Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Акыйкатчы шайлоо акыйнек менен башталды


Акыйкатчылыкка жаңыдан шайланган Турсунбек Акун интервью берүүдө. 14-февраль, 2008.
Акыйкатчылыкка жаңыдан шайланган Турсунбек Акун интервью берүүдө. 14-февраль, 2008.

Акыйкатчылыкка талапкерлердин арызын кабыл алуу мөөнөтү 3-декабрда бүттү. Азыркы акыйткатчы Турсунбек Акун болсо талапкерлер мөөнөтүнөн эрте тандалып жатканын айтып чыкты.

Ал эми башка укук коргоочулар бул кызматка талапкерлерди кабыл алуу тиешелүү мыйзамдын эмес, парламент чыгарган регламенттин негизинде кабыл алынып жатканына нааразы.

Кыргызстанда омбудсмендин алдыдагы шайлоосу азыртан эле мыйзамдык ары тартыш-бери тартыш менен башталды. Мыйзамга ылайык, акыйкатчынын мөөнөтү аяктаганда иштеп баштаган күнүнөн бир ай мурда жаңысы шайланыш керек.

Парламент талапкерлердин арызын кабыл алууну 3-декабрда токтотту. Азыркы омбудсмен 14-февралда шайланып, 21-февралда ант берген. Андыктан Турсунбек Акун омбудсмен 21-январда шайланыш керек деп эсептейт .

- Жогорку Кеңештин адам укуктары боюнча комитети 14-февралда Турсунбек Акундун мөөнөтү бүтөт, анан 14-январга чейин акыйкатчыны шайлап бүтүш керек деп жатат да. А менин мөөнөтүм 21-февралда бүтөт. Али шайлаганга декабрь, январь бар алдыда. Парламент элдин баарын дүрбөтүп эрте жарыялап жатпайбы, ажиотаж кылыш керек да.

Ал эми парламенттин адам укуктары боюнча комитети акыйкатчынын ант берген күнүнөн эмес, шайланган күндөн тарта эсептеп жатышканын билдирди. Ошондо да акыйкатчыны шайлоо азыртан 14-февралга чейин созулат экен.

Акыйкатчы тууралуу мыйзамда аны саясий партиялар, коомдук уюмдар жана президент сунуштайт деп жазылган. Бирок жаңы конституцияда президенттин мындай укугу жок.

Талапкерлер мыйзам боюнча дароо парламентке сунушталмак. Азыр алар алгач фракцияларга тапшырылат экен. Тогуз коомдук уюм тарабынан акыйкатчылыкка талапкерлиги көрсөтүлгөн укук коргоочу Азиза Абдрасулова жаңы эрежеге нааразы болуп жатат.

- Мен коомдук уюмдан мага берилген көрсөтмөлөрдү фракцияга берет экенмин. Коомдук уюмдар сунуштаган талапкерди фракция кааласа парламентке сунуш кылат экен, кааласа кылбайт. Бул фракциялардын укугу болуп калыптыр.

Бул Жогорку Кеңештин чыгарган регламентине ылайык эреже. Акыйкатчыны тандай турган парламент өз регламентинин негизинде иштегенге укуктуу. Анын үстүнө баш мыйзам менен профилдик мыйзамдын ортосунда карама-каршы жерлер бар.

Жогорку Кеңештин адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Эркинбек Алымбеков талапкерлердин фракциянын элегинен өтүү принцибин мындай түшүндүрдү:

- Күчтүү, кесипкөй талапкерлердин фракциядан парламентке өтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Фракция десе эле өзүнүн мүчөлөрүн чыгара берет деген түшүнүк бир чети туура болсо, бир чети туура эмес. Анткени алдыда дагы шайлоолор бар, фракциялар да коомдун колдоосун алууну ойлонот. Бул жерде стратегиясын ойлогон фракциялар коомдук уюмдун күчтүү өкүлү менен иш алып барса, алардын келечеги жакшы болот деген концепция жатат.

Анда коомдук уюмдардан сырткары саясий партияларга өзүнөн өзү бут тосулуп калат десе болчудай. Фракциялар башка партиянын өкүлүн өткөрүүгө кызыкдар болбос.
Азырынча омбудсмендин ордуна ким, канча талапкер сунушталганы белгисиз.

Кыргызстандын азыркы акыйкатчысы Турсунбек Акун 2008-жылы парламент тарабынан 5 жылга шайланган. Мыйзам боюнча өлкөдө кандайдыр бир аскердик же өзгөчө абал болгон учурда да милдети токтобогон орган болуп эсептелет. Турсунбек Акун 2010-жылы алмашкан бийликке “мен жалгыз мыйзамдуу органмын” дегени эсиңиздерде бар чыгаар. Ага чейин бул кызматты биринчи болуп азыркы депутат Турсунбай Бакир уулу аркалаган.

Акыйкатчы бардык орган жана кызматтардын алдында адам укуктарын коргоо милдетин алган, парламентке эсеп берген, мөөнөтү бүткөнчө кол тийбестик статусуна ээ болгон конституциялык орган. Ал эң көп эки мөөнөткө шайлана алат. Турсунбек Акундун талапкерлигин бул жолу “Замандаш-Современник” партиясы көрсөттү.

XS
SM
MD
LG