Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Азап менен табылган миллиард


Москвадагы кыргыз мигранттары
Москвадагы кыргыз мигранттары

Орусияда мигранттарга кол салуулар күч алып жаткан менен бул жакка бет алган кыргызстандык мигранттардын агымы басаңдабай турганын байкоочулар белгилөөдө.

Балыкчыдагы Максат аттуу жигит дагы башкалардан кем калбай, Орусияга кетүүгө камданып жүрөт. Үйүндө иштей турган иши деле бар, бирок ал жерден тапкан акча менен бутуна турарына көзү жетпейт. Бара турган жагы Россиянын Сибирь аймагы, Иркутск шаары. Бул жакта карындашы жана күйөө баласы жети жылдан бери иштейт.

Ишенгени ошолор, тосуп алып, иш таап бергенге жардам беришет. Ошондуктан союп кетти, сабап кетти, алдап кетти деген суук кабарлар келип жатса да тобокел деп барып иштеп келүүгө көңүлдөнүп жүрөт.

- Эгер бул жакта жакшы жумуш болсо, ким эле кеткиси келсин. Азыр айыл жеринен көп кетип жатышат, эки-үч жыл иштеп, акча таап бутка туруп алалы,-дейт Максат.

Алишердин артында аялы жесир, эки баласы жетим калды
Жакында эле Москванын өзүндө скинхеддер союп кеткен Ноокат районунун тургуну Алишер Шамшиевдин сөөгүн алып келишти үйүнө. Жыл башынан бери орус жеринде киш колдуу каза тапкандардын саны бир эле Ош облусунан ушуну менен он эки адам болгону айтылууда.

Москвада жана башка чоң шаарларда скинхеддердин кысым-зордугу күчөп жатканы уул-кыздары орус жеринде жүргөн үй-бүлөлөрдү сарсанаага салууда.

Орусияга кишиси кетпеген үй-бүлө аз Кыргызстанда. Биринин күйөөсү, биринини аялы, экинчи бирөөнүн баласы же кызы, үчүнчү бирөөнүн бир тууганы бөтөн жакта жан сактап, иштеп жүрөт.

Москвадагы Казан вокзалындагы кыргыздар
Бишкекте жашаган Күлипа айымдын эс-дартынын баары соңку күндөрү Москвада иштеп жүргөн сиңдиси Салимада болуп калды.

Кыргызстандык бир жаранды ээленген топ бала тытмалап өлтүрүшкөнүн уккандан бери жаны жай албайт. Чыдабай сиңдиси менен сүйлөшүп, аны балдары менен аман-эсенинде үйгө кайтууга дагы бир жолу үндөп чыкты.

-Эки баласы менен иштеп атат. Айттым, бул Кыргызстанда жашап жүргөндөр талаада калыптырбы, эки-үч миң менен деле оокат кылып атышат, келгиле айланайындар десем макул болгон. Чыдабай кайра чалып сүйлөшсөм, Москвадан алган акчаны Кыргызстандан таба аламбы деп келгиси жок. Эми ал жактагы окуяларды уксаң, төбө чачың тик турат,-деди Күлүйпа айым "Азаттыкка".

Кулипа айымдын сиңдиси Салима Москвада бир кафеде идиш жууп иштейт. Кысынып кыйналбай иштейин деп орус жарандыгын алып, эки баласын алып барып алган. Бирок балдарын бала бакчага берип, туруктуу иштеп, жай турмуш күтсөм деген тилеги орундаларына көзү жетпей баратат.

Биз менен телефондон сүйлөшкөн Салима Москванын өзүндө мигранттарга болгон жек көрүү сезими күч экенин, соңку күндөрү жанды оозго тиштеп эле күн өткөрүп жатышканын айтты:

- Декабрдын башында бир фанат өлдү дегенден бери бизде тынчтык жок. Жумушка да барбай калдым, үйдөн чыкпай эле, тааныштарга чалып, эч жакка чыкпа, үйдө болсоң - үйдө бол, жумушта болсоң -жумушта кал деп эскертип жатабыз. Киевский метродо, Третьяковский жана Рижский метролорду жаап, күнөөсүз эле 150 адам жабыр тартты деп кечээ кечки жаңылыктардан айтты. Күнөөсүз эле өзбек, тажик, кыргыздар. А кагылышкандар кавказдыктар менен орустар. Жалпысынан эле бизди черныйлар деп кууганы кууган.

Өзгөчө орус жеринде иштеп жаткан кыз-келиндердин кейиштүү тагдыры кийинки учурда кыргыз коомчулугун беймаза ойго салууда. Ар кандай кылмыштуу чөйрөнүн торуна түшүп, алданып, зомбулукка кабылып жаткан кыздар таштап кеткен балдар бир эле Москвада жүздөн ашып, улам көбөйүп жатканы чоң сөз болуп келатат.

Эмгек жана миграция министрлигинин эсеби боюнча Орусия да жашап иштеп жүргөн кыргызстандыктардын расмий саны 385 миң. Бирок расмий эмес маалыматтарга караганда орус жерин пааналаган алатоолук мигранттардын саны миллионду чапчыйт.

Эмгек жана миграция министри Рыскулованын баамында, утур-утур кооптуу окуялар болуп жатканына карабастан, Ала-Тоодон орус жерине көздөй агылган мигранттардын толкуну жакында басаңдашы күтүлбөйт. Анткени Россияга бараткандар виза алышпайт, орус тилин эптесе да сүйлөйт. Ошондуктан он миңдеген кыргызстандыктар Орусияга барып иштеп, үй-бүлөсүн багып жатат.

- Эгерде таптакыр эле жаман болсо баары келе берет эле да. Ошерде бизнесмен болуп, байып, бала-бакыралуу болуп, машиналуу болуп иштеп жүргөндөр көп. Новосибирскиби же Красноярскиби, бир кыргыз жигит барып иштеп атыптыр, айлыгы эки миллион рубль экен. Жогорку квалификациялуу адис экен деп жарандыгын дароо беришиптир. IT технология, банк боюнча барып иштеп жаткан адистер бар, ошол жерде окуп калып калгандар да көп, -дейт Айгүл Рыскулова.

Эмгек жана миграция министрлигинин эсеби боюнча 2009-жылы Россиядагы мигранттар үйүнө жиберген каражаттын көлөмү 900 миллион доллар болгон.

Быйылкы тогуз айдын көрсөткүчү эле бир миллиард долларга жетти. Бул өлкөнүн бүтүндөй бюджетине барабар каражат.

Ошондуктан Кыргызстандын ичиндеги экономика тыңымайынча өлкөнүн калкынын калдайган бөлүгү санаасы тынса-тынбаса да сыртка кеткен мигранттардын жардамы менен жашоо улаганы улаган.

XS
SM
MD
LG