Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:08

Апта: Кумтөрдүн жаңы формуласы


Узап бараткан жумада “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун депутаттык мандаты токтотулду. Кыргызстан менен Тажикстан суу-энергетикалык саясатта бирдиктүүлүгүн көрсөттү. Кумтөр маселесин чечүүнүн формуласы айкын болду.

Кыргызстан менен Тажикстанды бириктирген суу-энергетика

20-21-августта Тажикстанда суу боюнча Бириккен улуттар уюмунун катышуусу менен конференция болду. Анда суу пайдалануудагы дүйнөлүк маселелер менен катар региондогу проблемалар да көтөрүлдү. Ал эми региондо бул маселе абдан курч болуп, өлкөлөр ортосунда түшүнүү жок болуп жатканы маалым. Маселен, Кыргызстан менен Тажикстан суу ресурстарын энергетикалык багытта пайдаланууга басым жасаса, Өзбекстан ага кескин каршы чыгып келет. Ташкендин бул позициясын Казакстан жана Түркмөнстан кайсы бир деңгээлде колдоп турат.

Суу боюнча конференцияга кыргыз бийлиги да катышты. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев конференцияга катышуу менен бирге Тажикстанга расмий сапарын жасады. Күтүлгөндөй эле кыргыз өкмөт башчысы Дүйшөмбүдө суу маселеси боюнча Кыргызстандын позициясы Тажикстан менен жакын экенин билдирди.

Улуттар Уюмунун конференциясы регион мамлекеттеринин проблемаларын козгоп, аны чечүүдө регион мамлекеттерин жакындаштырууну көздөш керек эле. Бирок конференция ал максатына жетти деп айтуу кыйын. Анткени Кыргызстан менен Тажикстандын суу ресурстарына өзгөчө көз салып турган Өзбекстан өз позициясынан кайтпай, суу ресурстарын пайдалануу эл аралык мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүшү керектигин билдирип чыкты.

Андан сырткары конференция жыйынтыкталып жаткан күнү Өзбекстан парламенти Тажикстан алюминий заводуна байланыштуу токтом кабыл алды. Анда завод алып келип жаткан экологиялык зыяндан бир миллион өзбек жараны жабыркап жатканын белгиленген. Токтомдо ошондой эле бул маселеге Бириккен улуттар уюмунун жана эл аралык экологиялык уюмдардын көңүлүн буруу максаты коюлду. Тажикстандын Улуттар Уюмунун туусунун астында өткөргөн конференциясына Ташкен мына ушундай жооп берди.

Кыргыз өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин Тажикстанга сапарынын алдында болсо белгисиз бирөөлөр кыргыз-тажик чек арасында бир тажик үй-бүлөсүн атып кетти. Төрт кишинин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү эки өлкөнүн чектеш айылдарында чыңалуу жаратты. Кыязы бул кылмыш кыргыз-тажик мамилесиндеги талылуу болгон чектеш райондордогу абалды курчутуп, жетекчилердин жолугушуусу мына ошол маселенин чегинде калуусун көздөгөндөй.

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков кыргыз-тажик чек арасындагы киши өлтүрүү эки өлкөнүн мамилесине чагым салуудан сырткары Тажикстандагы президенттик шайлоого, маңзаттарын ташууга байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт.

Саясат таануучу Марс Сариев региондун суу маселесин чечүү жеңил эмес деп, чек арадагы окуя чагым болушун четке какпайт:

- Менин оюмча, суу маселеси жакында чечилбей турган чоң маселе болуп жатат. Ал эми Тажикстанда болгон окуя, тагыраак айтканда кыргыз-тажик чегинде болгон окуя чагым болушу мүмкүн деген ойду жаратып жатат. Бул эки элди чабыштырууну көздөгөн чагым болушу мүмкүн. Жалпысынан региондо абал оңолбой, курчуп баратат.

Марс Сариев региондун суу-энергетикалык маселелерине БУУну аралаштыруу натыйжа бербейт деп эсептейт.

Кыргыз-бийлиги чек арадагы өлтүрүүнү иликтөөгө тажик тарапка толук жардам берүүгө даярдыгын билдирген. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Рыспеков:

- Бул окуя боюнча Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте оперативдик иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргыз тарап окуя боюнча атайын штаб түзүп, чектеш айылдарды кайтаруу ишин күчөткөн. Бул өз кезегинде түшүнбөстүктөрдү четтетүүгө жардам бергенин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдирүүдө.

"Ата-Журттун" лидерлери депутаттык мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-августтагы жыйынында “Ата-Журт” фракциясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотту. БШКнын мындай чечим кабыл алуусуна Жогорку Сот тарабынан үч депутат айыптуу деп табылышы негиз берген.

Соттун чечимине ылайык Ташиев, Жапаров жана Мамытов мандатынан эле ажырап калбастан, жакынкы он жылда талапкер катары шайлоого катыша албайт. Мамлекеттик кызматта иштей албайт.

Талдоочулардын баамында, “Ата-Журтун” мандаттан ажыраган лидерлери жаңыдан түптөлүп келаткан оппозициялык кыймылдын өзөгүн түзүүсү мүмкүн. Андай кыймылды түзүү боюнча келишимге кол коюуга даярдык жүрүп жатканын “Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров билдирди:

- Кеңешүүлөр болуп жатат. Менин оюмча, буйруса сентябрдын башында кол коюлат деп турам. Ага кеминде он чакты партия жана он-он беш саясатчы да кошулат.

Бул кол коюуга чейин оппозиция Соң-Көлдө курултай өткөрүүнү чечти. Расмий түрдө Соң-Көлдөгү иш-чарага оппозиция лидерлеринин тиешеси жоктугу айтылды. Алар конок катары чакырылганы кабарланды. Курултайды уюштургандар болсо жаштар болуп чыгууда.

Бул курултайга катышкан лидерлер арасында Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров жана Садыр Жапаров болду. Мына ушул эле саясатчылар бирдиктүү оппозициялык кыймыл түзүүнү көздөгөндөр.

Бирок бул кыймылга оппозициялык саясатчылар толук кошулбайт окшойт. Маселен, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров ар кандай кыймылдардан алыс экенин билдирди:

- Эгерде кайсы бир топ өзүнүн кызыкчылыгы үчүн биригип жатса, биригип жаткандыр. Бирок ал партиялардын бири менен да көп убакыттан бери жолугуша элекмин, сүйлөшө элекмин.

“Бүтүн Кыргызстандын” лидерине жакындашкан Акматбек Келдибеков кыймыл боюнча сүйлөшүүлөргө катышпай келатат.

Саясат таануучу Марс Сариев оппозициянын курултай, митингдери ыңкылаптык деңгээлге жетпейт дейт:

- Менин оюмча, Соң-Көлдөгү курултайда чоң жетишкендик болбойт. Катардагы эле курултай болот. Азыр оппозиция күчтөнө албайт. Митингдер деле ыңкылаптык кырдаалга алып келбейт деп ойлойм.

Марс Сариевдин маалыматы боюнча, азыркы кезде булардан сырткары конструктивдүү оппозиция түзүү максатында интеллигенция, саясатчы, айрым бийлик кызматкерлери аракеттенип жатышат. Аларды бул багытта биригүүгө түрткөн жагдай тууралуу буларды билдирди:

- Чогулуп, ошондой сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мен ойлойм башка жол жок. Анткени Кыргызстанда түштүк-түндүк, регионалдык лидерлер болуп, курал даярдагандар бар. Мына атышуулар башталды. Мурдараак “Ата Мекендин” айланасында болду эле. Жакында Кара-Сууда болду, Ысык-Көлдө да атып кетпедиби. Ошол куралдуу топтор пайда болуп, талаа командирлери түптөлүп жатат. Бийликке ишенбей, кылмыштуу топтор менен биригип, Ооганстандагыдай талаа командирлери болуп жатат. Бул - коркунуч. Бул өлкөнү туңгуюкка алып келүүдө.

Оппозиция өкүлдөрү өз кезегинде бийликтеги коррупция, кадр саясатындагы башаламандык, финансы-экономикалык абалдын оңолбошу өлкө келечегине коркунуч туудуруп жатат деп эсептейт.

Кумтөр: Биргелешкен ишкана түзүлөт

Оппозиция туу катары көтөргөн дагы бир маселе бул - Кумтөр маселеси. Азыркы кезде өкмөт канадалыктар менен акыркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы маалым.

23-августта өкмөттөн алынган маалыматка караганда, эки тарап “Кумтөр голд компани” жана “Кумтөр оперейтинг компанинин” негизинде биргелешкен ишкана түзүүнү сүйлөштү.

Макулдашууга жетишүү үчүн Кыргызстан “Центерра голд инктеги” акцияларын жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканадагы үлүшкө алмашат. Бул формуланы “Центерранын” акционерлери менен макулдашуу үчүн канадалыктардын делегациясы мекенине жөнөп кетти. Мына ошону менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи бөлүгү соңуна чыкты.

Кыргызстан Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысынын орун басары Акылбек Маралбаевдин билдирүүсүнө караганда, кыргыз тарап жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканада көбүрөөк үлүшкө ээ болуу аракетин жасап жатат.

Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстан жаңы түзүлө турган биргелешкен ишканада 51-52% ээ болууну, башкача айтканда көзөмөл пакетти колго алууну көздөп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG