Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:00

Июнь коогасы боюнча эл аралык комиссия корутундусун жарыялады


Эл аралык комиссия төрагасы Киммо Килюнен
Эл аралык комиссия төрагасы Киммо Килюнен

Түштүктөгү былтыркы окуялар боюнча эл аралык комиссиянын корутундусу жарыяланды.

Эл аралык комиссиянын миссиясы түштүктөгү былтыркы июнь окуяларын калыс иликтеп жана жарашуу жараянына көмөктөшүү, - деп билдирди былтыркы коогалаң боюнча корутундуну 3-майда жарыялаган эл аралык комиссия төрагасы Киммо Килюнен. Ал июнь окуяларын аскердик кылмыш же геноцид эмес деп билдирди. Бирок айрым жагдайларды адамзатка каршы кылмыш деп баалоого болорун айтты.

Эл аралык комиссия 700дөй интервьюну, документтерди окуп, миңден ашык сүрөттөрдү иликтеген экен. Килюнен этностор аралык кагылышка алып келген окуялар 7-апрелден кийин башталганын, анткени ошол убакта өлкөдө саясий боштук пайда болгонун, ушундан улам кээ бир өзбек тектүү лидерлер өзбек коомчулугун жандантып, чечим кабыл алууга аралаштырууга далалат жасаганын белгиледи.

Июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен 3-майдагы маалымат жыйынында кыргыз бийлиги комиссия берген сунуштарды ишке ашыруу максатында атайын топ түзгөнү жатканын билдирди. Анын айтымында, расмий Бишкек корутундунун айрым жерлерине макул эмес жана каршы пикирлери бар. "Бирок берилген сунуштардын көпчүлүгүн колдойт", - дейт Килюнен.

Эл аралык комиссиянын корутундусуна ылайык, июнь кагылышында курман болгондордун 74 пайызын жана сот жообуна тартылып жаткандардын 80дей пайызын өзбек тектүү жарандар түзөт. Июнь коогасында 470ке жакын адам набыт болгон.

“Убактылуу кармоочу жайларда кыйноолорго байланыштуу аракеттер орун алганы тууралуу далилдер бар. Бул өтө олуттуу учур. Коогалаң маалында саясий жоопкерчилик өтө чабал болчу, бирок ар бир өкмөттүн милдети - өз жарандарын коргоо. Ал эми Кыргызстандын өкмөтү бул милдеттемени аткарган эмес. Куралдуу күчтөр кырдаалды көзөмөлдөө үчүн тиешелүү көрсөтмөлөрдү алган эмес жана туура эмес колдонулган. 2 миңден ашуун аскер болгон, бирок алар коопсуздукту камсыз кылууга тартылган эмес”, - деди Киммо Килюнен.

Эл аралык комиссия чукул арада жасалма камакка алууларды жана кыйноолорду токтотууну сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG