Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:37

Абдуразаков: Коалиция бир идеология менен түзүлгөн эмес


Кыргызстанда коалициянын тегерегиндеги кырдаал жана анын келечеги туурасында коомдук ишмер, окумуштуу Ишенбай Абдуразаков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Коалициянын тегерегинде кырдаал курчуп бара жатат. Ал жаңыдан куралган учурда “бул идеологиясына караганда жеке кызыкчылыкка негизделген шериктештик” деген пикириңизди билдирген элеңиз. Азыркы кырдаалга кандай баа берип жатасыз?

Ишенбай Абдуразаков: Канчалык масштабда экенин айтуу кыйын, бирок ошол айтылган ой тастыкталып жатат. Эгер партиялар өздөрүнүн бир идеологиясы, стратегиялык максаты менен түзүлгөн болсо, анда азыркыдай болбойт эле. “Чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” дегендей болуп жатат. Ушундай болмок. Бирок мындан трагедия жасоонун кереги жок.

Мунун эки жагы бар, турмушта эч бир нерсе бир жактуу болбойт. Бир өңүттөн карасаң азыркыдай чыр-чатак стабилдүүлүккө түрткү боло албайт. Бирок биз ары тереңирээк карасак мында бир маани жатат. Булар бири биринин жасаган күнөөлөрү дейбизби, кылмыштары дейбизби, мыйзамсыз жасаган иштерин коомчулуктун алдына ачык айтып турса, сырттан караганда тытышкандай көрүнгөнү менен мунун өзү саясатчыларды жоопкерчиликке түртөт деген ойдомун. Себеби булар бир нерсе жасаардын алдында коррупцияга малынып кетпеш үчүн “дагы эмне болуп кетет, дагы бирөөгө билинип калса бетибиз ачылып калат” дегендей бир аз тартынат.

Азыр эң коркунучтуу оорулар - бийликтин жоопкерсиздиги менен коррупцияны аз да болсо чектегенге түрткү болот го деген үмүттүү ойду тутуп жүрөм.

“Азаттык”: Демек сиздин көз карашыңызда бул кырдаалдын терс жагына караганда оң жагы көбүрөөк болуп жатабы?

Ишенбай Абдуразаков
Абдуразаков: Мындан ары кандай болот? Ар бир жасаган мыйзамсыз иштерин көрсөтүп турса, мунун пайдасы келечек үчүн чоңураак болот деп ойлойм.

“Азаттык”: 9-мартта Орусиянын депутаттары келип, Кыргызстандын бийлигин, биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабановду катуу сынга алышты. Кыргызстандын парламентине келип, кыргыз өкмөтүн сындашты. Дүйнөлүк дипломатиялык тажрыйбада буга кандай баа берсе болот?

Абдуразаков: Парламент деген бийликтин бир бутагы. Өзүбүздүн өлкөдө биз өкмөтүбүздү, бийликте тургандардын баарын алардын жасаган ишине жараша ачык-айкын сындап, сындамак турсун кээде алардын бетин ачып туруу - жарандардын милдети. Бирок ошондой бийликтин башында турган кишилер башка өлкөгө келип алып, федерациянын субъектисине келгендей болуп, эми анын туура-туура эмеспи ал жагын билбейбиз, бирок кандай болгондо да бийликти ачык элдин көзүнчө сындап турганы - бул этиканын жетишпегендиги.

“Азаттык”: Коалицияга туш тараптан соккулар болууда. Буга эми Орусия да кошумча болуп жатат. Негизи коалиция ыдырап кетсе, мына жаз келип калды, анын кесепеттери кандай болушу мүмкүн? Өлкөдөгү саясий абал кандай болот?

Абдуразаков:
Менимче жалпысынан алганда мында массалык каршылык кыймылдары болуп кетет деп ойлобойм. Себеби андан эл да жадап бүттү, эл тынчтыкты каалап турат. Бирок бизде саясий күчтөр бар. Алар канчалык жаман болсо, ошончолук өздөрү үчүн жакшы дегендей позицияда турат. Саясат деген ошондой болот. Ошондуктан, менимче, сабыр кылып күтө туруш керек.

Булар кээде шашып эле, “бул азыр убадасын аткарбай калды, жаман болуп жатат” деп айтып жатышат. Ал жагы туура. Бирок кандай болгондо да мына азыр алардын иштегени жүз күнгө да жете элек. Чет өлкөдө жүз күндүк деп биринчи бааны ошондон кийин берет. Мына эл деле коогалаңдан жадап, тынчтыкты каалап турат. Азыр ушул өкмөткө убакыт, мүмкүнчүлүк бериш керек. Эгер алар мурдагы убадасынан тайып бара жатса, аны азыр деле айтып туруш керек. Бирок жанагыдай бир ачык нерселерге, көчөгө чыгып алып “кетсинге” өтпөй турсак. Жакында шайлоо болот. Азырынча качан болоорун билбейбиз. Ошондо өздөрү гана эмес, өздөрүнүн партиясынын аброюн кетирип алышы ыктымал.

“Азаттык”: Коалициянын тегерегиндеги тирешүүлөр, азыркы кырдаал президенттик шайлоонун алдындагы оюндар деген пикирлер айтылып жатат. Сиз ушундай пикир менен макулсузбу?

Абдуразаков: Эми оюнчулар ар кандай болот. Кээ бири чындап эле ошондой оюнду баштап, өздөрүн көрсөткүсү келип жатат. Бирок кандай кылып көрсөтөт? Эл да азыр сынчы болуп, көзү көп нерсеге ачылып калды. Мындай далилдүү, негиздүү, омоктуу пикирлер, сындарга каршылык болбош керек. Өкмөт деген ошого көнүш керек. Демократиялык шартта айрыкча мунун мааниси чоң.

Өкмөт, бийлик эч убакта идеалдуу иштей албайт. Ошондуктан эл аны сындайт. Сындан терикпеш керек. Бирок сын да фактыларга таянып, маанилүү нерселерди көтөрүп чыгып, мамлекеттин, элдин, демократиянын келечеги деген ойлордун тегерегинде сындап турса, ошондо алдыга жылышка көмөк болот.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG