Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Ош мэриясы: кошумча каражат кайда?


Ош шаар бийлиги республикалык бюджеттен капиталдык курулуш үчүн кошумча каражат бөлбөйт деп өкмөткө доомат койду.

Бирок Каржы министрлиги борбордук казынадан берилип жаткан каражат Оштун бюджетинин жарымына жакынын түзөрүн айтып, дооматты четке какты.

Каражат кандай бөлүнгөн?

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов эки жылдан бери жергиликтүү бюджетке борбордук казынадан кошумча каражат түшпөгөнүн билдирди. Муну менен ал мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Ошко сапары учурунда өкмөт эки жылдын ичинде шаарга бир миллиард сомдон ашуун каражат бөлүнгөн деген билдирүүсүн жокко чыгарды.

Ош мэриясынын маалымат кызматы "бул сумма Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясына бөлүнгөн каражат менен чаташтырылган" деп, президенттин билдирүүсүнө түздөө киргизди.

2011-жылы Ош жана Бишкек шаарларына 340 миллион сом ссуда берилген. Бирок борбордук бийлик Бишкек шаардык мэриясынын насыясын кечип, ошол кезде Оштон ал каражат кайра кайтарылып алынган.

Ош шаар мэринин биринчи орун басары Алимжан Байгазаков жол оңдоо сыяктуу чыгымдарды каржылоодо өкмөт тең карабай жатканын белгиледи:

- Бизге жолдорду оңдоого каражат бөлүнбөй жатат. Ал эми каражат Бишкекке бөлүнүптүр. Бизге шаардын жолдорун оңдоп, капиталдык курулуш иштерин жүргүзүүгө 1 жарым миллиард сом керек. Жылдын башынан бери сурайбыз, бирок жооп жок. Анан жергиликтүү каражаттын эсебинен ага эптеп аз-маз акча карадык. Былтыр берилген ссуданы да кайра кайтарып алышты. Бишкекке берилген ошол эле сумма анын өзүндө калтырылган.

Чаташтыруунун арты адаштыруу

Ош шаарынын 2012-жылга карата бюджети 1 миллиард 200 млн. сомду түзөт. Ал эми баш калаа Бишкектин бюджети 6 миллиард сомдон ашуун суммага барабар. Каржы министрлиги Бишкек шаары 2 миллиард сомго жергиликтүү бюджеттин эсебинен билим берүү тармагын каржылагандыктан ага кошумча капиталдык салымга акча бөлүнөрүн түшүндүрүп берди.

Бюджеттер аралык башкы башкармалыктын башчысы Зоотбек Кыдыралиев Ош шаарына каражат бөлүүдө бюджеттик каржылоонун принциптери бузулган жок деп эсептейт:

- Коммуналдык тейлөөгө мурдагы жылы 11,5 миллион, былтыр ремонт иштерине 4 миллион, турак жайды колдоого 2 миллион сом алышкан. Мына ошонун бардыгы республикалык бюджеттен берилген акча да, же ошонун бардыгын Мырзакматов чөнтөгүнөн берип жатабы? Ал эми Ош шаарына капиталдык салымга каражат бөлүнбөгөнүнүн себеби аларга 462 миллион сомдон ашуун категориалдык грант каралган. Бул шаардын билим берүү тармагы бүтүндөй республикалык казына аркылуу кармалат дегенди түшүндүрөт. Бишкек болсо ошол каражатты өзүнүн эсебинен каржылагандыктан ага капиталдык курулушка каражат каралып турат.

Ошол эле кезде Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Бишкек жана Ош республикалык маанидеги макамы бар шаарлар болгондуктан аларды каржылоо жагы да окшош болууга тийиш экендигин билдирген. Анткен менен баш калаадан түшкөн киреше республикалык бюджеттин тең жарымына жакынын түзөт. Андыктан каржылоодо акыйкатсыздык бар дегенге негиз жок дейт Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов:

- Биринчиден, анын Бишкекке берип, бизге бербейт деп айтканы туура эмес. Бул эми саясий кызматтагы мамлекеттик жетекчинин оозунан чыга турган сөз эмес. Республикалык бюджеттин 40 пайыздан ашуунун, же башкача айтканда 30 миллиард сомдон ашыгын Бишкек берет. Бирок ошого карабастан мына ошол капиталдык курулушка бизге болгону 58 миллион сом бөлүндү. Бир нерсе айтардан мурун салыштырып көрүш керек да.

Ош шаарынын мэри Мырзакматов менен борбордук бийликтин ортосундагы мындай пикир келишпестик биринчи жолкусу эмес. Буга чейин айрым басылмаларда анын борбордук бийлик менен тирешкен учурлары боюнча бир канча мисалдар келтирилген болчу.

XS
SM
MD
LG