Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Оппозиция-бийлик: саясий кармаш кызыды


Өмүрбек Бабанов “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айткан сын-пикирлерин өкмөттүк коалицияны бузуу аракети катары баалоодо.

Апта ортосунда парламенттеги оппозициялык күчтөрдүн катарында турган “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев биринчи вице-премьер-министр, “Республика” партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановду жана ошол партиянын атынан кызматка дайындалган Экономикалык тескөө министри Учкунбек Ташбаевди мурдагы бийликтин коррупциялык иштерине аралашкан деген кине койгон. Андыктан моралдык жоопкерчиликти сезип, кызматтан кетүүгө да чакырган. Мындай дооматты вице-премьер-министр коалициялык өкмөттү кулатуу аракети деп баалады:

- Бул эч кандай деле жаңылык эмес. Бул - Өмүрбек Текебаевдин кезектеги эмоциясы. Мунун түп тамырында эмне жатат? Мунун түп тамырында коалицияны бузуу турат.

Ошондой эле Текебаевдин “Мегаойл” компаниясындагы мыйзамсыз аракеттерге Бабановдун тиешеси бар деген дооматын да төгүндөдү:

- Эмне үчүн “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү Мамлекеттик мүлк министрлигинде турганда бул маселени көтөрүшкөн жок. 70 миллион сом ортомчу “Мегаойл” компаниясына кеткен. “Мегаойл” компаниясын баарыңар жакшы билесиңер. Жалпыга маалымдоо каражаттарына чыкты ал жөнүндө. Ага Мурат Саралинов ээлик кылат экен. Саралиновдун Бабановго кандай тиешеси бар? Болот Абилдаевдин Бабановго кандай тиешеси бар? Же кыргызстандыктардын бардыгы тең мага бир тууганбы?

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү болсо Текебаевдин билдирүүсүн Өмүрбек Бабанов туура эмес чечмелеп жаткандыгын белгилөөдө. Фракция мүчөсү Туратбек Мадылбеков “Азаттыкка” буларды айтты:

- Өмүрбек Чиркешовичтин билдирүүсүн минтип кабылдай турган болсо, ал туура эмес. Биз бюджетти толтуруу үчүн каражаттын булагын таба албай жатсак, жанагыдай фирмаларды ачып алып, өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлогон туура эмес. Муну коомчулук туура деп кабылдабайт.

Коалицияга саналуу гана күндөр калдыбы?

Бул аралыкта “Ата-Журт”, “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” партияларынын бир топ депутаттары парламенттин 4-марттагы жыйынынын башталышына катышпагандыгы маалымдалды. Ушул өңдүү маанайлар азыр иштеп жаткан коалициянын боосу бошоп бараткандыгы тууралуу аңыз кепти пайда кылып жаткандыгы айтылууда.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев мамлекеттик жетекчилер сын-пикирлерди туура кабыл алып, азыр мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштөө өтө зарыл болуп тургандыгын белгиледи:

- Парламенттик башкаруу системасынын табияты ушундай болот. Ага эч кандай таарынбаш керек. Андан көрө ушундай сөздөрдү чыгарбаганга, ошондой иштерди кылбаганга аракет кылыш керек.

Саясий серепчи Кубанычбек Өмүралиевдин айтымында, коалиция башынан эле кызыкчылыктары ар башка саясий күчтөр тарабынан кыйынчылык менен түзүлгөн.

- Менимче бул мыйзам ченемдүү эле саясий күрөш. Ошонун ичинде кайым айтышуулар тышта болбой, күрөш парламенттин ичинде болуп турганы мыйзам ченемдүү эле нерсе. Мындан көп деле трагедия деле кылбаш керек.

Кыргызстандын өкмөтүн декабрь айынан бери Социал-демократтар, “Ата-Журт” жана “Республика” партиясынан куралган коалиция башкарып келатат. Жакында бул коалициянын куралганына жүз күн болот. Бул аралыкта коалицияга карата катуу сындар да, колдогон пикирлер да айтылып келүүдө.

XS
SM
MD
LG