Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

"Ар-намыс" Орусия желегин колдонуудабы?


Бишкек шаар кеңешине шайлоо үчүн үгүт өнөктүгүндө «Ар-намыс» партиясы Орусия желегин колдонууда деген сынга кабылды.

Бирок партия атынан шайлоого тизмени баштап бараткан Өмүрбек Суваналиев мындай дооматты четке какты. Анын айтымында, желек "Ар-намыс" партиясыныкы жана ал Орусия желегине окшобойт.

“Ар-намыс” партиясынан шаардык кеңешке тизмени баштап бараткан Өмүрбек Суваналиев Орусия желегинин алдына түшкөн сүрөтүн үгүт ишине колдонуп жатат деп интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууга, сын-пикирлерге кабылды. Сындагандар шаар көчөлөрүндө илинген партиянын үгүт такталарында Орусия желегинин түсү чагылдырылган дешет.

Коомдук активист Илья Лукаш муну Бишкектеги орус тилдүү шайлоочулардын добушун алуу аракети катары баалайт:

- “Ар-намыс” партиясынын мындай аракетин биз көптөн бери эле байкап келе жатабыз. Мисалы, 2010-жылдагы шайлоону эстесек, анда Куловдун Медведев менен түшкөн сүрөттөрү илингенин көргөнбүз. Ушул фактылардын баары “Ар-намыс” орусиячыл партия экендигин далилдеп турат. Андыктан плакатта Орусия желегинин түсүнүн болушу кокустан дал келүү деп айтуу кыйын.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Орусия президенти Дмитрий Медведев менен түшкөн сүрөттөрүн илдирип, үгүт иштеринде пайдаланган болчу. Ошондон кийин шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизилип, андайга бөгөт коюлган. Бирок башка мамлекеттердин атрибуттарын пайдалануу жагы мыйзамда белгиленген эмес экен.

БШКнын мурдагы мүчөсү Абдымомун Мамараимов буларга токтолду:

- Бул саясатчылардын деңгээлине жараша болуп жатат. Кыргызстанда жашап жатса, биз өзүбүзчө эгемендүү мамлекет болсок, анан кайсы бир мамлекет менен мамилем жакшы деп аны саясатташтырып, шайлоого аралаштыруу туура эмес. Мүмкүнчүлүгүң жетеби, “Кыргызстанда бул иштерди жасап берем” деп убада кыл. Бирок башка мамлекеттерди аралаштырган туура болбойт.

Бирок “Ар-намыс” партиясынын лидери, Бишкек шаардык кеңешине талапкер Өмүрбек Суваналиев партия үгүт ишинде Орусиянын желегин колдонуп жатат деген сөздөрдү четке какты:

- Орусиянын желеги үч түстүү: ак, кызыл, көк. Ал эми биздики болсо эки түс. Болгону плакатта илингенде чети ак болуп көрүнүп калса керек. Ошондон улам айтып жатышса керек.

Суваналиев муну карай пиар деп атап, партия өз желегин жакында кызыл жана көк түскө өзгөрткөнүн кошумчалады.

- Бул жөн эле партияга кара пиар. Анткени биздин желек кызыл жана көк, эки эле түстөн турат. Партиянын жакында болуп өткөн Бишкек конференциясында желектин түсү өзгөргөн болчу. Мурда бир түрдүү көк түстөн болуп, “Ар-намыс” деген жазуусу бар эле.

25-ноябрга белгиленген Бишкек шаардык кеңешин шайлоого жалпысынан 23 партия ат салышууда. Алардын ичинен көп добуш алганы Бишкек шаарынын мэрин шайлашат.

XS
SM
MD
LG