Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Башкы прокуратура: Пирматовду суракка тартуу керек


Башкы прокуратура парламентке кайрылып, “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго кылмыштык тергөө жүргүзүү үчүн кол тийбестик статусунан ажыратууну суранды.

Депутатка өлкө түштүгүндөгү ири мунайзат ишканасын жетектеп турганда коррупцияга жол берген деген айыптар тагылууда. Ал эми Пирматов бул айыптоолорду четке кагып жатат.

Буга чейин “Республиканын” дагы бир депутаты Шаршенбай Абдыкеримов мурда жетектеген арак чыгаруучу “Аюу” фирмасына салык жашырган деген айып менен иш козголгон.

Прокуратура: Каржылык зыян келтирген

Башкы прокуратура “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовго карата кылмыш ишин козгоп, аны жоопкерчиликке тартууну көздөп жатат. Депутатка 2008-2010-жылдары “Кыргызнефтегаз” ААКсын жетектеп турганда ишканага каржылык зыян келтирген деген айып коюлууда.

Башкы прокуратуранын Өзгөчө оор кылмыштар боюнча башкармалыгынын жетекчи орун басары Мелис Мурзаканов:

- “Кыргызнефтегаз” бензин, күйүүчү май жана мазут чыгарат. Аларды ошол кезде “Газпромнефть” жана “Кыргызпетролкомпани” компанияларына караганда арзан баада сатышкан. Мисалы, мазут тоннасы 10 миң болсо, аны төрт, беш, жети миңден саткан учурлар болгон.

Мурзакановдун айтымында, ушул тапта келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Ал эми бейрасмий маалыматтарда эки жыл аралыгында ишканага 9 миллион доллардан ашык зыян келгендиги айтылып келатат. Башкы прокуратура Пирматовду тергөө ишине тартуу үчүн парламенттин макулдугун алуу зарыл болорун кошумчалады. Мелис Мурзаканов:

- Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Ошонун негизинде жыйынтык чыгарабыз. Бирок бул жерде депутаттын кол тийбестиги бар. Ошол маселе чечилиш керек. Андан кийин башка иштер жүрөт. Азырынча Жогорку Кеңеш бизге кандай жооп берери белгисиз.

Ал эми Башкы прокуратура 21-февралда Пирматовду тергөө ишине тартууга уруксат берүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке кат менен кайрылды. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, сунуш түшкөндөн кийин 48 сааттын ичинде депутаттык комиссия түзүлүүгө тийиш. Ал комисия бир ай аралыгында парламентке өз жыйынтыгын берип, андан соң парламент депутатты жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү, же бербөө чечимине келишет.

Пирматов: күнөөм жок

Жогорку Кеңештин шаршембиге белгиленген жалпы жыйынында комиссия түзүлүшү ыктымалдыгын депутат Исхак Пирматов өзү да ырастады.
Бирок ал өзүнүн бул иште эч кандай күнөөсү жоктугун айтууда. Анын билдиришинче, бул кылмыш иши өткөн жылы март айында эле козголуп, бирок анда кылмыштын курамы жок деген негиз менен токтотулган.

- Бул жерде эч кандай кылмыштын элементтери жок. Эгер анда кылмыш иши болсо, эки ирет кыскартмак беле? Кылмыш жок болгон үчүн кыскартылган. Эми бул жерде мен күнөөм жок деп айтып койо беришим мүмкүн. Бирок жогоруда айткандай, ал иште кылмыштын курамы жок деп кыскартылган болчу. Менимче, мындай аракеттер бул ишке кайсы бир кызыкдар адамдардын бар экенин билдирет. Ошон үчүн атайын ага басым жасап жатышат.

Буга чейин 10-февралда өлкөдөгү эң ири “Аюу” арак заводуна да жасалма акциздик маркаларды колдонгон деп айып коюлуп, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жана Каржы полициясы кылмыш ишин козгогон. Бирок заводдун жетекчилиги муну четке кагууда. Бул фирма “Республика” фракциясынын башка бир депутаты Шаршенбек Абдыкеримовдун жакын адамы Ырысбүбү Абдыкеримовага таандык. Бирок фирманын чыныгы ээси депутат Абдыкеримов өзү экендиги айтылып келатат.

“Республика” фракциясынын депутаттарына карата бул иштерди коалициялык көпчүлүктүн ичиндеги келишпестиктер катары сыпаттагандар да жок эмес. Ошол эле кезде аны коррупцияга каршы чыныгы күрөш катары баалагандар да бар. Ал эми парламенттеги башка депутаттарга да кылмыш иши козголушу мүмкүн экендиги айтылууда.
XS
SM
MD
LG