Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

АКЫЙКАТЧЫГА АРЫЗ-АРМАНДАР ТОЛТУРА


Бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысы өлкөдөгү бейөкмөт жана укук коргоо уюмдарынын жетекчилери, укук коргоочулар менен жолугушту. Анда адам укугун коргоо жаатында кызматташуу жана акыйкатчы институтунун ишин жакшыртуу маселелери талкууланды. Акыйкатчы Турсунбек Акун адам укугун жана сөз эркиндигин коргоо жаатында, мыйзамдардын сакталышын камсыздоодо жарандык коом менен чогуу иш алып барарын билдирди.

Укук коргоочулар адам укугун коргоо жаатында мындан ары чогуу иш алып баруу ниети үчүн акыйкатчы Турсунбек Акунга ыраазылык билдирип, азыркы учурда Кыргызстанда адам укугунун , сөз эркиндигинин жана мыйзамдардын сакталышынын аксап жаткан жактарына токтолушту.

“Бектемир Акунов” атындагы коомдук уюмдун жетекчиси Калыбек Акунов акыйкатчынын көңүлүн ички иштер кызматкерлеринин колунан каза тапкан жарандардын саны арбыганына бурду.

Өткөн жылы апрель айында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө каза тапкан Бектемир Акуновдун өлүмү коомчулукта кызуу талкууну жаратканы менен ички иштер тармагынын жетекчилеринин көңүл сыртында кала берүүдө, дейт Калыбек Акунов:

-Былтыртан бери Нарындагы ИИБнын камоочу камерасында үч киши каза болду. Жакында эле 14-февралда дагы бир он сегиз жаштагы Адилет аттуу жигит табышмактуу өлүм менен өлдү. Бул иштерге тиешеси бар милиция кызматкерлерине эч кандай чара колдонулбай, жоопкерчиликке тартылбай жатат да. Мына бир жылга жакындап калды, эмдигиче Бектемир Акуновдун өлүмү тууралуу оң маалымат ала элекпиз.

Жеке адамдардын арыз-муңунан тышкары Акыйкатчы институту өлкөдөгү болуп жаткан масштабдуу кылмыштарга да көңүл бурса деген тилектерин билдиришти укук коргоочулар. Алар акыйкатчыны пикет-митингдерди эркин уюштурууга тыюу салган Бишкек шаардык кеңешинин чечимин жокко чыгарууга, өткөн жылдын декабрь айындагы парламенттик шайлоо учурунда мыйзам бузган аткаминерлерди, БШК жетекчилигин жоопко тартууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын пикиринде Акыйкатчы институту адам укугунун көйгөйлөрүн чечүүдө жарандык коом менен чогуу иш алып барса, жакшы жемишин бермек:

-Өткөн парламенттик шайлоодо шайлоочулардын укугу бузулду. Экинчиден БШК шайлоонун жыйынтыгы тууралуу расмий маалыматын жарыялай элек. Буга байланыштуу биздин уюм БШКны сотко берип атабыз. Биз шайлоодогу мыйзам бузууларга, аларга көз жуумп койгон БШК жетекчилигине көңүл буруп койсо деп ойлойбуз. Биздин тилегибиз, үмүтүбүз – акыйкатчы көп маселелерди чечүүдө биз менен чогуу иш алып барса, жакшы натыйжаларга жетише алабыз.

Динара Ошурахунованын пикирин акыйкатчы Турсунбек Акун колдоого алды. Анын айтуусунда бүгүнкү тегерек үстөл да коомдук уюмдар менен тыгыз байланышта иштөө максатында чакырылган:

-Акыйкатчы институту ачык болууга тийиш. Эң биринчи коомдук уюмдар, адам укугун коргоо боюнча иштеген коомдук уюмдар менен чогуу иш алып барышы керек. Анткени жалгыз акыйкатчы эчнерсеге жетише албайт, анын үстүнө булардын тажрыйбасы чоң, эл арасында жүрөт, көйгөйлөрдү билет.

Акыйкатчы институту адам укугун, сөз эркиндигин коргоо жана мыйзамдардын сакталышын камсыздоо боюнча өкмөт менен президентке да жардам берүүгө тийиш, деп эсептейт “Атуулдук коом коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова:

-Бүгүнкү күндө Акыйкатчы институту адам укугун коргоо жаатында өкмөт менен президентке толук кандуу жардам бериши керек. Анткени эл аралык жана Кыргызстандагы адам укугунун жана эркиндигинин сакталышы боюнча түзүлгөн механизмдер мыйзам ченеминде жакшы, толук кандуу иштөөгө тийиш. Сөз эркиндиги да сөзсүз түрдө калыбына келтирилиши керек.

Бүгүнкү тегерек үстөлгө катышуу үчүн маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана сөз эркиндиги боюнча иш алып барган коомдук уюмдардын өкүлдөрү чакырылган эмес. Турсунбек Акундун айтуусунда Акыйкатчы институту сөз эркиндигин көңүл сыртында калтырат, дегенге жатпайт:

-Маалымат каражаттары жана сөз эркиндиги менен иш алып барган лидерлер менен өзүнчө сүйлөшөбүз. Анда Акыйкатчы институту пресса менен кандай иш алып барат, сөз эркиндигинин абалы, мына ушуларды талкууга алабыз, - деп убада берди Турсунбек Акун.

Акыйкатчы институту кыргызстандыктардын укугунун жана эркиндигин көзөмөлгө алуучу мамлекеттик орган болуп саналат. Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына Жогорку Кеңеш тарабынан 14-февралда укук коргоочу Турсунбек Акун шайланган.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG