Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Кырдаалды ким курчутуп жатат?


Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кумтөргө байланышкан каршылык акциясынан улам Жети-Өгүздө 10-июнга чейин өзгөчө абал киргизди.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев митингчилердин койгон талабы орунсуз экенин айтып, аны аткарууга барбай турганын эскертти.

Жети-Өгүздөгү курч кырдаалга өкмөт туура баа бере албай калганын сындаган айрым депутаттар парламенттин чукул жыйынын чакырууну сунушташууда.

Бийлик бул окуяны уюштуруунун артында элдик шыкактаган күчтөр турат деген менен алардын ким экенин ачык айта алган жок.

Каржылагандар жана толкугандар

Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Кумтөр боюнча каршылык акциясынын артында өлкөдөгү кырдаалды курчуткусу келген күчтөр турат деп билдирди. Бирок премьер-министр ал кайсы күчтөр экенин атаган жок. Ал Кумтөргө электр берүүнү үзгүлтүккө учуратып, көмөкчү чордонду ээлеп алгандардан бошотуу операциясын аргасыз чара катары түшүндүрдү.

Өкмөт башчысы окуянын себептерин жана анын уюштуруучуларын аныктабай туруп, карапайым адамдарды уруп-согуу кырдаалды кайра курчутуп жиберген жокпу деген суроого “операция мыйзам чегинде өттү” деп жооп берди.

Жантөрө Сатыбалдиев - митингчилердин Кумтөр боюнча койгон талаптары орунсуз деп баалады:

- Мында уюштурулган топтордун жүргүзүп жаткан иштери экенин убакыт көрсөтөт. Азыр ички иштер жана коопсуздук органдары анын артында кимдер турганы аныкталып, тиешелүү адамдардын конкреттүү фамилиялары айтылат. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ал митингчилер башында социалдык талаптарды коюп жатып эле, анан бир учурда эле башка бир талапка өтүп кетишпедиби. Алардын койгон талабы аткарылбай турган, ультиматум түрүндө болуп жатпайбы. Өкмөт андай талапты аткарбайт.

Каршылык акциясын уюштурууну бир дагы саясий күч расмий түрдө моюнуна алган эмес. Бирок бийликчил тарап сырттан каржылоо бар деп күмөн санап, мунун артында Азимбек Бекназаров башында турган оппозиция турат деп түкшүмөлдөдү.

БЭК партиясынын теңтөрагасы Руслан Бекназаров бийлик ушундай кырдаалды өзү жаратып алып, эми жоопкерчиликти башка бирөөгө жүктөгүсү келет деп эсептейт:

- Элдин демилгечи тобу он миң кол топтоп, макулдашууну жокко чыгаруу боюнча долбоорду парламент карап берсин десе, аны бийлик шылдың катары кабыл албадыбы. Ошондо эле ушундай окуя болуп кетиши мүмкүн экени эскертилген болчу. Бирок аны уккан жок. Эми анан бийлик мына ушундай ызы-чуунун чыгышына өзү түрткү болуп алып, кайра оппозиция уюштурду дегени туурабы? Мал союлуп, бирөөлөр каржылап жатыптыр дешти. Албетте элдин кызыкчылыгы көтөрүлүп жатса, ойлонгон адам колунан келишинче жардам берет. Мен ал жакка бара алган жокмун. Мисалы, мен деле коюмду союп барып, ысык-суукта турган митингчилерди колдойт элем. Анын эмнеси бар экен? Ал жактагы эл ошентип өзүн-өзү колдоп жатат.

Ысык-Көл облусунда каршылык акциясына чыккандар Кумтөр алтын кени боюнча канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен макулдашууну жокко чыгарууну талап кылышкан.

31-май күнү таңга маал кенге кетчү жол бөгөлүп, электр энергиясы өчүрүлгөн соң каршылык акциясынын катышуучуларына каршы күч колдонулган. Жыйынтыгында 92 адам кармалган. Түшкө жуук адамдарды бошотуу талабын көтөргөн митингчилер менен милициянын атайын отряды кайрадан кагылышкан.

Кырдаал курчуп кеткенине байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Жети-Өгүзгө өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов мына буларды билдирди:

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы коомдук тартипти жөнгө салуу боюнча токтом кабыл алынып, ага ылайык 31-майдан баштап кечки саат 9дан таңкы саат 6га чейин коменданттык саат киргизилди. Бул өзгөчө абал 10-июнга чейин улантылат. Жети-Өгүз районуна комендант болуп ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев дайындалды. Ага коменданттык сааттын алкагында жарандардын укугун чектөө жана милдеттерин аныктоо боюнча бийлик укуктары берилди.

Өкмөттүн жоопкерчилиги

Талдоочулар киргизилген коменданттык саат канчалык натыйжа бериши мүмкүн деген маселени айтышууда. Анткени алар бул багытта сүйлөшүү болбосо кырдаал курчуп, ал өлкөнүн башка аймактарына да таралышы мүмкүн деген экенин божомолдошууда. Буга чейин өкмөт башчысы Сатыбалдиев учурда Кумтөргө электр энергиясы берилип, өндүрүш өз калыбында иштей баштаганын белгилеген болчу. Ошондой эле ал камакка алынгандарды бошотуу талабы менен каршылык акциясына чыккандарды эске албаганда кырдаал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө деп билдирди.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков парламенттин чукул жыйынын чакырууну сунуштап, өкмөт кырдаалга туура баа бере алган жок деп сынга алды:

- Кырдаал эч кандай көзөмөлгө алынган жок. Өкмөт көзү жок, кайдыгер тоң мамиле кылгандан улам, ушундай кырдаал орун алды. Абал мындан да курчушу мүмкүн. Ошондуктан Жогорку Кеңеш чукул жыйынга жолугуп кырдаалды талкууга алып, аны жөнгө салуунун жолдорун издеш керек. Милициянын күч колдонушу өкмөттүн чечими болду. Желим ок менен болобу же көздөн жаш агызчу газ болобу бир адамды атса дагы айыл жеринде аны бүтүндөй элге карата колдонулган күч катары кабыл алынат. Ошон үчүн бул кадамы үчүн өкмөт жооп берүүгө тийиш.

Өкмөт башчысынын орун басары Шамил Атаханов Жети-Өгүздө митингчилер менен сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ал митингчилерден кечирим сурап, кармалгандар коё берилерин жана эч кимге кылмыш иши козголбой турганын убада кылды. Буга чейин премьер-министр менен башкы прокурор кармалган каршылык акциясынын катышуучулары мыйзам чегинде жазалана турганын билдиришкен болчу.

XS
SM
MD
LG