Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:35

“Ата Мекен” боюнча Социнтернге арыз жолдонууда


“Ата Мекен” партиясы социалдык багытты тажрыйба аянтына айландырып жиберди деп эсептеген бейөкмөт уюмдар Социнтернге кайрылганы жатат.

Бирок “Ата Мекен” партиясы муну чындыкка негизделбеген жана жеке кызыкчылыктарды көздөгөн кайрылуу деп эсептейт.

Социалдык багыттагы бейөкмөт уюмдар Социнтерндин президенти Георгиос Папандреуга кайрылуу жолдоп, “Ата Мекен” партиясы Социалдык өнүктүрүү министрлигине улам бир татыксыз адамды министр кылып, тажрыйба аянтына айлантып жибергенин арызданганы турат. Азырынча аталган кайрылууну 14 бейөкмөт уюм колдогону айтылууда. Алардын арасында “Балдардын укугун коргоочулар лигасы”, “Психикалык саламаттык” коомдук уюму, “Адилет” укук клиникасы жана башка анчейин белгилүү эмес бейөкмөт уюмдар бар.

Кайрылууда “Ата Мекен” партиясы социалисттик идеяларды жана парламентаризмди жаманатты кылып жаткандыгы айтылат. Аталган партиянын атынан буга чейин министр болгон Равшанбек Сабиров жана Кылычбек Султанов ишенимди актабаганын айткан уюмдар учурда министрлик орунга сунушталып жаткан Кудайберген Базарбаевдин да татыксыз экенин белгилешүүдө. Алар 2007-жылы “Ата Мекен” партиясы мандаттан куру калган жана ыплас жолдор менен өткөн парламенттик шайлоодо Кудайберген Базарбаевдин БШКнын аппарат башчысы болуп турганын да мисал келтиришкен.

Социалдык өнүктүрүү министринин мурдагы орун басары Эдил Байсалов министрликтерди бөлүп башкаруу идеясын колдобосун, бирок өкмөттүк эмес уюмдар да жеке кызыкчылыктарды көздөп жатканын айтууда:

- Аркы-берки партиялык система менен өкмөттү экиге, үчкө бөлүп башкарган 120 депутаттын ыкмасы мага деле жакпайт. Бирок булар өчөшүп, кандай гана адам болбосун асылганга аракет кылып келишет. Мисалы, азыр Базарбаевге асылып жатышса, мурда мага асылышкан. Кылычбек Султановго, Равшан Сабировго, Айгүл Рыскуловага да асылып келишкен.

Өкмөт курамын түзгөн коалициялык келишим боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлиги “Ата Мекен” фракциясынын энчисине тийген. Партия атынан сунушталган Равшанбек Сабиров бала асыроо ишине байланыштуу 5 жылга соттолуп, ишин жакында Жогорку сот караганы турат. Ал эми андан кийин дайындалган Кылычбек Султанов кызматынан өкмөттөгү келишпестиктен улам бир ай мурда кеткени айтылган.

Жогорку Кеңештин вице-спикери, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева партия министрликке дайыма таза жана татыктуу адамдарды сунуштап келе жатканын айтат. Анын ичинде сунушталып жаткан Кудайберген Базарбаев да тажрыйбалуу экенин белгиледи:

- Равшан Сабировду сунуштаганда биз башка улуттан да биздин өкмөттө адамдар болсун дегенбиз. Анын соту толук бүтө элек, иши дагы Жогорку Сотто каралат. Андыктан андай-мындай деп айтыш али эрте. Экинчи министрибиз Султанов болсо таза киши болчу. Жакшы иштеп келе жатканда ага да мүмкүнчүлүк беришкен жок. Бүгүнкү күндө бийликке таза адамдар гана келсин, коррупционер болбосун деп да талап кылып жатпайбызбы. Мына биздин партия 2,5 жылдан бери канча коррупцияга каршы күрөшүп, схемаларды ачып, канча деген адамдарды өзүбүзгө каршы коюп алдык. Тилекке каршы, бизди түшүнөт деген мамлекеттик эмес уюмдар да ушундай туура эмес кадамдарга барып жатышат.

Кудайберен Базарбаевдин акыркы кызматы - Маданият жана туризм министринин орун басары болчу. Эми аны коалициялык көпчүлүк жана өкмөт башчы жактырып, социалдык өнүктүрүү министри кылып дайындайбы деген маселе турат.

Социнтерн- бул дүйнөдөгү социал-демократиялык багыттагы партиялардын эл аралык уюму. Социалисттик "Ата Мекен" партиясы анын бир канча жылдан берки мүчөсү. Өкмөттүк эмес уюмдар өз кайрылуусун Социнтернге келерки апта башында жолдомокчу.

XS
SM
MD
LG