Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Исмаил Исаков Улуттук комиссияны сотко берет


Исмаил Исаков Жалал-Абад шаарында чогулган элдин алдында сүйлөп жатат, 2010-жылдын 22-майы.
Исмаил Исаков Жалал-Абад шаарында чогулган элдин алдында сүйлөп жатат, 2010-жылдын 22-майы.

Исаков Улуттук комиссиянын “күч түзүмдөрү июнь каргашасын алдын алууда тиешелүү чараларды көргөн эмес” деген бүтүмүн негизсиз деп атады.

Мурдагы коргоо министри, ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков июнь окуяларын иликтеген Улуттук комиссияны сотко берээрин 17-январдагы маалымат жыйынында айтып чыкты.


Исмаил Исаков эмнеге нааразы?


Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков маалымат жыйынында июнь окуяларын иликтеген Улуттук комиссиянын күч түзүмдөрүнө карата айткан сыны менен макул эместигин билдирди. Анын айтымында “алдын-ала чара көрбөгөн” деген жалаа негизсиз жана туура эмес. Тескерисинче апрель окуясынан бери күч түзүмдөрү согуштук абалда иштешкен. Кандуу окуяларды жайгаруу үчүн колдон келген, болгон аракеттери жумшалган.
Оштогу коогалуу күндөр, 2010-жылдын 11-июну

Исаков комиссиянын мындай бүтүмүн жалган жалаа жана каралоо катары сыпаттап, мындан улам комиссияны сотко берерин белгиледи:

- Менин оюмча, Улуттук комиссиянын жыйынтыгы эки нерсеге көмөктөш болгону ачык көрүнүп турат. Биринчи, Убактылуу өкмөттүн эл үчүн кабыл алган чечимдерин жокко чыгаруу. Экинчиден - эң тажрыйбалуу, чечкиндүү жетекчилерге негизсиз жалаа жаап, саясий аренадан четтетип, жаңы бийликти тамырлатып, эл үчүн таза коом курабыз деген команданы алсыздандыруу. Комиссия эки бийлик системасынын ортосунда айыгышкан күрөштү эске албай, Ош окуясынын айланасындагы улуттук кагылыштардын негизинде бир жактуу чечимдерин чыгарыптыр. Ошондуктан мен өзүмдүн аброюма доо кетирүүчү “Ош окуяларында улуттук кагылышууну болтурбоо үчүн алдын-ала чара көрбөгөн” деген күнөөнү четке кагуу менен комиссиянын чечимин негизсиз деп сотко беремин.

Өз сөзүндө Исаков Улуттук комиссия көп иш кылганын, анын 2010-жылы июнда Ош, Жалал-Абадда болуп откөн окуялар боюнча чыгарган бардык тыянактарын четке какпай тургандыгын, айрым маалыматтар туура экендигин дагы айтып өттү.

Июнь окуяларын иликтөөгө алган Улуттук комиссия ушул жылдын 11-январда өз жыйынтыгын чыгарып, анда күч түзүмдөрү кандуу кагылышууну алдын албаганын сындаган болчу. Ошондой эле убактылуу өкмөттөгү күч түзүмдөрүнүн мурдагы куратору Азимбек Бекназаровдун, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун жана мурдагы ички иштер министри Болот Шердин аракеттерине саясий баа берүү маселеси көтөрүп чыккан эле. Мындан сырткары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Ош менен Жалал-Абад облустарынын губернаторлорунун жана Ош шаарынын мэринин кызмат орундарына шайкештигин караштыруу сунушун мамлекет башчысына багыттаган эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев бул бүтүм боюнча эске ала турган көп маселе бар экендигин айтып, толук пикирин билдирүүдөн баш тартты:

Кеңешбек Дүйшөбаев
- Эми Улуттук комиссиянын бүтүмү менен таанышып чыктым. Ал боюнча суроолор абдан көп. Жакынкы күндөрдө Жогорку Кеңеш өз сессиясында бул маселени караганы жатат. Бул маселелер каралгандан кийин дагы буга кайтып келебиз. Жеке пикиримди айтпай турайын. Анткени бул Улуттук комиссиянын корутундусу.


Улуттук комиссиянын жыйынтыгы боюнча суроолор көп


Ошентип июнь окуясын иликтеген Улуттук комиссиянын жыйынтыгы чыккандан бери ага карата коомчулукта ар кыл пикирлер айтылып келет. Ал түгүл коогага байланыштуу Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө катуу сын айтылып, кай бирлери эскерилбей калганына таң калган байкоочулар бар.

Комиссия төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, каргашаны алдын алууда күч түзүмдөрү чечкиндүү чараларды көргөн эмес. Мисалы өткөн жылдын май айындагы ар кыл толкундоолордон кийин коменданттык саат калтырылышы керек болчу. Мындан сырткары “июнь окуясында коопсуздук үчүн күч түзүмдөрү жоопкерчиликтүү болгондуктан көбүрөөк сын аларга айтылган” деди Эркебаев.

Абдыганы Эркебаев
- Бул комиссиянын чыгарган тыянагы. Ар бир сөз үчүн биз жооп бергенге даярбыз. Анан айтайын дегеним, ал жерде бирөөнү кызматтан кетир же бирөөнү жок кыл деген эч кандай бүтүм жок. Кеп ошол “күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин саясий жоопкерчилигинин ченеми канчалык, барбы, жокпу” дегенди карап көрсүн деген эле сунуш бар. Менимче, эгер адам өзүн-өзү сын көз менен карай билсе, эмоцияга алдырбай туура кабыл алыш керек болчу.


Талдоочу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, июнь окуясына байланыштуу мамлекеттик түзүмдөргө айтылган сын-пикирлерди түшүнүү менен кабыл алуу керек:

- Бул өтө ишенимдүү адамдардан түзүлгөн комиссия болуп жатат. Көпчүлүк министрлер чычалабай, болгон ишти мойнуна болушунча алып, же болбосо соту жок эле элдин алдына өзүнүн көз карашын айтышы керек болчу.

Улуттук комиссия өз жыйынтыгында июнь окуяларынын чыгуу себептерин 7-апрелден кийинки мамлекеттик бийликтин алсызданышы жана түрдүү күчтөрдүн баш көтөрүшү менен түшүндүргөн. Мындан сырткары кырдаалды көзөмөлдөөгө багытталган 22 пункттан турган атайын сунуштарды иштеп чыгышкан. Анда күч түзүмдөрүнүн сандык жана сапаттык абалын жакшыртуу, улуттар аралык ынтымакты орнотуучу саясатты иштеп чыгуу жана коопсуздукту бекемдөө боюнча иш-чаралар камтылган.

XS
SM
MD
LG