Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Депутат Пирматовдун жердештери митингге чыкты


Исхак Пирматов, ЖК депутаты ("Республика" фракциясы)
Исхак Пирматов, ЖК депутаты ("Республика" фракциясы)

Ала-Букада Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго козголгон кылмыш ишке каршы топ нааразылык акциясына чыкты.

Айрым жергиликтүү талдоочулар муну тергөөгө жана депутаттын кол тийбестигин алууну кароо боюнча парламенттик комиссияга карата саясий шантаж катары баалашууда. Пирматов өзү митингди уюштурууга каршы болгондугун белгиледи.

Кезектеги митинг

Ала-Бука районунун борборуна депутат Пирматовдун жактоочулары чогулушуп, ага каршы козголуп жаткан кылмыш ишине нааразылыктарын айтышты. Ага буга чейин кылмыш ишинин эки ирет ачылып, эки ирет жабылгандыгы негиз болгон. Мына ошондуктан Пирматовду коргоо комитетинин төрагасы Кеңеш Жумабаев депутатка козголгон кылмыш ишин саясий буюртма деп эсептейт:

- Пирматов көчөдө калган бала эмес. Анын дагы шайлоочулары бар. Эки миңден ашуун адам чыгабыз деген. Бул иштин саясий буюртма экендиги анын улам ачылып, жабылып жаткандыгынан эле байкалып турбайбы. Мына үчүнчү жолу кайрадан ачылган кылмыш ишинин негизинде баш прокурор Аида Салянова парламентке “анын кол тийбестигин алып бергиле” деп кайрылыптыр. Баш прокурор өзү кимдин саясий буюртмасын аткарып жатканы бизге белгилүү.

Чогулгандардын саны акцияны уюштуруучулардын айтымында, алты жүздөн ашуун. Ал эми жергиликтүү милициянын маалыматы боюнча, эки жүз адамдын айланасында. Арасында атчандар да байкалган.

Басым көрсөтүүнүн бачым усулу

Мындай көрүнүштү айрым жергиликтүү тургундар бийликке сүр көргөзүү аракети катары баалашууда. Митингге байкоо салган жергиликтүү тургундардын бири Улан Турдалиев аталган акцияны Пирматовдун иши боюнча тергөөгө басым көрсөтүү аракети катары баалады:

- Эл азыр кышында айылда бекерчи. Анан “бусиктер менен район борборуна бекер алып барса кээ бирөөлөр кызыкчылык үчүн деле барат да. Депутаттык комиссия иликтесин, аягына чыксын. Анан эле алдын ала мына ушуга окшогон нерселерди уюштургандарга таң калам. Бизде бирөөнү камап же иш козгоп койсо эле элди көтөрөбүз деп чуркашат. Элди башында ойлош керек болчу. Ушундай жол менен жүрүп отурсак кантип тазаланабыз! Кантип анан коррупция менен күрөшөбүз!

Нааразылык акциянын катышуучулары Ала-Бука районунун акими менен жолугушуп, мамлекет башчысынын атына жазылган кайрылуусун тапшырышты. Митингдин катышуучулары өз кайрылуусунда депутатка каршы козголгон кылмыш ишин жабуу жана баш прокурор Аида Салянованы кызматтан кетирүү талабын көтөрүштү.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев айрым депутаттар кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн саясий шантажга барып жатышкандыгын белгиледи:

- Өзүнүн күнөөсү жок экендигин маданияттуу жолдор менен далилдөөнүн ордуна мыйзам чыгарам деп барган адамдардын ушундай кадамын кандайча бааласа болот? Булар минтип коркутуп “антип жиберебиз, минтип жиберебиз” деп олтурса деги эле иш козгоп, мыйзамдуулукту сактоонун кереги жок экен да анда!

Пирматов кол тийбестиктен баш тартат

Депутат Исхак Пирматов аны коргоп чыккан нааразылык акциясынын уюштурулуп жаткандыгы боюнча алдын ала кабары болбогондугун айтты. Ошондуктан аны атайын уюштурулган саясий шантаж деп атоого негиз жок деп эсептейт.

Пирматов жактоочуларынын басым көрсөтүүсүз эле депутаттык кол тийбестигинен баш тартууга даяр экендигин айтты:

- Бул эч кандай шантаж эмес. Мен митинг тууралуу укканда эле “эч кандай митингдин кереги жок” деп ага каршы чыккам. Эми туугандар экен да. Анан ал жакка чогулгандарга чалып, таркап кетүүсүн сурандым. Эгерде комиссияда кандайдыр бир күмөн саноолор боло турган болсо, мен добушка койууга жеткирбей эле өз ыктыярым менен кол тийбестиктен баш тартам. Бул тууралуу мен бир нече жолу айттым.

Исхак Пирматовго карата кылмыш иши ал “Кыргызнефтигазды” жетектеп турган учурунда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген негиз менен
2011-жылы март айында козголгон. Анда мамлекетке ири өлчөмдө каржылык зыян келтирилгендиги көрсөтүлгөн. Бирок буга чейин аталган кылмыш иши белгисиз себептер менен эки жолу токтотулган болчу.

XS
SM
MD
LG