Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

Полковник журналистке кол салууга аралашканбы?


Журналист Сыргак Абдылдаев
Журналист Сыргак Абдылдаев

Милициянын отставкадагы полковниги Бакыт Парманкуловго журналист Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө 2009-жылы кол салган кылмыш фактысы боюнча иш козголуп, камакка алынганы кабарланууда.

Аскер прокурору Марат Эшперов муну тастыктап, бирок иштин чоо-жайы туурасында кенен маалымат берүүдөн баш тартты.

Көмүскөдө калган камоолор

Ички иштер министрлигинин отставкадагы полковниги Бакыт Парманкуловго аскер прокуратурасы тарабынан 2014-жылы 10-декабрда кылмыш иши козголгон. Бирок Парманкуловдун баш коргоо чарасын караган Бишкектин Ленин райондук соту 11-декабрда коюлган айып боюнча жетиштүү далилдер жок деген негизде аны камактан бошоткон. Бирок иш козгогон тергөө органы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Шаардык сот бул өтүнүчтү канааттандырып, 29-декабрда Бакыт Парманкуловду камакка алуу чечимин чыгарган.

Марат Эшперов
Марат Эшперов

Кылмыш эпизоду кандайча болгонун тергөө учурда жашыруун кармоодо. Аскер прокурору Марат Эшперов бул иш боюнча тергөө жүрүп жатканын айтуу менен чектелип, толук маалымат берүүдөн баш тартты:

​- Мен азыр иш боюнча эч нерсе деп айта албайм. Учурда аскер прокуратурасы тарабынан бул иш тергелип жатат. Бирок мен ал туурасында сиздерге телефон аркылуу маалымат бере албайм.

“Пармаш” деген ким болгон?

“Пармаш” деген каймана ысым менен белгилүү милициянын отставкадагы полковниги Бакыт Парманкулов Бакиевдин тушунда Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө жана уюшкан кылмыштуулукка күрөшүү башкы башкармалыктарын жетектеп турган. Ал 2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин кызматтан кеткен. 2010-жылы майда интернетке жарыяланып кеткен Жаныш менен Максим Бакиевдердин телефондук сүйлөшүүсүндө дагы “Пармаш” деген каймана ат бир нече жолу эскерилген.

2009-жылы 3-мартта Бишкекте “Репортер” гезитинин журналисти Сыргак Абдылдаевге белгисиз бирөөлөр кол салып, 29 жерине бычак сайып кеткен. Кийин ооруканадан сакайып чыгып, Швециядан башпаанек тапкан Сыргак Абдылдаев бул иштин артында Бакиев бийлиги турат деп билдирүү тараткан. Бул окуя боюнча 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин кылмыш иши козголгону менен тергөө кандайдыр бир илинчектерди таба алган эмес. Бирок ошол учурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев бул ишке милициянын катышы болгону туурасында мурда эле маалыматтар болгон дейт:

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

- Сыргак Абдылдаевге кол салуу фактысына башында көз жумуп коюшкан. Бул боюнча Бакиев бийлигинин тушунда керек болсо, кылмыш иши дагы ачылган эмес экен. Анан ыңкылаптан кийин кылмыш иши ачылып, тиешелүү материалдар чогултула баштаган болчу. Бирок далилдер жетишерлик эмес эле. Анан ошого байланыштуу ошол кездеги шектүү делген кызмат адамдары камакка алынган эмес. Анан эми тергөө бул боюнча тиешелүү далилдерди жана көрсөтмөлөрдү тапкан үчүн аталган адамдар камакка алынган болсо керек. Бирок 2010-жылы эле мына ошол адамдардын катыштыгы боюнча ыкчам маалыматтар бар болчу.

Президент Атамбаев Сыргак Абдылдаевге "Эрдик" медалын тапшырууда
Президент Атамбаев Сыргак Абдылдаевге "Эрдик" медалын тапшырууда

Сыргак Абдылдаев жакында Кыргызстанга келип, президент Атамбаевдин колунан "Эрдик" медалын алып, кайра Швецияга кайткан. Буга чейин төрт жылдан бери ага кол салуу фактысын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгы прокуратуранын көзөмөлүндө иликтеп келген. Бирок кандайдыр бир жыйынтык болгон эмес.

Ошол эле кезде атайын кызматтын маалымат борборунун өкүлү Рахат Сулайманов бул ишти милиция мурда эле өзүнө кайра кайтарып алганына токтолду:

- Мурун бул кылмыш ишин биз карап жатканбыз. Анан кийин аны Ички иштер министрлиги өзүнө кайра чакыртып алган. Биздин тергөө башкармалык бул ишти иликтөө ИИМге өткөрүлүп берилгенин айтып берген болчу. Мына, ошондуктан биз кылмыш ишин ошол жак көптөн бери иликтеп жатат деп ишенимдүү айтканбыз.

Милициянын отставкадагы полковниги Бакыт Парманкулов атайын кызматтын тергөө абагына камалган. Буга чейин анын “Өнүгүү” партиясынын саясий кеңешине мүчөлүгү туурасында “Кыргыз тудей” сайты жазып чыккан болчу. Анда полковниктин партиялаштары анын камакка алынышы боюнча саясий турумун ушул кезге чейин билдирбегени көрсөтүлгөн. Бирок аталган партиянын маалымат катчысы Сюита Соурбаева полковниктин партиялуулугу боюнча кабарды мындайча четке какты:

- Ал биздин партиянын катарында эч качан болгон эмес экен. Ошондуктан, анын биздин партиянын саясий кеңешинин мүчөсү болчу деген маалымат чындыкка коошпойт.

Сыргак Абылдаевге кол салуу фактысы боюнча мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев дагы суракка чакырылган. Бирок тана алгыс далилдердин жоктугунан улам, ал кайра койо берилген. Ошол эле кезде Парманкуловдун камакка алынышын “Кыргыз тудей” сайты учурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин андан өч алуусу катары жазып, ага негиз болчу бир топ мисалдарды келтирген.

XS
SM
MD
LG