Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Коалиция санаасы: экөө бирикти, үчүнчүсү ким?


А. Атамбаев менен Ө. Бабанов 2006-жылы да Бакиев бийлигине каршы чогуу аттанышкан эле. (Сүрөттө: "Реформа үчүн" кыймылынын митинги, 2006-жылдын ноябры.)
А. Атамбаев менен Ө. Бабанов 2006-жылы да Бакиев бийлигине каршы чогуу аттанышкан эле. (Сүрөттө: "Реформа үчүн" кыймылынын митинги, 2006-жылдын ноябры.)

Шайлоодон утуп чыккан партиялардын ичинен Социал-демократтар менен «Республика» башкаруучу коалицияга биригүү ниеттерин билдиришти. Бирок парламенттик көпчүлүктү алуу үчүн буга кеминде дагы бир партиянын кириши зарыл. Ага үч партиянын арасынан кимиси кириши мүмкүн экендиги азырынча белгисиз.

Буга чейин Президент Роза Отунбаева коалицияга кире турган партиялар жөн эле бирикпестен, өлкөнү кризистен алып чыгуунун саясий-экономикалык негиздери боюнча бирдей макулдашууну бекитүүгө жетишүү зарылдыгын алдыга койгон болчу.

Социал-демократтар менен “республикачылардын” тандеми

Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Социал-демократтар жана “республикачылар” бир катар багыттар боюнча бир пикирге келишти. “Республика” партиясынын маалымат борборунун жетекчиси Кубат Болоткановдун айтымында, буга аталган партиялардын көз караштарынын окшоштугу түрткү болду:
"Республика" партиясынын шайлоо алдындагы үгүт-жарнагы

- Сүйлөшүүлөр дагы деле жүрүп жатат. Негизинен биздин партия менен социал-демократтардын экономикалык өнүгүү жана тышкы саясат боюнча көз караштары окшош экендиги белгилүү болду. Андыктан алар менен биздин койгон максаттарыбыз бир болгондон кийин коалиция түзүүдө бир кыйла жакын экендигибиз да эске алынды.

Бирок парламенттик башкаруучу коалицияны түзүүгө аталган эки партиянын мандаттары жетишпейт. Ошондуктан бул саясий экилтикке үчүнчү партиянын кошулушу талап кылынат. Мыйзам боюнча башкаруучу коалицияга бириге турган партиялардын кошкондогу мандаттары кеминде алтымыш бир орундан кем болбошу керек.

Тандем үчүнчү партияга издөө салат

Социал-демократтар партиясынын маалымат борборунун жетекчиси Фарид Ниязов үчүнчү партия катары “Ата Мекен” менен сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн, бирок тышкы саясат боюнча эки ача пикирлер орун алып жаткандыгына токтолду:
Фарид Ниязов

- Эки партиянын ортосунда бардык маселелер боюнча макулдашууларга жетишилди. Бирок үчүнчү орун бош турат. “Ата Мекен” менен сүйлөшүүлөр улантылганы менен тышкы саясат боюнча көз караштардын ажырымы сакталып турат. Биздин партия башка партиялар менен сүйлөшүүлөрдүн болушун жокко чыгарбайт. Анткени парламент келип, тезирээк өкмөттү курап бийликтеги боштукту толтурушу керек.

Бирок “Ата Мекендин” аталган экилтикке үчүнчү өнөктөш катары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөн гана тышкы саясаттагы айтылбаган ачакей көз караштарга шылтоолонуп жаткандай.

Болбогон сүйлөшүүнү кимдер болтурду?

Өмүрбек Текебаев
Анткен менен “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жогоруда аталган экилтик менен коалиция түзүү туурасында сүйлөшүүлөрдүн өткөндүгүнүн өзүн төгүндөдү:

- Биз менен эч ким сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. Социал-демократтар партиясы деле биз менен сүйлөшүп, анан кандайдыр бир маселелер боюнча пикирлерибиз ача чыккан учурлар боло элек. Муну эмнеге таянып айтып жатышат билбейм. Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр депутаттар парламентке келгенден кийин расмий түрдө башталат. Ошондо көрөбүз. Азырынча эч кандай сүйлөшүүлөр жок.

“Ата Мекенди” каалабаган “кожоюндун” кулагы сырттан көрүнөбү?

Буга чейин парламенттик башкарууну киргизүү багытында көз караштары окшош болуп келген социал-демократтар менен “атамекенчилердин” коалиция түзүүдө тышкы саясат боюнча көз караштарынын дал келбей калгандыгынан күмөн санагандар аз эмес.

Саясат таануучу Кубан Абдымен мында Кремлдин “Ата Мекен” партиясынын жетекчилигине карата көзү түз эместигинин таасири болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарбайт:
Кубан Абдымен

- Эмне үчүн “Ата Мекен” партиясы менен тил табыша албай жатышкандыгы мен үчүн түшүнүксүз болуп жатат. Негизги эле себеп тигил эки партия менен Кремлдин жакшы мамилеси бар экендиги жана “Ата Мекендин” бул маселеде “сүйгүнчүк” эмес экендиги маалым. Балким мына ушул фактор роль ойноп жатышы да мүмкүн. Бирок “Республика” менен социал-демократтар “Ата Мекенден” башка калган жеңүүчү эки партиянын жеңил шарттагы макулдугун алышы кыйын. Ошондуктан бул үчөө эле биригишсе максатка ылайыктуу болуп, коалициянын иштеп кетиши туруктураак болмок.

Кызматтын жакшы “кесими” партиянын ырыс-кешигиби?

Анткен менен талдоочулардын баамында, коалиция түзүүдөгү келишүүчүлүктөр же келишпестиктер жогорку кызмат орундарынын кандайча бөлүштүрүлүшү менен байланыштуу. Биригүүгө багыт алган партиялар чечүүчү кызмат орундарынын бөлүштүрүлүшү боюнча макулдашкандан соң, үчүнчү партияга айтылган сунуштар көпчүлүк учурда аны канааттандырбашы мүмкүн.

Талдоочу Марс Сариев негизги талаш-тартыштар мына ушул багытта жүрүт жаткандыгына токтолду:
Марс Сариев

- Социал-демократтар менен “Республикачылар” өз ара макулдашууда чечүүчү жогорку кызмат орундарды - премьер-министр менен төраганы алдын ала чечип койгон болсо керек. “Ата Мекен” менен тил табыша албай жаткандыктарынын негизги себеби да ушуга барып такалат болуш керек. Негизи эле кайсы гана партия менен болбосун бул чечүүчү эки кызмат орду соодалашуунун негизги предмети болуп жатат. Негизи аталган коалицияга “Ата-Журт” же “Ар-намыстын” кирип калышы мүмкүн. Бардыгы жанагы кызмат орундары боюнча ким-ким менен келише алгандыгында. Менимче бул багытта “Ар-намыстын” аталган коалицияга кирүү мүмкүнчүлүгү болуп жатат.

Парламенттик башкаруучу коалицияга биригишкен партиялар өкмөттү түзүшөт. Шайлоодон утуп чыккан партиянын ичинен үчөө бириксе, калгандары парламенттик оппозицияда калышат. Жаңы баш мыйзам боюнча парламенттеги оппозицияга каржы, экономика, коргонуу, коопсуздук комитеттеринин төрагалык орундарын ээлөө жана эсептөө палатасынын көпчүлүк курамын бекитүү укугу ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG