Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Колдоо күткөн бюджет


Кыргызстан бюджет тартыштыгын жабууда эл аралык уюмдардын жардамына үмүт артат. (Төлөгөн Карыкеевдин карикатурасы.)
Кыргызстан бюджет тартыштыгын жабууда эл аралык уюмдардын жардамына үмүт артат. (Төлөгөн Карыкеевдин карикатурасы.)

Каржы министрлиги биринчи жарым жылдыкта бюджет тартыштыгы эки млрд. сомго кыскарганын, алты айдын жыйынтыгында бюджеттин аткарылышы ийгиликтүү болгонун билдирди.

Ошол эле учурда экинчи жарым жылдыкта бюджетти аткаруу жана айлык-акыларды төлөө кыйынга турат деп кооптонгондор бар. Кыргызстан бюджет тартыштыгын жабууда эл аралык уюмдардын жардамына үмүт артууда.

Аткарылган социалдык төлөмдөр

Кыргызстанда социалдык тармакка төлөмдөр республикалык бюджеттин 41 пайызын түзөт. Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев 4-июлдагы маалымат жыйынында жарым жылда ал жүз пайызга аткарылганын билдирди.

- Биринчи жарым жылдыкты ийгиликтүү аяктадык десек болот. Биринчиден, киреше бөлүгү боюнча салыкчылар жана бажычылар толук планды аткарышты. Мисалы бажы кызматкерлери былтыркыга караганда 3 млрд. сомго көп киреше жыйнады. Ал эми чыгаша жагын айтсак, быйылкы бюджеттин өзгөчөлүгү биз социалдык тармактын айлык-маянасын бир нече ирет көтөрдүк. Жыйырма жылдан бери социалдык тармакта мынчалык маянаны көтөрүү деген болгон эмес.

Арзыбек Кожешевдин айтымында, 2011-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 67, чыгашасы 90 млрд. сом деп бекитилген. Ал эми бюджет таңсыктыгы 21 млрд. сомду түзөрү айтылган. Кожошев алты айдагы бюджеттин аткарылышы мезгилинде анын тартыштыгы 2 млрд. сомго кыскарганын айтып, жыл соңуна чейин аны жабууга мүмкүнчүлүктөр бар экенине ишендирүдө.

- Тышкы булактарды айтсак, келишим боюнча кредит түрүндө ала турган акчаларыбыз бар. Ички булактарыбыз боюнча мамлекеттик баалуу кагаздарыбыздын көлөмүн эсептеп чыкканбыз. Бул төрт-беш млрд. сомдун тегерегинде. Ошону сатып ички булагыбызга жумшайбыз.

Бюджет каатчылыгы күтүлөбү?

Кыргызстан 2011-жылдын бюджетин колдоо максатында эл аралык уюмдардан жана донор өлкөлөрдөн 255 млн. доллар алууну максат кылган. Буга чейин ал сумманын 71 млн. долларын алганы жана калган сумманы жыл этегине чейин алуу күтүлүп жаткандыгы маалымат жыйынында айтылды.

Каржылык маселелер боюнча серепчи Рита Карасартова экинчи жарым жылдыкта өкмөт үчүн айлык-акыларды төлөө кыйынга турат деген ойдо. Ошондой эле ал тышкы жардамдарды бюджетти колдоого жумшоо туура эмес кадам экендигин белгилөөдө.

-Биз өзүбүздүн киреше булагыбыз менен пенсияларды, мугалимдердин жана дарыгерлердин көтөрүлгөн айлык маяналарын төлөөдө, өкмөттүн күчү жетпей калышы мүмкүн. Ошондуктан, каяктан акча алсак, бюджетти кантип колдоого алсак деп булардын үмүтү эле эл аралык уюмдарда болууда. Бирок бул дагы жакшы көрүнүнш эмес. Дүйнөлүк банктын болобу, же башка эле аралык мекемнин акчасынбы, биз өндүрүшкө жумшасак жакшы болмок.

Мындан сырткары, Карасартова бюджеттин аткарылышын иликтөө эски ыкма боюнча калып жатат деп эсептейт. Анын оюнча, бюджеттин аткарылышы натыйжасына карап бааланышы керек.

- Бюджетти аткарган адисттерибиз анын ийгиликтүү же ийгиликсиз эмес экендигин кантип аныктайт? Мисалы алар мындай кылышат. Пландык көрсөткүчтөрдү коюшат да, ошолор аткарылса, а биздин бюджет жакшы аткарылды деп эсептешет. Азыркы бюджетти ийгиликтүү аткарылды дегенге негиз жок. Анткени бюджетти бекитип жатканда ага натыйжалулук деген принципти такыр кошпойбуз.

Жогорку Кеңештеги Бюджет жана каржы боюнча комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров да өткөн айдын соңундагы парламенттеги маалымат жыйынында бюджет тартыштыгынан улам, ноябрь жана декабрь айларында айлык-акыны төлөө кыйындап, бюджетте каатчылык түзүлөт деп айткан эле. Бирок каржы министрлиги айлык-акы, пенсия жана башка мамлекет милдеттүү болгон бардык төлөмдөр ийгиликтүү төлөнөт деп ынандырууда.

XS
SM
MD
LG