Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

Москва жыттанган шайлоо жана нааразылыктар


Путин – Кыргызстандан колуңду тарт!” аттуу акция, Бишкек, 20-октябрь.
Путин – Кыргызстандан колуңду тарт!” аттуу акция, Бишкек, 20-октябрь.

Шайлоого байланыштуу чыр-чатактардын өзөгүн Москва менен байланыштыргандар 20-октябрда Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында “Путин – Кыргызстандан колуңду тарт!” аттуу нааразылык акциясын өткөрдү.

Орусия төбөлдөрү соңку кездери Кыргызстандын ички иштерине катуу кийлигише баштаганын бир катар саясатчылар айтып чыгышкан. Бирок Бишкектин чок ортосундагы Орусиянын элчилиги алдында муну ачык билдирген акция биринчи жолу өттү. Акция “Путин – Кыргызстандан колуңду тарт!” деп аталды.

“Путин – Кыргызстандан колуңду тарт!”

Путин – Кыргызстандан колуңду тарт!” аттуу акция, Бишкек, 20-октябрь.
Facebook, Twitter сыяктуу интернеттеги социалдык ресурстарда Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу көптөгөн талкуулар, ой-пикирлер айтылып келаткан. Интернеттеги талкууга катышкандардын айрымдары нааразычылык иретинде Орусия элчилигинин алдына барууну чечишкен. Акциянын демилгечилеринин бири Илья Лукашовдун айтымында, алар тек гана Орусия төбөлдөрүнүн Кыргызстанга карата саясатына каршы чыгышууда:

- Орусия мамлекети Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келаткан улуу мамлекет экенин айта кетишибиз керек. Бирок алар Кыргызстанда тышкы саясатты туура эмес жасашууда. Биз Орусиянын бийлигинин аракеттерине гана нааразы болуп атабыз. Биз, Кыргызстан көз карандысыз мамлекетпиз. Андыктан биз өлкөнү кандай негизде башкара турганыбызды өзүбүз чечишибиз керек.



Акциянын он чакты катышуучулары колдоруна “Кыргызстан Орусиянын федералдык округу эмес”, “Путин – Кыргызстандан колуңду тарт” деген сыяктуу жазууларды кармап турушту. Аларга элчиликтен эч ким чыккан жок. Ал эми көп сандагы милиция кызматкерлери улам эскертүүлөрдү берип атышты. Орусия элчилигинен журналисттер үчүн да бирөө-жарым чыкпасын билдиришти.

Тышкы оюнчулар жана шайлоо чатагы

Орусия элчилиги алдына Кремль саясатына нааразы болгон он чакты гана адам чыкса, Бишкектеги эски аянт менен жаңы аянтта митинг өткөрүп аткандардын саны жүздөп саналат. Бир тарап мурдагы бийликтин камчысын чапкандар кайра эле бийликке келатканын айтышса, экинчи тарап беш пайыздык чектин өсүп кеткени үчүн БШКга, бийлик өкүлдөрүнө нааразы болушууда.
Мирсулжан Намазалиев

Борбор Азиядагы эркин рынок институтунун аткаруучу директору Мирсулжан Намазалиевдин баамында, соңку кездери митинг-пикеттердин жандануусуна Орусия олчойгон салым кошту. Анткени Кремль өзүнө ыктаган партияларды колдоп, жактырбаганына бут тосуп койду. Ошол себептүү шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары да чыр-чатактарды пайда кылууда:

- Менин оюмча Орусия Кыргызстандагы саясатка абдан терең киришип, көпчүлүк чечимдер Кремлсиз өтпөй калды. Азыр коалиция түзүп атканда да беш партиянын төртөөнүн лидерлери Москвага учуп барып, ал жактан ар кыл жолугушууларды өткөргөнү бизди жок эле дегенде капалантат...

Саясий серепчи Токтогул Какчекеевдин пикиринде, Кыргызстандагы шайлоо процесстерине Орусия кийлигишти деп айтуу ашыкчалык кылат. Ал эми Кыргызстандын парламенттик системага өтүүсүн Кремль жетекчилери сындап аткануу туура иш. Анткени бул тенденция коңшуларга, акыры барып Орусияга да ооп, КМШ чөлкөмүндө тынчтык бузулуусу мүмкүн. Талдоочунун баамында, Кыргызстанга парламенттик башкаруунун келгени батыштан колдонгон ой жана ал өлкө табиятына туура келбейт:
Токтогул Какчекеев

- Бул, парламентаризм деген ой, бизге батыштан келген ой. Анткени биз парламенттик республика түзөбүз деп, Кыргызстанда аны баштап, эгер ал оңунан чыкса, анда ал Казакстанда да башталат. Андан ары ал Өзбекстанда, Кавказда, Орусияда да башталат. Бул деген ыдырап, бири-бири менен кагылышууга жол түшөт. Ушуну айтып атат Медведев. Ошондуктан анын айтып атканынын себеби бар. Анткени бул Кыргызстанга эле эмес, Орусияга да кесепетин тийгизет.

“НСК Кыргызстан” компаниясынын адиси Талант Кемеловдун пикиринде, Кыргызстандын жаңы багытын, парламенттик башкарууга өтүүсүн батыштагы демократиялык күчтөр абдан кубаттаган. Андыктан бийлик өкүлдөрү ал күчтөр менен байм-бай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Орусиянын ички саясатка түздөн-түз кийлигишүүсүн тизгиндөө чараларын көрсө болмок.


Элчиликтин алдындагы акция
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:00 0:00

XS
SM
MD
LG