Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:59

Депутаттык комиссия Шадиевди актады


Уулуу көмүр боюнча февралда түзүлгөн депутаттык комиссия өз тыянагын 4-апрелде парламентте жарыялап, энергетика жана өнөр жай министр Аскарбек Шадиевдин күнөөсү жок деп билдирди.

Радиоактивдүү көмүр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Республика” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров баяндама жасап, энергетика жана өнөр жай министри, өз партиялашы Аскарбек Шадиевдин бул маселеде күнөөсү жоктугун билдирди:

- Биздин комиссия энергетика жана өнөр жай министри Шадиевдин иш-аракетинде мыйзам бузуу фактыларын тапкан жок. Себеби “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзам боюнча буга анын эч кандай тиешеси болгон эмес. Андан тышкары, министр “Электр станциялары” ААКнын жетекчисин кызматка коюп же кетире албайт. Ага карата кызматтык чара да көрө албайт.

Уулуу көмүрдүн чуусу

Депутат Шайназаровдун маалымдашынча, уулуу көмүрдүн келишине “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун жетекчиси Аман Тентиев, “Бишкек жылуулук борборунун” башчысы Юрий Фрик, “Кыргызтуракжайкоммуналдык” бирикмесинин төрагасы Мурат Мурзаев, Чүй облусунун жетекчилиги, Мамлекеттик бажы кызматынын башчылары айыптуу. Ага ылайык, депутаттар бул жетекчилерди кызматтан алып, убактылуу жумушунан четтетилген Шадиевди ордуна коюуну өкмөткө сунуштады.

Анткен менен Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков бул иште кышка даярдык көрүү боюнча штабдын жетекчилери, анын ичинде министрдин да, өкмөттүн да күнөөсү бар деген ойдо.

- Штабдын башчысы азыркы премьер-министр Бабанов, экинчиси министр Шадиев, үчүнчүсү ошол кездеги каржы министри Мамбетжанов болгон. Калгандары губернатор жана башкалар. Штаб өз убагында жана сапаттуу көмүр алып келиши керек болчу.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов уулуу көмүрдүн алып келинишине тиешеси жоктугун буга чейин парламентте билдиргени маалым. Уулуу көмүрдүн чек арадан өтүп кетиши боюнча Бажы кызматынын жана Санитардык көзөмөлдөө инспекциясынын төрт кызматкерине Башкы прокуратура тарабынан иш козголгон болчу.

Башкы прокуратура февараль айында энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге, анын орун басары Кайрат Жумалиевге да уулуу көмүр боюнча кылмыш ишин козгоп, "кызматын кыянат пайдаланган" деп билдирген. Буга байланыштуу министр Шадиев убактылуу кызматынан четтеп, бирок күнөөсү жоктугун билдирип келатат.

Депутаттар сот эмес

Башкы прокуратура жакында “Электр станциялары” акционердик коомунун жетекчиси Аман Тентиевге да кылмыш ишин козгоду. Бирок Аман Тентиев өз ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар жоктугун “Азаттыкка” билдирген болчу.

- Тергөө иши калыс жана адилеттүү жүрөт деп үмүттөнөбүз. Эгер прокуратуранын ишине саясий киришүү болбосо, мага козголгон кылмыш иш боюнча коркконго деле себеп жок. Себеби мен Кыргызстандын мыйзамдарын бузган эмесмин. "Бишкек жылуулук борборуна" келген көмүрдүн бир да калагы жагылган эмес, көмүргө 1 тыйын да төлөнгөн эмес.

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов
Ал эми “Ар-намыстан” депутат Дастан Бекешов парламентте кесиптештерин сотко чейин эле өз алдынча бүтүм чыгарып, адамдарды күнөөлүү же күнөөсүз эмес деп айтууга укуктары жоктугун эскертти.

- Урматтуу депутаттар, мен сиздерге эскертип койоюн. Депутат болобу, комиссия болобу же прокурор болобу, адамды күнөөлүү деп айта албайт. Мындай чечимди сот гана чыгара алат. Ушуну эстен чыгарбагыла.

Мындай ойго “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаев да кошулуп, кесиптештерин тергөөнүн функциясына кийлигишип жатканын сынга алды. Башкалар да депутаттык комиссиянын чечимин өз адамдарын актоо аракети катары баалап, "эл өкүлдөрү адвокаттык иш менен алектенип алды" деп сындап жатат.

Өткөн аптада депутаттар Башкы прокуратура кол тийбестигинен ажыратып берүүнү суранган “Республика” фракциясынын депутаты Исхак Пирматовду да калкалап калган. Мунун айынан ушул тапта парламент менен Башкы прокуратуранын ортосунда тирешүү күч алып баратат.

XS
SM
MD
LG