Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Кыйчалыштагы кыргыз-тажик мамилеси


Кыргыз тышкы иштер министри менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов. 17-июль, 2014-жыл.
Кыргыз тышкы иштер министри менен Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов. 17-июль, 2014-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара чатагынын айынан солгундаган мамилени жөнгө салуу жолун издешүүдө.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Бишкектеги жолугушууда чек ара тилкелеринде күч колдонууга жол бербөө жана өз ара ишенимди калыбына келтирүү боюнча макулдашты. Кыргыз тарап расмий Дүйшөмбүдөн буга чейин жетишилген келишимдерди сактоону талап кылды. Тажикстандын башкы дипломаты маселени чек ара аймагындагы калктын маанайын эске алуу менен чечүүнү өтүндү.

Аткарылбаган макулдашуулардын айлампасы

Жолугушууда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев чек арадагы чыңалууну жөнгө салуу боюнча Тажикстан менен мурда жетишилген макулдашууларды аткаруу маселесин көтөрдү. Ошондой эле Абдылдаев чек ара чатагын жөнгө салууда тажик тарап эки ирет оор аскер куралын колдонгонун белгилеп, мунун эл аралык келишимдерге каршы келерин эскертти. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар чек ара чатагын жөнгө салууда аскер күчүн пайдаланбоону макулдашты. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жолугушууда коюлган маселелер тууралуу мына буларга токтолду:

-Биз эки өлкөнүн чектешкен райондорунда болгон кырдаалды толук талкууладык. Ошондой эле тажик тараптын мыйзамга туура келбеген иш-аракеттерге жол бергенине айраң-таң экенибизди билдирдик. Тажик тараптын жасаган мамилеси мурда кабыл алынган макулдашууга караманча каршы келип, аны аткарууга мүмкүнчүлүк бербей жатканын айттык. Биз тажик тараптын алдына койгон бардык маселелерге жооп алына элек. Бирок менин кесиптешим Сироджиддин Аслов мырза жакын арада толук маалымат берилерин айтты.

Ошол эле учурда Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов 10-июлда Кыргызстандын чек арачылары тажик жарандарына карата ок чыгарганын айыптады. Аслов мырза кыргыз тарапка чек ара көйгөйүн сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салуу жана чек ара тилкелеринен куралдуу күчтөрдү алып чыгып кетүүнү сунуштады. Буга себеп катары Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Аслов чек ара чатактарын жөнгө салууда аскер күчтөрүнө сабырдуулук жетишпей жатканын белгиледи:

- Тилекке каршы өткөн жумада жайкын тажик жарандарынын каны төгүлдү. Бул өтө кейиштүү. Эки жактын тең чек ара жана башка күч түзүмдөрүнө чыдамкайлык жетишпей жатат. Мындай нерселерге жол бербешибиз керек. Мына ошондуктан биз кыргыз кесиптештерибизге чыр-чатактуу чек ара тилкелерин демилитаризациялоо жана чыңалууну азайтууну сунуштадык.

Жол курулушунан чыккан жоболоң

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жыл башынан бери үч жолу курал колдонууга чейин жеткен чек ара чатагы орун алган. Анын бардыгы Ворух тажик анклавын айланып өтмө жолдун курулушун токтотууга байланыштуу экени айтылган. Ошондуктан кыргыз тарап Баткендеги Көк-Таш-Ак-Cай-Тамдык жолун куруу боюнча мурда жетишилген макулдашуунун шарттарын аткаруу маселесин көтөрдү. Тажикстандын башкы дипломаты Аслов мырза бул жолду куруудагы пикир келишпестиктер жөнгө салынарына токтолду:

- Бул жолдун курулушу боюнча 99 пайызга бардыгы даяр. Бирок кыргыз тарап мында кандайдыр бир маселе бар экенин жана ал тоскоолдук тажик тараптан болуп жатканын белгилеп келет. Биз тараптан дагы мына ошондой эле доомат бар. Бул жолугушуудан кийин биз өз өкмөттөрүбүзгө бул туурасында жеткирсек, Көк-Таш-Тамдык сыяктуу эле Ворух-Исфара жолунунун да курулушу башталат деген ойдобуз.

Кыргыз тарап 10-июлда чек арачыларды курал колдонууга түрткөн чек арадагы тажик жарандарынын чагымын уюштургандардын бетин ачууну өтүндү. Буга чейин кыргыз тарап Кыргызстан куруп жаткан жолду курдурбоо үчүн чагымчыл аракеттер уюштурулганын билдирген болчу.

Кыргызстандын өкмөтүнүн чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кыргыз тараптын демилгеси менен курула баштаган жолго тоскоолдук болуп жатышынын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Алардын тоскоолдук кылганынын негизги эле максаты - мына ушундай басым көрсөтүү болсо, кыргыз тарап Ворух анклавына коридор береби деген үмүт. Бирок биз тажик тараптын ал сунушун кабыл албай турганыбызды, ал тууралуу сөз болушу да мүмкүн эместигин мурда эле кесе айтканбыз. Биз өзүбүздүн аймак менен аталган анклавды айланып өткөн жолду кура беребиз анан чек аралар такталганга чейин ал жолдон тажик тараптын пайдалануусуна уруксат беребиз дегенбиз.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде эки ортодо пайда болгон маселелерди чечүү боюнча жумушчу топ иш алып барууда. Кыргыз тарап 3-июлда кабыл алынган протокол боюнча жогоруда аталган жолдун курулушун эки жумадан кийин тажик тараптын макулдугусуз эле баштай берерин жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG