Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

Ош: ВИЧке кабылгандар словак адистердин кароосунда


Ошко ВИЧке кабылган наристелерди көрүү жана дарылоо үчүн Словакиядан адистер келди.

Балдар СПИДи боюнча 10 жылдык иш тажрыйбасы бар дарыгерлер наристелердин ата-энелерине ар кандай кеп-кеңештерди берет. Ошондой эле кыргыз дарыгерлери менен тажрыйба алмашат.

ВИЧ жуктуруп алган балдардын ата-энелери мамлекет да, коомчулук да кайдыгер деп, былтыр жыл аягында Ошто жана Бишкекте нааразылык акцияларын уюштурган.

Владимир Корчмери
Владимир Корчмери
Словакиядан келген ак халатчандар ишин алгач эле ВИЧке кабылган балдарды кароодон өткөрүү жана алардын ата-энелери менен сүйлөшүүдөн баштады.

Братислава Медициналык университетинин ректору жана Словакиянын тропикалык оорулар боюнча институтунун директору Владимир Корчмери сапар тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты:

- Бул жакка келген дарыгерлердин 10 жылдык тажрыйбасы бар. Биздин негизги ишибиз ВИЧке кабылган балдарга, алардын ата-энелерине индивидуалдык кеңештерди беребиз. Анан сөзсүз түрдө дарыгерлер менен тажрыйба бөлүшөбүз. Анткени Кыргызстан 3 жылдан бери СПИД менен күрөшүүгө чоң кадамдарды жасап жатканы менен, баары бир көйгөйлөр бар экенин билдик.

Словак адистер буга чейин Уганда, Камбоджа, Кения жана Вьетнам өлкөлөрүндө балдар СПИДи боюнча иш алып барышкан. Алардын бул сапары Кыргызстанда бир аптага гана созулганы менен, иликтөөлөрдү мындан ары да жарым жылга чейин улантуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул аралыкта кыргыз тараптан да дарыгерлер чет өлкөлөрдө окуп келүүсү мүмкүн.

Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева:

- Негизи ооруга кабылгандан кийин балдар эч качан көңүл сыртында калган жок. Эл аралык стандарттар менен керектүү дарыларды алып, эмдөөлөрдөн өтүп атат. Эми ушул процесске сырттан келген адистер көз карандысыз баа берип, туура жасап жатабызбы, же туура эмеспи - мына ушуну айтышсын. Жасабай жаткан нерселер болсо сунуштарын айтсын.

Деген менен ВИЧ жуктуруп алган наристелердин ата-энелери чет өлкөдөн келген адистер бул жаатта дароо эле алгылыктуу иштерди жасап жиберээрине ишенбей турушат. "Жаңы дарылар болбосо, балдарга эми эч нерсе жардам бере албайт" дейт энелердин бири Жыпара (аты өзгөртүлүп берилди):

- Чет өлкөдөн келет экен дешсе, мен жаңы дарыларды алып келет экен деп ойлоптурмун. Бирок буларда деле биздеги эле дарылар бар экен. Азыр заманбап, ооруга туруштук бере ала турган, жок дегенде балдарды тирүү кармап турган дары болбосо башкасы бекер. Мына Казакстанда СПИДге каршы дарынын 18 түрү бар экен. Квалификациялуу адистер экени болбосо, бул аракет канчалык деңгээлде бизге жардам бере алаарын билбейм.

Жыпара кыргыз дарыгерлеринин аларга жасаган мамилесинен тажаганын айтат. "Сырттан келген адистер жок дегенде ушул жагынан дарыгерлерге кеңеш берет" деп үмүттөнөт:

- Ооруканадагы адистер буга чейин балдарды кодулап, жээрип, дарыласа 3-4 кабат кол кап кийип келишкен. Барсак эң акырында кабыл алып, "бул СПИД" деп элге угуза айтып шерменде кылган учурлары арбын. Балдарды чет өлкөлүк адистер карасын, же чет өлкөдө дарыланып келсин деп айтканыбыз да ошондон. Эми бул словак адистер жок дегенде биздин дарыгерлерге гумандуулукту үйрөтүп кетишсе гана.

Дарыгерлердин шалаакылыгынан 2007-жылы Ош облусунда бир сыйра сайылуучу ийне менен ондогон балага ВИЧ жуккан. Алардын энелери өткөн жылдын соңунда Ошто жана Бишкекте митинг өткөрүп, өлкө жетекчилигине медицина кызматкерлерин жазага тартууну, мындан ары бул өңдүү окуяларды болтурбоону, балдарга берилүүчү 3 миң сомдук жөлөк пулду көтөрүүнү жана Ошто курулуп жаткан жаңы үйлөрдөн ар бир балага бирден батир берүүнү талап кылышкан. Бирок азырынча бул талаптардын бири да аткарыла элек дешет энелер.

Аймактык СПИД борбору маалымдагандай, учурда Ош облусу боюнча ВИЧ жуктуруп алган 211, Ош шаары боюнча 40 наристе каттоодо турат. Бирок алардын 21и так ушул оорунун айынан ажал тапканы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG