Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

"Ата-Бейит": Бир жылдан кийин


7-апрелде "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде өткөн жылы ушул күнү шейит кеткендерди эскерүү болуп, алардын бейитине гүл коюлуп, куран окулду.

Уулунан ажыраган эне, куран окуган небере

Эртең менен саат сегизден баштап былтыр 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында окко учкан азаматтардын сөөгү коюлган Аламүдүн районунун аймагындагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги бейитке алардын артында калган үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары, жоро-жолдоштору келип куран окуп, гүл коюп, күйүткө батып турушту.

Кайгы-муңга батып турган адамдардын ушул учурдагы абалын сөз менен түшүндүрүү мүмкүн эмес эле.

Жетисинде уулунан айрылган эне. "Ата-Бейит", 7-апрель, 2011-жыл.
Тогуз жаштагы Нурдавлет Сатыбалдиев бир тууган таекеси Теңизбек Алтынбековдун бейитине келип куран окуп, анын бир жыл мурда кандайча каза болгонун мындайча сүрөттөдү.

- Теңизбек таекем ошол күнү мончого барып келип, анан "балдар менен аянтка кеттим" деген. Кечинде апам таекеме телефон чалып,”кайда жүрөсүң, үйгө тез кел” дегенде, тез эле келерин айткан. Саат он бир жарымда кайра чалса телефонуна жооп бербей калды. Түн ичинде апам түш көрүп, таекеме чыныга кымыз куюп, “кымыз ич” дептир. Таекем болсо “мени алып кеткилечи” дептир. Эртең менен эле апам бирдеме болгонун билип, издеп кетти.

Бул жаш баланын таенеси Зинаш Иманбетова уулу Теңизбек теңсиздикке каршы борбордук аянтка атайын барганын, ошол кездеги бийлик карапайым элдин арыз-муңун угуунун ордуна ок менен тосуп алганын айтып турду.

- Уулум кесиби боюнча жумуш таба албай, курулушта, тигүүчү цехте, деги ар кайсы иште жүрүп кыйналып да кеткен. Ошол күнү 7-апрелде митинг болот дегенде өз каалоосу менен барган экен. Ал жерге барганда көзгө атарлар баламды жаакка атканда, ок оозунан кекиртегин аралап, желкесинен чыгыптыр. Эми эмне кылайын, аргам жок. Түбөлүккө тынч жат. Жаткан жериң жайлуу болсун.

Сотко нааразылар

Бул Зинаш апа сыяктуу боздогон энелер, келиндер, атасынан эрте жетим калган балдар кайгы тартып отурушту.

Алар 7-апрелде элге ок ачкан ошол кездеги мамлекеттик кызматкерлердин мыйзам алдында жоопко тартылбаганына, бул окуя боюнча жүрүп жаткан сот жараяны создуктурулганына нааразы болушту.

Асира Жусупованын жолдошу Жалал-Абад облусунун Сузак районунда төрөлгөн Махамажан Камчиев 39 жашында Ала-Тоо аянтында октон мерт болгон. Артында үч баласы жетим калды.

- Карапайым элди аттырып коюп качып кеткендерди эмне үчүн азыркы бийлик соттобойт? Азыркы бийлик алсыз болуп жатат. Ал эми апрель окуясы боюнча соттун жүрүшү да бизге түшүнүксүз. Судьялар, айыпталып жаткандардын жактоочулары мындай ишти көп түшүнө бербеген адамдарды кайра-кайра сурап, жаңылтып жатат. Бул соттун деле адилет болооруна көзүм жетпей калды.

"Кепиндин чөнтөгү жок"

Саат ондо 88 баланын арбагына "Ата-Бейитте" куран окулуп, бата кылынды.

Саат он жарымда президент, премьер-министр, парламент төрагасы баштаган жоон топ гүл чамбар көтөргөн жоокерлердин коштоосунда бирден кызыл гүл көтөрүп, күмбөз орнотулуучу белги таштын жанына барышты.

Экинчи топто Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик кызматкерлер келди.

Үчүнчү топто Өмүрбек Текебаев баш болгон "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү, апрель ыңкылабынын жигердүү катышуучулары келишти.

Президент Роза Отунбаева:

- Былтыр ушул маалда атылган октон жалтанбай, ажалга тике карап, калыс заман, адилет бийликти эңсеп, алга карай барышкан эле. Биз кырчындай жаш жигиттерди жерге берип жатканда айтылган сөздөр, комуз күүсү коштогон муңдуу кошоктор азыр дагы эстегенде жүрөк титиретет. Ошол кезде агасын эстеп иниси айткан сөз эсте калды. “Кыргыздар, артка кайтпагыла, качпагыла” деп агасы айтканын эскергенде мындай жигит менен кайсы эл болсо да сыймыктанат деп ойлойм. Уулу каза болгондо кайрат кылып, салмактуу сүйлөгөн атасынын сөзү эсибизде. “Кепиндин чөнтөгү жок, байлыкты тиги дүйнөгө ала кетпейсиң” деп айткан молдонун сөзү эсибизде.

Жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлоп, элине каршы саясат жүргүзгөн бийликке элибиз эч качан башын ийип бербей тургандыгын 7-апрелдеги элдин толкуну далилдеди. Мен ушул жерден ошол 7-апрелдеги элдик көтөрүлүшкө катышкан бардык мекендештерибизге ыраазычылык билдирем.

Роза Отунбаева ошондой эле эл баатырлары эч качан унутулбастыгын, эң башкы нерсе – алар эңсеген эркиндикке, адилет, калыс заманга жетүү үчүн аракеттерди аябай, элдин тилеги ишке ашарын белгиледи.

Президент “таазим силерге – эл баатырлары! Жаткан жериңер жайлуу болсун, Жараткан жаннаттан жай берсин!”, - деп сөзүн аяктады.

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин башкы архитектору Уланбек Бейшенбаев 2010-жылдын 7-апрелинде каза тапкандардын элесине арналып, бийиктиги 8-9 метрлик бийик күмбөз тургузуларын, ал эми борбордук аянтта эстелик ак жана кара граниттен, коло металлдан жасаларын билдирди.

"Ата-Бейитте" эскерүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:42 0:00
XS
SM
MD
LG