Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:32

Депутат менен полковник жөөлөшүүдө


Күйүүчү май аткезчилигине байланышкан чатактын айынан "депутат Арапбаев токмоктоду" деп шектелген Ички иштер министрлигинин ага тергөөчүсү Жеңиш Каримбаев окуянын себептерин жарыялап чыкты.

“Даннур-Юг” компаниясына таандык төрт автоунаа аткезчилик жол менен ири көлөмдөгү күйүүчү майды Тажикстанга чыгарып кетип жаткан жеринен кармалган.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө тобу “Даннур” ишканасында тинтүү иштерин баштаган. Анткени ага чейинки тергөөнүн жүрүшүндө “Газпром Нефть-Азиядан” сатылып алынып, Ошко багытталган күйүүчү майды Баткен аркылуу сыртка чыгарып кетүү аракети аныкталган.

Өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчү Жеңиш Каримбаев чатактын чыгышын тинтүү учурунда табылган аткезчиликти далилдөөчү документтерди жок кылуу аракети менен байланыштырды:

- “Даннур-Юг” компаниясынын аткаруучу директору Бегайым Абдыманапова деген адам сейфтен табылган келип түшкөн күйүүчү майды каттоого алып турган журналды алып чыгып, бизге бербей койду. Биз ал кылмыш ишине тиркелиш керек экенин түшүндүрсөк бизге баш бербей койду. Ошол учурда А. Арапбаев келип, ишканасынын ичинен бардыгын кууп чыкты. Мен да сыртка чыгып бара жатсам кармап алып, сүйрөп, башымды дубалга сүздүрүп, каалагандай кылып оюнчук кылып ойноду.

Анткен менен өткөн парламент отурумунда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт” фракциясынан депутат Азамат Арапбаев ага карата айтылгандардын баарын жалган жалаа деп четке каккан. Арапбаев милиция кызматкерлери өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин жашыруу үчүн мына ошондой кадамга барышканын белгилеген болчу:

- Дареги башка көрсөтүлгөн. Демек санкциясы жок кирип алып, мына ошол тергөөчү зомбулук көрсөтүп жаткан учурда мен барып калдым. Мени менен чогуу барган депутаттар да көрүштү. Сурагыла мына ошол депутаттардан, аны мен чын эле сабаган бекем? Министр мырза, сиздин кызматкерлер өздөрү мыйзамсыз ишти баштап алып, анан артка жол жок айыптын баарын мага оодара койууну туура көрүшүүдө. Арапбаев “бандит”, ал “контрабандист” деген сыяктуу ушактарды айтышып, сиз болсо ошолорго ишенип алыпсыз.

Прокуратура үн катпайт

Депутат менен ага тергөөчүнүн ортосундагы чатак боюнча материалдар топтолуп, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан каттоодон өткөн соң, ишти андан ары кароо жагы прокуратурага өткөрүлүп берилген.
Мен да сыртка чыгып бара жатсам кармап алып, сүйрөп, башымды дубалга сүздүрүп, оюнчук кылып ойноду.
Жеңиш Каримбаев

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун өкүлү Бакыт Сейитов прокуратура органдары азыркыга чейин бул чатак боюнча бир беткей жыйынтык чыгара электигине токтолду:

- Тергөө тобу аткезчиликтин бетин ачуу боюнча иштеп жаткан. Арапбаев депутаттык кол тийбестигинен пайдаланып, каалагандай басым жасап, эми парламенттен чыгып алып, "мага карандай жалаа жаап жатышат" дегени туура эмес. Башкы прокуратура мына ошол күндөн бери иликтеп чыгып, кимден айып кеткендигин аныкташ керек эле. Анын ордуна алар унчукпай отурушат.

Бир окуя, эки башка баа

“Даннур” компаниясын тинтүүгө катышкан башка милиция кызматкерлери кара май аткезчилигине байланышкан кылмыштын изин жашыруу үчүн депутат чагым жасаган деп болжолдошот.

Арапбаев тергөөчүнү токмоктогон учурда аны кармап, камакка алууга депутаттын кол тийбестиги тоскоол болгондугу айтылды. Ага оперативдик кызматкер Низакун Алакунов алар кырдаалды курчутпаш үчүн тинтүүнү үзгүлтүккө учуратышканын айтты:

- Арапбаев сөгүнүп келип эле, Каримбаевди басып калды. Аны менен кошо эки депутат куралчан жан сакчылары менен машинелерде келишти. Алардын барсеткаларына караганда трамватикалыкпы же газбы, айтор кандайдыр бир тапанчалары бар болчу. Биздин максат - башаламандык болуп, эки тарап атышып кетпейли дедик. Мына ошого жол бербегенге аракет кылдык.

Ошол эле учурда мына ушул окуянын башка бир күбөлөрү өздөрүнүн депутат кесиптешин коргоп чыгышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов ички иштер министрине окуянын чындыгын такташуу үчүн “токмок жеди” деген милиция кызматкери менен кездештирүү талабын койду:

- Эгерде жигит болушса, ошол күнү тинтүүгө катышкан кызматкерлер менен министр мырза сиздин кабинетте жолугушалы. Анан "токмок жедим" деген ага тергөөчү да биздин жүзүбүзгө тике карап туруп, кимден кантип токмок жегенин айтсынчы. Алар жалган айтып жатышат.

Серепчилер мында иштин чын-бышыгы мыйзамдуу иликтенбей эле эки тарап тирешүүгө өтүү менен өздөрүнүн кызыкчылыктарын коргоп жатышканына басым жасашты.

XS
SM
MD
LG