Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Июнь коогасына үч жыл


Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Тынчтык коңгуроосун" кагууда. Ош, 10-июнь, 2013.
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Тынчтык коңгуроосун" кагууда. Ош, 10-июнь, 2013.

Ошто кооганын үч жылдыгы курман болгондорду эскерүү жана ынтымакташуу иш-чаралары менен белгиленди.

Мындан 3 жыл мурунку кандуу окуяны эскерүү иш-чарасы шаардагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык эстелигине гүл коюп, куран окуу менен башталды. Андан ары атайын 2010-жылкы коогалаңдан жабыр тарткандарга арналып курулган комплекстеги “Тынчтык коңгуроосу” кагылды.

Шаарда мындан башка кичирайондордо, кварталдарда жана маалелерде да окуядан набыт болгондор эскерилип, достошуу иш-чаралары өттү.

Анар кичирайонундагы “Арзуу” кафесинде болсо, июнь окуясында жакынынан айрылып, көп кабаттуу үйдө өзбек-кыргыз болуп аралаш жашап аткандар чогулган. Алардын бири Розахан Касымова мындай дейт:

- Кудай кааласа баардыгы жакшы болуп калды. Ушул бойдон эле калсын. 2010-жылдагыдай жаман күн эч бир адамга келбесин. Азыр аралашып, баарыбыз чогуу жашап атабыз. Жыл сайын минтип окуядан жабыр тарткандарга тамак-аш кылып, каза болгондорго куран окуп, эстеп турганы бийликтин дурус жөрөлгөсү.

Квартал башчысы Тиленбай Акматбеков болсо, айрым капачылыктарды эске албаганда элдин маанайы жакшы дейт:

- Баары жакшы эле. Элдердин мамилеси, кыргыз-өзбек карым-катышы, жашоосу дегендей, мурдагыдай дух пайда болуп калды. Эки улут тең жаңжалдын эч кимге кереги жоктугун түшүндү. Сен-мен, андай-мындай деген сөз жок. Болгону эми ошо жакындарын жоготуп алгандар, үй-жайынан ажырап калгандардын көкүрөктөрүндө аз-маз дарт бар, таарыныч бар.

Эскерүү иш-чарасына катышкан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз бийлиги мындай окуя тарыхта экинчи кайталанбашы үчүн колунан келген аракеттерин жасаарын айтты:

- Ушул мүнөттөрдө баарыбыздын жүрөгүбүздө мындан 3 жыл мурдагы окуянын азаптуу күндөрү турат. Аны биз көкүрөк толтобуз менен сезип олтурабыз. Мезгил бизди канчалык ошол күндөрдөн алыстаткан сайын, биз ошончолук тынчтыктын баасын, ынтымактын, достуктун, биримдиктин кадырын ошончолук түшүнөбүз. Элдерди достоштурууга, кырдаалды жөнгө салууга, имараттарды кайра калыбына келтирүүгө бийлик колунан келишинче иштерди жасады. Өкмөтүбүз мындан ары да калыбына келтирүү иштерин жүргүзө бермекчи.

Ал эми Ош шаар мэри Мелис Мырзакматов аймакта кырдаал толугу менен калыбына келгенин белгиледи:

- Иш жүзүндө шаарды калыбына келтирип бүттүк. А бирок жүрөктөгү жараны дарылоо, идеологиялык багыттагы иштер жүрүп жатат. Мен бир гана нерсени сиздерге баса белгилеп кетким келет, быйыл Ошко инвесторлор келе баштады. Чет жактан келишип, шаарга миллиондогон акчасын жумшап жатат. Ушунун өзү негизи стабилдүүлүк орноду, мындан кийин тынчтык болот дегендин белгиси же барометри катары карасак болот.

Канткен менен Ош коогалаңына саясий баа берилип, ага айыптуулар толук жазасын алмайын кандуу окуяны унуткаруу жана мамилелердин ордуна келүүсү кыйын дегендер да бар:

- Ош коогалаңын унутуп койгусу келгендер ошол тополоңдон беш күн өткөндөн кийин эле анын баарын эсинен чыгарып коюшту. Ал эми бул коогалаңды унутпай тургандар, эч качан унутпайт. Анткени алардын туугандары, биринин атасы, биринин апасы, биринин уулу же кызы каза болуп калды. Жабыр тарткандардын эң биринчи талабы ушул окуяга саясий баа берүү болчу. Коогалаңдын арты бозомук. Акты ак, караны кара деп чекит коюлушу керек. Экинчи талабыбыз, ошол жабыр тарткандардын баары улутуна, тегине, социалдык абалына, тааныш-билишине, акчасына карабай бирдей каралсын деген талап болчу. Анткени баары жабыр тарткандар, бардыгы сыздагандар, бардыгы тегиз болушу керек. Бийлик ушул жактарынан чабалдык кылды, -дейт коогалаңда каза болгондордун жакындары түзгөн “Ош шейиттери” уюмунун төрайымы Тургунайым Айтиева.

Ал өзү да июнь окуясында уулун жоготуп, 3 жылдан бери жүрөгү сыздап жүрөт:

- 63 жашка чыктым. Тополоң болгондо 60ка чыккан элем. 60 жылдык өмүрүм менен 3 жылдык өмүрүм бирдей болду. Мен ушунчалык чоң сабак алдым. Эң чоң үйрөнгөнүм, биринчиден элдин эстүүлүгүн түшүндүм, баары бир эл деген эл экен. Экинчиден бийликтин, чиновниктердин өзүм билемдик менен каалаган иштерди жасай бере турганын, эси жоктугун, элди уруп ойнобой турганын билдим. Карапайым эл бир бөлөк, бийлик башындагылар бир бөлөк, алар чыгарган мыйзамдар өзүнчө бир бөлөк ар-ар жерде жатып калыптыр. Эгерде ушул 3 нерсе мындан кийин деле биримдикте болбосо, тынчтык, ынтымак, достук эгерим болбойт экен.

2010-жылы 10-июнда Ошто улуттар аралык жаңжал тутанып, анда 400 ашуун киши набыт болгон. Ондогон адамдар бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Жаңы курулган үйлөрдөн каза болгондордун жакындарына батир берилгени менен, дагы миңдей адам турак-жайдан жардам ала элек.

Адистер коогалаң боюнча кылмыш иштердин жакшылап иликтенбей жаткандыгын айтып келатышат.


Ошто июнь коогасы эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG