Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Ош: ВИЧтен жабыркагандар кун талап кылууда


ВИЧке чалдыккан балдардын жана ата-энелеринин митинги. Ош, 14-ноябрь, 2011-жыл.
ВИЧке чалдыккан балдардын жана ата-энелеринин митинги. Ош, 14-ноябрь, 2011-жыл.

Ошто дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуктуруп алган наристелердин ата-энелери митингге чыкты.

Митингге чыккан ата-энелер балдарына ВИЧ илдети жугушуна себепкер дарыгерлерди жазага тартуу кечиктирилип жатканына нааразылык билдиришти. Алар ошондой эле мамлекеттен ар бир балага 1 миллион сомдон кун төлөөнү жана бирден батир берүүнү талап кылууда. Ал эми саламаттык сактоо министрлиги бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтууда.
Дарыгерлер конфиденциалдуулук, анонимдүүлүк деген нерсени сактабай калды. «СПИД келатат, дарылап кой» деп элдин баарына жарыя кылып жүрөт...


Кара кийимчен, бет кап тагынып балдарын жетелеген ондон ашык эне көйгөйлөрүн Оштогу областтар аралык балдар ооруканасынынын алдында айтып турушту. Алардын көпчүлүгүнүн балдарына мындан төрт жыл мурда Ноокатта дарыгерлердин шалаакылыгынан СПИД дарты жуккан болсо, айрымдардынын наристелерине ушул эле жылы жуккан экен. Митингге чыккандар андан бери эч кандай жардам берилбегин айтууда:


- Силер бизге 10-15 сомдук гана дарыларды бекер берип жатасыңар. Андан башка кымбат дары-дармектерди өзүбүз сатып алабыз. Дагы жардам берип жатабыз деп ОМСке жазып отчет бересиңер. Дарыгерлер болсо конфиденциалдуулук, анонимдүүлүк деген нерсени сактабай калышты. Үкөл алганы барсак, «мына СПИД келатат, дарылап кой» деп элдин баарына жарыя кылып жүрөт.

Нааразы болуп чыккандардын айтымында, 2007-жылкы инцидентке күнөөлүү дарыгерлер эмдигиче өз жазаларын алыша элек. Ошол себептүү да мындай шалаакылык дагы деле уланып келе жатат дешет алар. Соңку жарым жылдын өзүндө эле Ош облусунда 17 бала ВИЧ илдетине чалдыкты деди атын атагысы келбеген аялдар:

- 2007-жылы менин балама СПИД жугуп калган. Анын айынан 2 кичинекей балам каза болду. Ага күнөөлүү дарыгер дагы деле иштеп атат. Же жумуштан айдашкан жок, же камашкан жок. Ал демек азыр деле жугузуп атат да. Мына көргүлө быйылкы жыл ичинде эле канча жаш балага СПИД жукту.

Энелердин дагы бири бул илдетти жуктуруп алгандан бери алардын балдары киши катарынан чыгып калганын айтып даттанууда:

- Менин бир балам да СПИД оорусун жуктуруп каза болуп калган. Азыр эми элдин бары эле билип калыптыр бизди. Ошондуктан соо балдарымды деле же бала бакчага албайт, же мектепке алышпайт. Эми кайдан билим алышат алар?..

Нааразы болуп келгендер менен жолуккан түштүктөгү областтар аралык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Абдысамин Анарбаев түздөн-түз жардам берилбей жаткан менен ооруга чалдыккандарды дарылоо чаралары жакшырып калганын билдирди:


- 2008-жылдан бери биздин оорукана ВИЧ СПИДдин алдын алуу боюнча эле 10 млн. 262 миң сомдук каражаттарды алдык. Андан сырткары АКШдан атайын бир контейнер алып келдим. Дарыгерлерди да тынбай окутуп жатабыз. Кан куйганда, операция учурунда, же башка нерселердин ар биринде азыр жакшы көзөмөл болуп турат. Азыр дагы балдарга оору жугуп атат деген сөз жалган кеп. Антип айтууга негиз жок.

Деген менен митинге чыккандар ар бир балага 1 млн. сомдон жана бирден батир берүү талабын да коюшту. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Динара Сагынбаева бул талапты карап көрүү керектигин айтат:

- Бала бакчага кире албай жатат, же бизге өзүнчө статус берип үй берилсин, 1 млн. сом берилсин деген талаптарын саламаттыкты сактоо министрлиги чече албайт. Бирок эми дарылануу жагынан кемчиликтер бар деп атышат. Ал жагын карап чыгышыбыз керек. Анткени мыйзам боюнча СПИД жуктуруп алгандардын баары бекер дарыланышы керек. Эми бул жерде эч кимиси аты-жөнүн айтпай атса биз аны кантип тактамак элек.

2007-жылы Ноокаттагы ооруканада балдарга массалык түрдө СПИД оорусунун жуктурган деген айып менен 30дай дарыгер кармалып, үчөө төрт-беш жылдан түрмөгө кесилген. Андан сырткары сот Ноокат райондук жана жана Ош областтар аралык балдар ооруканасынын ондон ашык медициналык кызматкерине 1-2 жылдан өз кесиби боюнча иштөөгө тыюу салгандыгы айтылган. Маалыматтарга ылайык, Ош облусунда учурда ВИЧ СПИД илдетине чалдыккан 150дөй бала каттоодо турат.

Митингден сүрөтбаян

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG