып” салып, Айбек Казиев, Самат Кулжабаев, Рыспек Алымбеков дегендер баштары чайкалып ооруканага түшкөнүн, ИИМ бул окуяга байланыштуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартканын маалымдады.

Дагы бир мушташ Сүлүктүдө болгон. “Сүлүктүкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы деректиринин кабинетине ишкананын мурдагы деректири Назаров тууган-туушкандары менен каптап келип, азыркы деректир Эргеш Мадаминовду баса калып, сабап кеткен.

“Дело №...” жумалыгы муну менен бирге эле жаңы санына мамлекеттик жогорку кызматка дагы бир аялзаты келгенин, президент Роза Отунбаева Кубатбек Байболовдун ордуна өлкөнүн Башкы прокурорлугуна Аида Салянованы дайындаганын кабарлап, анын буга чейинки кызмат орундары боюнча кыскача маалымат берди.

Гезит “Бул кимдин кишиси?” деген суроого жооп издөөгө аракет кылып, бирөөлөр: “Көзөмөл органы мурдагыдай эле “Ата Мекен” партиясында калды, анткени Аида Салянова Өмүрбек Текебаевдин командасында иштеп, “Конституциялык реформаларды жүргүзүүгө катышкан” десе, бирөөлөр: “ал деген 100 пайыз Роза Отунбаеванын кишиси” деп атканын, бирок кандай болгон күндө да Аида Салянованын дайындалышын парламент да, коомчулук да жаман кабыл албаганын жазды.

Гезиттин андан аркы майда кабарлары менен макалалары мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболовдун бошотулушуна багышталган.

“Дело №....” Байболовдун бошошуна байланыштуу Кыргыз президентинин басма сөз кызматынын түшүндүрмөсүн жана “Адилет” укук клиникасынын деректири Чолпон Жакупованын ага карата айткандарын жарыялады.

Президенттин басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, Кубатбек Байболовдун жубайы Нуржамал Байболовага таандык “Сарамжал-Транс” фирмасы кылмыш иши козголгон “Альфа Телеком” компаниясынан финансы каражаттарын алып чыгып кетүү максатында түзүлгөн. Ошондуктан президент Роза Отунбаева кызыккан тараптардын ортосунан чыгуучу чыр-чатактан жана саясый чайкоочулуктан алдын алуу үчүн Кубатбек Байболовду Башкы прокурордун милдетин аткаруудан бошотуу чечимин кабыл алды деп айтылган.

Бирок укук коргоочу Чолпон Жакупованын айтуусунда, бийликтин Байболов жөнүндө айткандары теңирден тескери натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Эми мындан ары Кубатбек Байболовдун кандай гана билдирүүсү болбосун, бийликтегилердин кимиси тууралуу кандай деп айтпасын, алтургай айткан-дегендери анык болбосо да коомчулук тарабынан акыркы чындык катары кабыл алына бериши мүмкүн.

Буга улай эле гезит кабарчысы Вадим Ночевкиндин Кубатбек Байболов менен маеги басылды.

- Сизди Башкы прокурорлуктан эмне себептен алып койду?

- Анткени мен 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун жеке өзүнө ачылган кылмыш ишин кайрадан колго алганым түрткү болду деп эсептейм. Бабановдун 700 млн. сомдон ашуун салык төлөбөй койгону ачыкка чыккан.

- Сиз кызматтан алынарыңызды билдиңиз беле?

- Эртедир-кечтир ушундай болорун сезчүмүн.

- Парламентте айтайын дегениңиздин баарын айта алдыңызбы?

-Албетте баарын айтууга мүмкүн болбоду.

-Эмне үчүн?

-Керт башымдын коопсуздугу үчүн. Бийлик эми мага каршы тирукмуш ушак-айыңдарды тарата баштайт.

-Анда айтпагандарыңызды бизге айтып бере аласызбы?

-Эмне үчүн трибунадан айтпагандарымды журналисттерге айтып беришим керек?

-“Билем “ деген тутулуп, “билбейм” деген үйдөй балээден кутулуп” болуп атасыз го?

-Андай деле эмес, кокус мени өлтүрүп кетишсе, абал мындан да жаман болот.

-Өлтүрүп кетет деп ойлойсузбу?

-Эмне үчүн ойлобойм? Эгер Бакиевдин тушунда криминалитетти анын үй-бүлөсү гана жалдап келсе, азыр аны баары жалдай алышат.

- Бирок канткен менен азыр Бакиевдин заманы эмес да, бийлик башкача боло баштабадыбы?

- Каяктагыны айтасың? Мурдагы каракчылардын ордун эми башкасы келип басты. Азыркы каракчылар Айдар менен Максимден да коркунучтуу.

Байболов андан ары “Мегакомго” байланыштуу уурдоолор тууралуу жана УКК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге байланыштуу кенен кеп салды.

-Кыргызстан мындан ары кандай болушу мүмкүн?-деген суроого Байболов:

-Мындан ары Кыргызстанда биз элестеткендей революциялар болбойт. Бирок ар кандай силкинүүлөр болот. Бирок канткен менен биз бийликти тынч жолу менен өткөрүп бергенге үйрөнө баштадык.

-Эми мындан ары эмне кыласыз?

-Эс алам. “Ата Мекенде” болгондон кийин, партиянын ишине киришем,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG