Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

Оппозиция Жогорку Кеңешти өзүн таркатууга чакырды


Кыргыз парламенти.
Кыргыз парламенти.

“Парламентти таратуу үчүн” деп аталган кыймыл Жогорку Кеңеш өзүн өзү таратсын деген демилге менен чыкты.

Кыймыл буга 15-мартка чейин убакыт чектеп, болбосо калайман каршылык акциялары башталарын эскертти. Ал ортодо бийликке нааразы башка күчтөр да жандана баштаганы айтылууда.

Парламентаризмге бут тосуубу?

“Парламентти таратуу үчүн” кыймылынын башында турган Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов мындай демилгеге Жогорку Кеңеш өлкө бүтүндүгүнө шек келтирип, коомду бөлүп-жарат деген себептер негиз болгонун белгиледи:

- Парламентаризмге даярдыгыбыз жок. Депутаттар өздөрү тарап кетпейт. Анткени булар өздөрүнө өтө жагымдуу шарт түзүп алып, эл менен иши жок жыргап жашап жатат. Жоопкерчиликсиз башкаруу системасын түзүп алышты. Бир да адам чечпей турган башкаруу системасын түзүп алды. Парламенттик система Кыргызстанда өтө оор акыбалга кептейт.

Аталган кыймылга 5 партия жана 5 коомдук уюм кирген. Кыймыл эгер Жогорку Кеңеш өз сыйы менен тарабаса 15-марттан тарта чоң нараазылык акциялары башталаарын да эскертип жатат.

Ошол эле учурда муну оппозициянын кезектеги саясий жүрүшү катары баалап, мындай демилгеге каршы чыккандар да жок эмес.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев парламентти таркатуу кыймылынын артында башка күчтөр турганын айтып, аларды ачыктоодон баш тартты:

- Ал кыймылды Мирослав Ниязов баштабайт. Формалдуу баштаса да, анын артында кимдер турганы, кимдер каржылап жатканы баарына анык. Кимдер турарын азырынча айтпай турайын. Мисалы азыркы парламентке катуу таарынган экс-чиновниктердин көбү турушу мүмкүн. Ниязовдун ой-пикирине кошула албайм. Туура, парламент сонун иштеп кете алган жок. Терс көрүнүштөр болуп жатат. Чоң жылыштар болбосо да, акырындап болуп жатат. Каалагандай болбой жатканын моюнга алыш керек. Бирок ушундан улам өзүнүн жана кээ бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөп эле, ушундай система жарабайт дегенге кошула албайм. Бул система иштеши үчүн убакыт керек. Кеминде эки шайлоо өтүшү керек.


Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков да парламентти таратууга каршы:

- Парламент өз ишин кылып жатат. Мыйзамдарды чыгарып жатабыз. Бөлүнгөн бюджеттен ашык акча албай, ошонун алкагында өзүбүздүн ишибизди алып барып жатабыз. Парламентти таратуу тууралуу сөздөр бүгүнкү кырдаалдан улам чыгып жатса керек. Буга чейин президенттик башкарууну, президенттин алдындагы депутаттардын ишин деле көрбөдүк беле.

Оппозициянын амалы

Эксперттер бул билдирүүнү оппозициялык күчтөрдүн жаз алдындагы алгачкы кадамдарынын бири катары баалап жатышат. Талдоочу Закир Чотаевдин баамында, бул кыштагы терс маанайды колдон чыгарбоо аракети:

- Кыш канчалык катаал болсо, каршылык маанай ошончолук күчөйт. Мына декабрь айында деле ал башыбыздан өтпөдүбү. Оппозициялык күчтөр ушул маанайды колдонуп калгылары келип жатат. Мирослав Ниязов парламенттик башкаруу Кыргызстанга төп келбейт жана Жогорку Кеңешти таратуу керек деп айтыптыр. Муну менен ал эки башка багыттагы кызыкчылыкты көтөрүп жатат. Эки маселени бириктирип алып чыгып жатат. Бул “амалдуу, кыйтыр жүрүштү” коомчулук колдойбу, же жокпу, белгисиз. Бул өкмөттүн жазга даярдыгынан да көз каранды.

Президент Алмазбек Атамбаев болсо азыркы парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууга каршы пикирин билдирип келет. Жыл жаңырар алдындагы маалымат жыйынында өлкө башчысы Кыргызстан азыр таза шайлоо өткөрүүгө даяр эместигин, аны жергиликтүү кеңештерге шайлоо көрсөткөнүн айткан болчу:

- Азыр кичине сабыр этпесек, шайлоого даярданбасак ушундай эле парламент келет. Кийинки парламенттик шайлоодо деле кимдир бирөө балким добушун сатат. Бирок аны деле оңдосок болот. Мына мен депутаттарга, фракция лидерлерине мыйзамдык жана техникалык жагын даярдаш керек деп айтып жатам. Эмки, 2,5 жылдан кийинки шайлоо таза өтүшү керек. Мүмкүн башка шайлоо ыкмаларын колдонуш керек. Кадимкидей элдин үнү угулуп, эл өзү шайлагандай болушу керек.

Кыргызстанда парламентти таратуу демилгеси маал-маалы менен көтөрүлө жүргөнү белгилүү. Буга чейин “Кыргызстанды сактоо” деген кыймыл да парламентти өзүн өзү таратууга чакырган эле.

Кыргызстан парламенттик демократияны жарыялаганда АКШ, Европа өлкөлөрү кызуу колдоп, ал эми Орусия бийлиги терс пикирин билдиргени бар.

XS
SM
MD
LG