Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Дунгандар тууралуу тасма көрсөтүлдү


Дунгандардын Караколдогу мечити кооздугу менен айырмаланат
Дунгандардын Караколдогу мечити кооздугу менен айырмаланат

Германиядан келген режиссер кыргызстандык жана кытайлык дунгандардын тарыхы, каада-салттары менен жашоо-турмушун чагылдырганга аракеттенди.

Кино үйүнүн башкы залында алма түшөргө жер жок – ар курактуу дунгандар отуруп да, туруп да өздөрү жөнүндө тасма көрүп атышат. Бул учур алар үчүн абдан маанилүү, анткени бул дунгандар жөнүндө тартылган алгачкы тасма. Советтер союз убагында алар жөнүндө 10 мүнөттүк кыска метраждуу фильм тартылыптыр, бирок негедир аны эл көрбөптүр.

Бул жерде болсо “Дунгандар. Белгисиз элдин турмушунан” аттуу 44 мүнөттүк даректүү тасмада дунгандардын тарыхы, каада-салттары, Кыргызстанга көчүп келиши, Кытайда жана бул жерде турган дунгандардын жашоо-турмушу жөнүндө анын автору Цунваз Арбуду көрсөткөнгө аракеттенген.

Цунваз Арбуду
Цунваз Арбуду
- Эмне үчүн ушундай тасманы тартууну чечтим? Бир жолу интернеттен дунгандар жөнүндө репортаж көрдүм. Кабарчы дунган аялдан "эмне үчүн силер мусулмансыңар? Эмне үчүн кытайларга окшошсуңар? Тарыхыңар кандай" деп сураганда, аял кыйналып, чала-була сүйлөп, суроолорго так жооп бере албады. Ойлонсом, мен өзүм деле көптү билбейт экенмин. Анан ушул себептен тасма аркылуу өзүмдүн элим жөнүндө айтып берейин дедим.

Арбуду тарыхый маалыматтарды Кытай менен Орусияда сакталган китептерден казып, съемкаларды 2011-жылдын аягында Чүй облусунун айылдарында турган дунгандардан баштады. Андан кийин Кытайга барып, ал жактагы дунгандар менен жолугушуп, тартуу ишин 2012-жылдын жайында бүтүрүп, анан жылдын аягына чейин монтаждаптыр.

Киносынчы Гүлбара Төлөмүшованын айтымында, Совет союзу убагында дунгандар жөнүндө 10 мүнөттүк тасма тартылып, бирок кеңири белгилүү болгон эмес.
Киносынчы Гүлбара Төлөмүшованын айтымында, Совет союзу убагында дунгандар жөнүндө 10 мүнөттүк тасма тартылып, бирок кеңири белгилүү болгон эмес.
Автор Цунваз Арбуду Бишкекте туулуп, филолог кесибине ээ болуп, 1993-жылы Германияга көчүп кеткен. 2000-жылдары режиссерлор менен кокустан таанышып, аларга сценарий жазып, киноискусство дүйнөсүнө аттанган.

Кино сынчы Гүлбара Төлөмүшова Арбуду менен 2010-жылы Швейцариядагы кинофестивалда таанышкан. Анын айтымында, бул дунгандар жөнүндө уникалдуу тасма.

- Кытайда жашаган дунгандардын жери өзүнүн кайталангыс кооздугу менен таң калтырды. Дунгандар ал жакта мечиттери, аялдары жолук салынып жүргөндөрү менен дароо өзгөчөлөнүп турушат экен. Анан ал жактагы дунгандар биздикилерге караганда заманбап го деген таасир калтырды, анткени эл өңү-түсү менен бирдей болсо да, алардын жашоо турмушу башкачараак экен.

Даректүү тасма эки бөлүктөн турат – кыргызстандык жана кытайлык дунгандардын жашоосу. Кытайдын борборунда дунгандардын автономдук району бар, бирок 10 миллиондун тегерегиндеги бул эл жыш отурукташкан эмес.

Ал эми Кыргызстанда болсо дунгандар Чүй облусунун Александровка, Ивановка, Кең-Булун, Милянфан, Искра айылдарында жыш отурукташкан. Акыркы маалыматтарга караганда, Ала-Тоодо 60 миңге жакын дунган жашайт. Кытайда дунгандар ар кандай тармактарда шугулданса, Кыргызстанда көптөрү жер менен алек, бирок алардын арасында мугалим, дарыгер, илимге жана башка тармактарга берилгендер да бар.

Дунган диаспорасынын башчысы Сумар Насиза бул тасма элдин арасында көргөзүлөөрүн айтты.
Дунган диаспорасынын башчысы Сумар Насиза бул тасма элдин арасында көргөзүлөөрүн айтты.
Көрүүчүлөр “Дунгандар. Белгисиз элдин турмушунан” аттуу даректүү тасма жакканын, жалпы маалыматты камтыган фильмден кийин кененирээк чоң тасма болоор деген үмүтүн айтышты. Сөз дунган диаспорасынын башчысы Сумар Насизада:

- Тасма абдан жакшы таасир калтырды. Бул биз жөнүндө алгачкы тасма, анткени мурун тартылган эмес. Кытайдан бул жерге көчүп келгенибиздин 135 жылдыгына арналган. Бизге абдан жакты. Эми бул фильмди биз элибиздин арасында таркатабыз. Баары биздин каада-салттарыбызды, жашоо-турмушубузду көрүшсүн.

Дунгандар жөнүндөгү даректүү тасма Германияда автордун Arbudu filmproduction студиясында монтаждалып, ага 50 миң доллардын тегерегиндеги акча сарпталган. Автор Цунваз Арбуду азыр Орусиянын Биринчи каналында чыга турган сериалга сценарий жазып атат.

XS
SM
MD
LG