Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Феликс Кулов: Бизге "Ата Мекен" менен иштешүү жеңил


Феликс Кулов, "Ар-Намыс" партиясынын төрагасы.
Феликс Кулов, "Ар-Намыс" партиясынын төрагасы.

"Ар-Намыс" КСДПнын коалиция түзүү сунушунан эмне үчүн баш тартканын партия төрагасы Феликс Кулов чечмелеп берди.

- Эмне үчүн КСДПнын сунушунан баш тарттыңыз?

- Себеби жөнөкөй. Алмазбек Атамбаевдин сунушун угуп, коомчулук менен кеңештик, Бишкекте, Чүйдө жыйын курдук, телефон аркылуу Талас, Нарын, Ысык-Көл менен байланыштык. Жалал-Абаддагы, Баткендеги. Оштогу тарапкерлерибиз менен жолугуштук. Жыйынтыгында жолуккандардын дээрлик 99 пайызы “силер түштүк аймактан чыккан депутаттардын бирин спикер кылуу аркылуу элге убада кылган программаны аткара аласыңарбы”, - деп сурашты. Албетте, спикер аткаруу бийлиги үчүн жооп бербейт, анын функциясы дирижердон да төмөн.

- Сиз ошондой деп эсептейсизби?

- Ооба. Сиз анын милдеттерин деле окуп көрсөңүз болот. Ал аппаратты, жыйынды башкарат, жыйынтыктайт. Анын депутаттардын айткандарына комментарий бергенге да укугу жок. Ошентип, алиги суроого жооп берүү кыйын болду. Өзүңөр иштеп чыккан программаны өзүңөр ишке ашырышыңар керек, ошондуктан коалицияга макул болбой коё туруу керек деген сунуш болду. Ошол эле мезгилде Алмазбек Атамбаевдин сунушуна, умтулуусуна ыраазычылык билдирген кат бердик.
...Кадырэсе демократиялык жараян жүрүп атат, ал жөнөкөй жараян эмес. Анткени эки партия ортосунда макулдашуу оңой, үч партия болгондо пикирлер дал келбей калат.

- Эмне үчүн силердин партия өзүн өкмөт башында гана көрүп атат?

- Себеби биз иштеп чыккан программа кубаттуу. Аны өлкөдөгү кубаттуу экономисттер, чет өлкөдөн билим алган дымактуу жаштар иштеп чыгышкан. Эл аралык уюмдардын экспертизасынан өткөн, анын ичинде Эл аралык валюта кору тааныган. Демек бизде акыл жана аны ишке ашырчу аткаруучулар бар. Андай болгондо эмнеге бул программаны аткаруу милдетин биз албашыбыз керек?

- Кокустан КСДПнын аракеттеринен майнап чыкпай калса коалиция түзүүнүн келечеги кандай нукка бурулушу мүмкүн?

- Алмазбек Атамбаев коалиция түзүүгө аракет жасайт. Теориялык негизден алганда кокус түзүлбөй калса, трагедия болбошу керек. Кадырэсе демократиялык жараян жүрүп атат, ал жөнөкөй жараян эмес. Анткени эки партия ортосунда макулдашуу оңой, үч партия болгондо пикирлер дал келбей калат. Кокус бул ирет коалиция түзүлбөй калса Роза Отунбаева жарыялагандай, экинчи жолу коалиция түзүү Өмүрбек Текебаевге сунушталат. Менимче, экинчи жолкусунда маселени чечүү жеңилирээк болот. Себеби алдын-ала пикир алмашылды, ар бири кандай кызматтарды кааларын айтышты. Ал да ишке ашпай калса, Конституция боюнча депутаттар өздөрү чогулуп, аныкташы керек болот. Менин ишенимимде, кайра шайлоо болбойт. Себеби депутаттар психологиялык жактан иштегенге даяр болуп турушат.

- Кандай дейсиз, мурдагы президенттик шайлоодогу тандемди эске алганда “Ата Мекен” менен “Ар-Намыс” ортосунда сүйлөшүү жеңилирээк болот го?
Кремлдин, Ак үйдүн же АКШнын долбоору дегендин баары ойлонулуп табылган нерселер. Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бардык 29 партия - Кыргызстандын таламын көздөгөн партиялар. Бирөө да кандайдыр бир башка өлкөнүн кызыкчылыгын өз өлкөсүнүн кызыкчылыгынан алдыга койгон жок.

- Дегеле алар менен иштөө бизге жеңил болот. Технократтар айткандай саясат менен эмес, экономика менен алектенүү керек. Ошондуктан биздин кызматташтыкта проблема болбойт.

- Бир катар эксперттер “Ар-Намысты” Кремлдин долбоору деп жүрүшөт. Ал тууралуу сиздин деле маалыматыңыз болсо керек...

- Кремлдин долбоору болуп туруп мени камап, бошотуп, кайра көтөрмөлөө - бул өтө татаал дагы, акылсыз дагы жорук болмок. Кремлдин, Ак үйдүн же АКШнын долбоору дегендин баары ойлонулуп табылган нерселер. Шайлоо өнөктүгүнө катышкан бардык 29 партия - Кыргызстандын таламын көздөгөн партиялар. Бирөө да кандайдыр бир башка өлкөнүн кызыкчылыгын өз өлкөсүнүн кызыкчылыгынан алдыга койгон жок. Анын ичинде “Ар-Намыс” да бар. Биздин тышкы саясатыбызда бардык өлкөлөр менен достошуубуз керек, болбой эле баратса касыбыз болбош керек деген жөнөкөй принцип бар.

- Мындай кепке шайлоо алдында Орусия президенти Дмитрий Медведев менен жолугушууңуз, башка жолугушууларыңыз себеп болуп атпайбы?

- Кремлде алты-жети партиянын өкүлдөрү жолугушту. Алардын ичинде Алмаз Атамбаев премьер министр Путин менен, мен Медведев менен жолугуштум. Бул жолугушуулар жөпжөнөкөй чечмеленет. Алмазбек Атамбаев өкмөттү башкарып тургандан Путин менен жеке тааныштыгы бар, мен болсо премьер-министр кезимде ал кездеги президенттик администрация башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушкам. Ошол кезден биз бири-бирибизди билебиз. Азыркы администрация башчысы Нарышкин менен жолуккандар болду. Бул жеке мамилелер. Ошондуктан, кимдир бирөөнүн таасири бар деп айтыш туура эмес. Эл аралык тажрыйбада да бар, өлкөдө бир лидер жок болуп, бири-биринен бир пайыздан айырмаланган бир нече партия пайда болсо, бул партиялардын кимиси лидер болот деп, көңүл буруу күчөйт.

- Сиз кайра шайлоо болбойт деп атасыз. Андай болсо сиз “Ар-Намысты” ким менен бирге көрүп атасыз?

- Биздин чечимибиз жөпжөнөкөй. Премьер-министрликти бер дебейбиз. Биз кеңири коалиция түзүүнү сунуштайбыз. Шайлоодо беш партия 37 пайыз добуш алды. Ага 2 пайыздык чектен өткөн үч партияны кошсок 50 пайызга жакындап барат. Үч партия жыйын куруу добушуна ээ болот, беш партия болсо чечүүчү добушка ээ. Биз бул демилгени добушка коюуну сунуш кылабыз. Ошентип, премьер-министр ким болорун ошолор аныкташат.

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG