Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Күттүргөн коалиция түзүлдү


2-декабрга белгиленген парламент отурумунда башкаруучу коалициянын түзүлгөндүгү расмий шартта жарыяланат.
2-декабрга белгиленген парламент отурумунда башкаруучу коалициянын түзүлгөндүгү расмий шартта жарыяланат.

“Ата Мекен” партиясы КСДП жана “Республика” партиялары менен биргеликте парламенттеги башкаруучу коалицияга кирүүгө макул болду.

“Ата Мекен” фракциясы 30-ноябрь күнү түштөн кийин социал-демократтар жана республикачылардан коалиция түзүү боюнча түшкөн сунушту дагы бир жолу карап, аны бир добуштан бекитти.

Макулдашууга ылайык, парламент төрагалыгына Өмүрбек Текебаевдин, өкмөт башчылыкка Алмазбек Атамбаевдин жана анын орун басарлыгына – вице-премьерлик кызматка Өмүрбек Бабановдун талапкерлиги көрсөтүлөөрү каралган.

Бул туурасында “Ата-Мекен” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов фракциянын жабык шартта өткөрүлгөн жыйналышынан кийин билдирди.

Мунасага келүүнүн акыркы сааттары

Өмүрбек Абдрахманов буга чейин коалицияга кирүүдө койулган шарттарга саясий өнөктөштөр көнгөндөн кийин гана “Ата Мекен” фракциясы ага кирүүгө макул болгондугуна токтолду:

Өмүрбек Абдрахманов
- Үч фракция биригип, башкаруучу коалицияга кошулуп, өкмөттү курамай болдук. Бир гана шартын айттык. Ушул үч фракция бардык маселелерди бирдей артыкчылыктуу негизде карап, чечип, бардык маселелерге чогуу жооп беребиз деген. Биз кызмат орундарын арифметикалык негизде тең бөлүштүрөлү деп эч кандай маселе койгонубуз жок. Биз кадрдык маселелердин бардыгын үч фракция чогулуп, биргеликте карап чечебиз дегенге токтолдук.

Мындан мурун “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” курган маегинде үч фракция чоң-кичинелигине карабастан жоопкерчиликти жана милдеттерди бирдей алган учурда гана коалицияга кирүүгө макулдук бериле тургандыгын айткан болчу.

Укуктук маселелер боюнча талдоочу Данияр Нарынбаев бул үч партиянын ортосунда биригүүгө тоскоол боло турган келишкис саясий-идеологиялык карама-каршылыктар мурда эле жок болчу деп эсептейт:

- Биринчиден, аталган үч фракциянын көз караштары бири-бирине каршы келбейт. Айрым учурларда кайра бирин-бири толуктап турат. Ошондой эле аталган фракциялардын лидерлеринин ортосунда бирин-бири түшүнө турган, бирин-бири колдой турган негиздер бар. Албетте өкмөттү түзүүдө кыйынчылыктар болбой койбойт. Бирок тил табышып, жакшы чечимдерди кабыл алганга мүмкүнчүлүктөр кеңири.

Узакка созулган сүйлөшүүлөр жана көшөгө артындагы оюндар

Бирок ага карабастан аталган үч фракциянын ортосундагы биригүү боюнча сүйлөшүүлөр узакка созулду. “Республика” менен биринчилерден болуп келишкен КСДП алгач “Ата Мекенге” биригүүнү сунуштап, андан соң “Ар-намыс” жана “Ата Журт” фракцияларына да сунуштамаларды киргизип көрдү. Мындай күтүүсүз жүрүштөр алардын ортосунда ар кандай жоромолдорду жаратты.

Депутаттык күбөлүк алган күн. 10-ноябрь, 2010-жыл
Бир катар талдоочулар “Ата Мекен” менен болгон сүйлөшүүнүн тездешине Астанада өтө турган ЕККУнун саммити жана өлкөдөгү акыркы окуялар себепкер болгондугун белгилешти.

Саясат таануучу Уран Ботобеков сүйлөшүүлөрдүн узакка созулушуна фракция лидерлеринин башынан ашкан саясий дымагы себепчи болуп келгендигин кошумчалады:

- Кайсы бир маселелерде соодалашуулар жүрдү. Кайсы бир жагдайларда кызыкчылыктар дал келбей, амбициялары өтө жогору болуп турду. Акыркы учурда элдин да чыдамы кетип, жоопкерчиликти алган расмий бийлик түзүлсө деп калган эле. Оштогу кечээги окуялар, бүгүнкү Спорт сарайындагы жардыруу жана сот жараянынын үзгүлтүккө учурашы сыяктуу жагдайлар чынын айтканда биригүүнүн тездешине өбөлгө түздү. Анткени 7-апрелден кийин жоопкерчиликти мойнубузга алабыз деген күчтөр өз ара сүйлөшө алышпай, таркап кетишсе, аларды карап турган эл да иренжип, аталган партиялар биротоло ишенимден чыгышмак. Ошондуктан тез арада биригүүгө барды окшойт.

Күндүн экинчи жарымында өткөн фракция жыйналышынан кийин, сунушталган макулдашуунун долбооруна кол койулду. Жогорку Кеңешке төрагалык кылуучу Ташболот Балтабаев 2-декабрга белгиленген парламент отурумунда башкаруучу коалициянын түзүлгөндүгү расмий шартта жарыялана тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG