Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Июнь окуясы: дагы бир баяндама талкууда


Оштогу коогалуу күндөр, 13-июнь, 2010.
Оштогу коогалуу күндөр, 13-июнь, 2010.

Норвегиялык Хелсинки комитети менен Москвадагы "Мемориал" адам укуктары уюму даярдаган баяндама 19-июнда Вена калаасында коомчулуктун кароосуна коюлду.

Ага эксперттерден тышкары, дипломаттар жана Кыргызстандын Венадагы өкүлдөрү катышканы айтылууда. Бул отчет мурдагы баяндамалардан окуялардын тизмегин ар бир саатына жана мүнөтүнө чейин так берүүгө аракет кылганы менен айырмаланат.

Айырмасы - окуялар тизмеги

Норвегиялык Хелсинки комитети менен Москвадагы "Мемориал" адам укуктары уюму биргеликте жүргүзгөн кеңири иликтөөдө июнь коогасындагы окуялардын өнүгүшү саатына, айрым учурларда мүнөтүнө чейин камтылган.

“Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын айтымында, бул баяндама башкалардан ошонусу менен айырмаланат.

- Бул баяндамада эмне үчүн майда-баратына чейин камтылган? Анткени булар хронологияны жазган. Ошол хронологияны өкмөт жана биздин комиссиялар жакшы бере алган эмес. Ал эми булар болсо эркин жана сынчыл көз караш менен материалдарды топтоп, расмий булактарга жана сурамжылоорлорго таянган. Ушулар аркылуу чындыкты тапканга аракет кылып, ошол кездеги окуялар орун алган көрүнүштү көрсөтүүгө аракет кылышкан. Булар тигил тарапты да, бул тарапты күнөөлөшкөн жок.

Жаңы баяндаманын буга чейинки отчеттордон дагы бир айырмачылыгы - анда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү, куралдардын таркатылышы, 10-июндун түнүндө биринчи октун атылышы боюнча документтердин бурмаланышы, алгачкы курмандыктар кимдер болгондугу өңдөнгөн маанилүү факторлор келтирилет.

Кыргызстандын Австриядагы элчисинин кеңешчиси Мурат Байходжоев баяндама Венада эксперттердин жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда тар чөйрөдө гана караларын, ага өзү да катышарын буга чейин билдирген. Мурдараак Кыргызстандын бийлиги аталган отчеттун Венада каралышына каршы болуп жатат деген пикирлер болгон. Байходжоев аны четке кагып, Австрияда баяндама маалымат иретинде гана угуларын айтты.

- Жөн гана маалымат иретинде угулат, эч кандай талкуу болбойт. Болгону булар жасаган иштери тууралуу гана айтып берет.

Мурат Байходжоев баяндама буга чейинки отчеттордон кыйла айырмаланат дегенге анчейин макул эмес.

Криминалдын орду да көрсөтүлдү

Ал эми Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун жаңы баяндама боюнча мындай пикирде.

- Булар журналисттик жана укук коргоочу уюм катары окуялар менен жеринен таанышып, өздөрүнүн пикирин жарыялашты. Бирок алардын бүтүмү омбудсмен тарабынан түзүлгөн көз карандысыз комиссия, же улуттук, эл аралык жана парламенттик комиссия сыяктуу чоң талкууну жараткан жок. Ошол эле кезде алар да көп иштерди аткарган.

Отчетто кыргыз жана өзбек улутундагы топтордун окуя тутанган 10-11-июндагы жана андан кийинки аракеттери да кеңири баяндалган. Мындан тышкары, апрель окуясына чейинки Ош жана Жалал-Абад облустарындагы саясий кырдаал, криминалдын орду тууралуу да сөз болот.

Окуялардын хронологиясын түзүп жатып, авторлор ар кайсы деңгээлдеги бийлик өкүлдөрүнүн иш-аракеттерин да тизмектешкен. “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова мындай дейт.

- Апрель окуясы, андан кийинки учурлар ошол кездеги өткөөл бийликке абдан оор болду. Ошондой болсо да тарыхый көрүнүштөр булардын ыкчам, жакшы иштерди учурунда жасай албаганын далилдеп жатат. Аны өздөрү да айтышкан. Мисалы, Роза Отунбаева "колумдан келген мындан да башка иштерди жасасам болмок, бирок жасай албай калдым" деп айткан. Ага да ар кандай себептер болду. Бирок Кыргызстанда иштеген бийлик дайыма жоопкерчилигин ойлош керек. Бул отчеттор да экинчи мындай кайталанбасын деген максатта жасалып жатат.

Ал эми аталган отчеттун алгачкы долбоору кыргыз бийликтерине таанышуу үчүн жыл башында берилген. Буга чейин июнь окуясы боюнча эл аралык, улуттук жана парламенттик комиссиялар өз бүтүмдөрүн чыгарган болчу. Мындан тышкары, Акыйкатчы институту жана башка жергиликтүү, ошондой эле эл аралык укук коргоо уюмдары өз баяндамаларын жарыялашканы белгилүү.
XS
SM
MD
LG