Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:42

Өкмөт: Кырдаал турукташууда


Кумтөр алтын кенин иштетүүгө каршы акциядан. Жети-Өгүз району, 31-май, 2013.
Кумтөр алтын кенин иштетүүгө каршы акциядан. Жети-Өгүз району, 31-май, 2013.

Ишембиде борбордук бийлик Жети-Өгүздөгү жана Жалал-Абаддагы кырдаал боюнча бир катар кадамдарды, анын ичинде кадрдык жүрүштөрдү да жасады.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Жети-Өгүзгө барып, митингчилер менен жолукту. Жети-Өгүздө абал оң жолго түштү деп бааланганы менен, Жалал-Абадда митингчилер менен сүйлөшүүлөр уланып жатат. Жалал-Абадда 31-майда митингге чыккан эки жүздөй киши облустук администрациянын имаратын ээлеп алып, “Ата-Журт” партиясынын облустагы өкүлү Медер Үсөновду өздөрүнүн губернатору деп жарыялашкан.

“Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч...”

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ишемби күнү эрте менен эрте Ысык-Көлгө аттанды. Жети-Өгүздө митингге чыккандардын бирден-бир талабы - аларга өкмөт башчынын келүүсү болчу. Ал эми буга чейин Мамлекеттик чек ара кызматын жетектеп келген Токон Мамытов өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлү болуп дайындалып, өкмөт башчыны коштоп жүрдү.

Премьер-министр алды менен Каракол шаарына барып, андан соң Жети-Өгүздүн Саруу айылында митингчилер менен жолукту. Сатыбалдиев эл менен жолугушууда бир катар убадаларды берди. Маселен, көлдүн күңгөйү менен кеткен Балыкчы-Каракол жолун курууну Кумтөр каржылап, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун ишин мындан ары эл өзү жүргүзмөкчү. Мындан тышкары, фонддун эсебинен жүрүүчү облустун социалдык-экономикалык маселелелерди чечүү планы бир жумада иштелип чыкмай болду.

Ошондой эле Сатыбалдиев жума күнү милиция менен болгон кагылышта жабыр тарткандарга толук медициналык жардам берилерин айтып, кагылышууда укук коргоо органдарынын канчалык күнөөсү барын карамай болду. Эл менен мындан ары Кумтөр ишканасына кеткен электр тогун өчүрбөө, жолду тоспоо да макулдашылды.

Ал эми “Центерра голд” менен Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөт башчы элден убакыт сурады.

- Мен өз сунушумду бердим. Бирок мага мөөнөттү узартып бергиле деп жатам. Мына, сиздердин демиңиздер дем болуп, мен Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого убадамды берем. Бирок сиздер да күбө болгула, “бир күндө бүтүрбөсөң, жолду тособуз, электр энергиясын өчүрөбүз” дей турган болсоңор, анда мен аны жасай албайм.

Сатыбалдиевдин айтымында, акыркы күндөгү окуялардан Кумтөр 4 млн. доллар чыгым тарткан. 28-майдан бери митингчилер тарабынан жол тосулуп, электр жарыгы улам өчүрүлүп жаткандыктан, Кумтөрдө кен казуу ишинин көлөмү азайган болчу. Ишкана жекшембиден тарта аны мурдагы чекке жеткирүүнү убада кылууда.

Жети-Өгүздө өкмөт өкүлдөрүнөн башка да Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Табалдиев жана “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар жүрдү.

31-майда райондо эл менен милициянын кагылышында жараат алган үч адам 1-июнда Бишкекке жеткирилди. Жети-Өгүздөгү митинг учурунда жараат алгандардын абалы менен таанышып чыккан акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, үч адамдын абалы оор болгондуктан, атайын учак менен Бишкекке алып кетишкен.

- Митинг учурунда үч адам көзүнөн жараат алыптыр. Алардын экөөнүн бирден көзүн жергиликтүү дарыгерлер операция кылып алып салышыптыр. Үчүнчүсүнө да көзүнө операция кылышкан экен. Бирок анын абалы начар экенин дарыгерлер мага айтышты. Аларды Бишкекке алып кетиптир.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев 1-июнда Бишкекте күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин кабыл алып, Жалал-Абаддагы жана Жети-Өгүздөгү кырдаалды талкуулады. Ага баш прокурор Аида Салянова, ички иштер министри Абдылда Суранчиев жана улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Бейшенбай Жунусов катышты. Жогорку Кеңеште болсо башкаруучу коалиция 1-июнда түштөн кийин жабык жыйын куруп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулоо үчүн 3-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына чогулуу чечимин кабыл алды.

Жалал-Абад: митингчилер облустук акимчиликтен чыга элек

Ысык-Көлдө абал турукташканы менен Жалал-Абадда митингчилер 31-майда ээлеп алган облустук администрациянын имаратын кармап турушат.Ишемби күнү митингчилер менен сүйлөшүүгө ИИМдин орун басары Курсан Асанов баштаган бийлик адамдары барган.

Облустук акимчиликтин ичине кирип алгандар. Жалал-Абад, 1-июнь.
Облустук акимчиликтин ичине кирип алгандар. Жалал-Абад, 1-июнь.

“Ата-Журт” партиясынын өкүлү, облустагы акцияларды уюштуруу комитетинин башчысы жана 31-майда митингчилер тарабынан элдик губернатор болуп дайындалган Медер Үсөновдун билдиришинче, Курсан Асанов митингчилерден 5 өкүлдү алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Бишкекке кеткен.

Ал эми митингчилер облустук админстрациянын үчүнчү жана экинчи кабаттарын, ошондой эле өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Төрөмаматовдун кабинеттерин бошотушту.

Бирок Медер Үсөнов элдин талабы аткарылмайынча имараттан чыгышпасын, бирок өзүн губернатор деп санабасын айтты.

- Жок, жок, мен өзүмдү губернатор деп санабайм. Мен координациялык кеңешти жетектейм. Биздин талаптар: Кумтөр, ошону көтөрүп чыккан “Ата-Журттун” депутаттарын камактан бошотуу, Батукаев боюнча чыккан комиссиянын чечимдери боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоо. Бийликке биздин кайрылбаган ыкмабыз калган жок. Кыргызстанда жана дүйнөдө нааразылык акциясынын канча түрү бар болсо, мыйзамды бузбастан ошонун баарын кылдык. Акырында администрациянын имаратына кирип, талабыбызды угузушка туура келди.

Ал аралыкта, Башкы прокуратура маалымат таратып, облустук акимиаттын имаратын ээлеп алуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгогонун айтты. Кылмыш иши бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо, бийликти басып алууга чакырык жасоо беренелери боюнча козголгон.

Жалал-Абадда Кумтөр кенине байланыштуу талаптар менен чыккан жетиөгүздүктөрдү колдоо акциясы 31-майда башталып, митингде “Ата-Журт” партиясынын камактагы үч депутатын (К.Ташиев, С. Жапаров, Т. Мамытов) бошотуу талаптары да көтөрүлгөн. Кийинчерек митингчилер облустук акимчиликтин имаратын ээлеп, “Ата-Журт” партиясынын өкүлү Медер Үсөновду элдик губернатор деп жарыялашкан болчу.

XS
SM
MD
LG