Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:01

Сариев: Бакиевдерди сөзсүз жазалоо керек


Темир Сариев "Азаттыктын" студиясында, 6-сентябрь, 2011.
Темир Сариев "Азаттыктын" студиясында, 6-сентябрь, 2011.

Бакиев бийлигинин тушундагы оппозиция лидерлеринин бири, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев 7-апрель окуясы боюнча сотто күбө катары суралды.

“Азаттык:” Темир мырза, 7 апрель окуясы боюнча сотто сиз бүгүн күбө катары көрсөтмө бердиңиз, кийинки учурда күбөлөр менен айыпталуучулар буга чейин берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, жаңы көрсөтмөлөрдү беришүүдө. Маселен, президенттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев Ак үйдүн дарбазасынан өткөндөргө гана ок атууга буйрук берген деп жатышат. Бул канчалык чындыкка жакын?

7-апрелдеги кандуу окуя.
Темир Сариев: Сотто төрт жарым саат баардык суроолорго жооп бердим. Мен ошол күнү өзүмдүн көргөнүмдү, укканымды гана айттым. Билбеген, такталбаган маалыматтарды айткандан алыс болдум. Мен айткандын баары чындык, болгону болгондой. Айрым айыпталуучулар жана башка күбөлөр дагы толуктап жатышты. Ал эми күбөлөр айткандарынан баш тартып жатканы боюнча мен эч нерсе айта албайм. Анткени сот процессинде толук катышкан жокмун. Ал эми Жаныш Бакиевдин буйругу боюнча, өзүңүздөр деле карап көрсөңөр баардык атылгандар дарбазанын сыртында эле болушкан. Ошондуктан мен ойлойм, ошол күнү бардык эле активдүү болгон адамдарды атканга буйрук берилген.
Эгерде 6-апрелде оппозиция лидерлерин камап, УКМКга алып барбаганда 7-апрелдеги окуя болмок эмес. Ошол кезде биз аймактагы курултайларды өткөрүүгө даярдык көрүп жатканбыз.


“Азаттык:” Ак үйдүн алдында курман болгондордун сөөктөрүн коюуга катыштыңыз эле, ошондо октор бет маңдайынан же арт жагынан тийгенин байкай алдыңыз беле?



7-апрелдеги кандуу окуя: ортодо канжалаган азыркы жаштар иштери боюнча министр Алиясбек Алымкулов.
Темир Сариев: Эми ар түрдүү болушу мүмкүн. Башында судмед экспертиза аркылуу тастыкталгандай, көптөрүнүн жүрөк тушуна жана башына тийген. Мисалы Жаштар министри болуп жүргөн Алиясбек Алымкуловдун деле мурдуна ок тийбеди беле. Билебиз снайперлер кадимки согуштук ок менен атышкан.

“Азаттык:” 7-апрель күнү сиз ошол кездеги бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнсүз, демонстранттарга ок атпоо тууралуу убадалашуу болду беле?

Темир Сариев: Биз биринчи жолу Ак үйгө саат 16.00 дө Иса Өмүркулов экөөбүз кирдик. Эң биринчи талабыбыз - снайперлерди алып, ок атууну токтотуу болчу. Экинчи талап - оппозиция лидерлерин камактан чыгаруу эле. Бирок тилекке каршы биздин талаптарыбыз аткарылган жок. Саат төрттөн кийин деле ок атуу токтогон жок. Адамдар жарадар болуп, өлүп атышты.

“Азаттык:” Бакиев өзү да, аны жактагандар да демонстранттардын өздөрү ээ-жаа бербей кетишти деп айтышууда. Ошол учурда лидерлер камакта болбогондо кылкылдаган элди токтотууга болот беле?

Темир Сариев: Эгерде 6-апрелде оппозиция лидерлерин камап, УКМКга алып барбаганда 7-апрелдеги окуя болмок эмес. Ошол кезде биз аймактагы курултайларды өткөрүүгө даярдык көрүп жатканбыз. Бишкекте чоң митинг болот, эл чогулат деп ойлогон эмеспиз. Ошондуктан Болот Шер-Нияз Таласка кетип, Азимбек Бекназаров Нарында, Дүйшөн Чотонов Ошто, биз бул Чүй аймагында болгонбуз. Биз бир учурда, бир саатта, бир талап менен ар кайсы аймактардан чыгууну максат кылганбыз.

"Азаттык:" Президент Бакиевди Роза Отунбаева башка президенттердин өтүнүчү менен сыртка аман-соо чыгарууга уруксат бергенин айттыңыз. Ал эми Жаныш Бакиевди, Данияр Үсөновду, башка ири фигуранттарды неге убактылуу өкмөт кармай албай койду? Же айрымдар имиш тараткандай акчанын ролу да болгонбу?

Курманбек Бакиев Тейит айылында, 2010-жылдын 12-апрели.
Темир Сариев: Бакиев Жалал-Абадга учуп кетип, өзүнүн айылы Тейитте элди топтоп, аларды “тирүү калканч” кылып турду. Анан эки жаат болуп, кагылышуу болуп чоң чатака айланып кетүү коркунучу туулуп турду. Биз өз учурунда атайын органдарды жиберип, аны алып келүүгө аракет кылдык. Бирок бизде анда күч дагы жок эле, бизге толук баш ийип берген аймактык жетекчилер дагы жок эле. Ошол абдан чоң кыйынчылык болду биз үчүн. Анан башка мамлекеттердин жетекчилери да биз менен байланышып, өзүлөрүнүн өкүлдөрүн жиберип, бул жерден сүйлөшүүлөр жүрүп жатты.
Бул нерсени унутуп коюу мүмкүн эмес, тарыхыбызды унутууга барабар. Биз аларды кайтарып келип, жазалашыбыз керек. Тарыхыбызда эми мындай окуя кайталанбасын.


Дүйнөлүк тажрыйбада бар, башка мамлекеттер ошондой учурда башка өлкөнүн жетекчисин алып кетүү боюнча эрежелер. Мисалы азыр Түндүк Африка өлкөлөрүндө деле ушундай болууда. Анан ошол эрежелердин негизинде чыгарып кетелик деп коңшу өлкөлөр, АКШжана Европа Биримдиги суранып, бийик деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрдү. Биз үчүн бул өтө оор чечим болду. Ал чечимди убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева кабыл алды, албетте алгач Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен биргеликте чечип туруп. Ал эми Суталинов, Үсөновдор биз баягы 7-8-апрель күндөрү өзүбүз чаң тополон болуп жатканда из жашырып чыгып кетишти. Биз эсибизди жыйып, издеп баштаганда алар Кыргызстанда жок болуп чыгышты.

“Азаттык:” Сот процессинде негизги фигурант болгон Бакиевдер акыры келип, сурак берет деп үмүт кыласызбы?

Темир Сариев: Үмүт кылам, бул биздин милдет. Анткени бир топ адам өлдү, бир топ адам жаракат алды. Канчалаган тагдырлар талкаланды. Элибиздин аң сезимине, жашоо-тиричилигине абдан чоң доо кетти, кыйынчылык түштү. Бул нерсени унутуп коюу мүмкүн эмес, тарыхыбызды унутууга барабар. Биз аларды кайтарып келип, жазалашыбыз керек. Тарыхыбызда эми мындай окуя кайталанбасын. Ар бир курал көтөргөн адам, куралын октоп элди атаардын алдында ойлонуп сезиш керек, туура эмес буйрукту аткарбаш керек. Ал эми буйрук берген адам сөзсүз жазасын мыйзам түрүндө алыш керек. Кылмыш кодексинде атайын берене бар.

“Азаттык:” Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG